ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (5-октябрдан 11-октябрга чейин)

КОЙ  (21.03-20.04)
Аптада компромисске баруудан коркпоӊуз, өзүӊүздү көзөмөлдөөнү да унутпаӊыз. Жумушта иштин көбүн аркалап албай, тиешелүүсүн гана бүткөрүӊүз. Бул чарчап-чаалыгуунун алдын алат. Кимдин өнөкөт муун оорулары болсо, алар козголуп, тынчын алуусу мүмкүн. Апта соӊунда орун алган окуя жеке жашооӊуздун нугун жаӊы багытка бурууга себепкер болот.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Тубаса өжөрлүгүӊүз ийгиликтердин өрүн көздөй жылууга көмөктөшөт. Жумуштарды чала калтырбай, өз убагында бүткөрүӊүз. Өмүрлүк шеригиӊиз жагымсыз сюрприз тартуулап, чырдын чыгуусуна себеп болот. Сиз токтоолук менен гана абалды жөнгө салып кете аласыз. Капчыгыӊыз бош калбасын десеӊиз, бирөөлөр менен мелдешпеӊиз, лотерея оюндарына катышпаӊыз. Достор менен кеӊешиӊиз керек болот.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жашооӊуз бир калыпка түшүп, жаныӊыз жай ала баштайт. Ишкер өнөктөштөр менен тил табышуу жеӊил болот. Бирок өзүӊүздү бош коюп жибербеӊиз, анткени алдыда сизди карьералык тепкичтен көтөрүлүү түйшүгү күтүп турат. Жеке жашооӊузда сүйүктүүӊүзгө көбүрөөк убакыт бөлүӊүз. Жакындарыӊыздын бири жакшылыгын белгилөө үчүн кечеге чакырат. Бул үчүн белек алууӊуз мүмкүн.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Энергияӊыз толкуп-ташып, жаӊы бийиктиктерге умтуласыз. Эгер буга чейин жашооӊузда бир нерселерди өзгөртүүнү каалап жүрсөӊүз, чамдаӊыз, убагы келди. Жакындарыӊыз сизден көмөгүн аябайт. Имиджиӊизди өзгөртүӊүз, ашыкча салмактан арылыӊыз. Одоно сөздөрдү сүйлөп, барктаган адамыӊыздын жан дүйнөсүнө бүлүк түшүрүп, көӊүлүн калтырууга жетпеӊиз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Тынчы жок апта. Пайдалуу таанышууларды жана жол жүрүүлөрдү тартуулайт. Бирок убакытты үнөмдөп, керексиз баарлашууга жол бербөө кажет. Туугандар сизден көп нерселерди талап кылып, кыжырыӊызга тийүүлөрү мүмкүн. Ачууӊузду бирөөлөрдөн чыгарбай, жута билиӊиз. Жашооӊузду жеӊилдетүү максатында тиричилик буюмун сатып алууӊуз ыктымал. Артында кейип калбоо үчүн сапатына көӊүл буруӊуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Теӊтайлаштардын бут тосууларынан сак болуу керек. Иште жаӊы долбоорго киришсеӊиз болот, бирок ар бир кадамыӊыз ойлонулуп ташталышы зарыл. Бойдоктордун кээ бирлери убактылуу мамилелерди түзсө, кээ бирөөлөр мамилелерди өнүктүрүү менен убара болушат. Ашыкча тамактанам деп ичеги-карын ооруларына кабылбоону жылдыздар эскертишет.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Артка жылдырылган иштерди колго алууга убакыт келди. Аларды бүткөрүү үчүн чоӊ суммадагы акча талап кылынышы ыктымал. Эски достордун кээ бири менен байланышыӊыз жанданат. Гардеробуӊузду жаӊыртууӊуз күтүлүүдө. Чала тааныштардын акыл-кеӊешин уксаӊыз, сызга отуруп каласыз дешет жылдыздар. Бош убактыӊызды үй-жайды иретке келтирүүгө арнайсыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада үйүӊүздө көбүрөөк болуу тилеги жаралат. Бул карьерада жаӊылык күтүлбөй, убакытты өзүӊүзгө арнагыӊыз келгенден болушу мүмкүн. Жеке жашоо бир калыпта өтүп, үйдөгүлөр майда жаӊылыктары менен кубантат. Маанилүү маалыматты сынактан өткөн шеригиӊизге гана дайындаӊыз. Философияны, психологияны окуп-үйрөнүү тилегиӊиз болсо киришиӊиз, ылайыгы келип турат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жеке мамилелер жакшы өнүгүп, сизди чоӊ эрдиктерге шыктандырат. Иште жакшы эмгегиӊиз үчүн сыйлыкка татыйсыз. Ийгиликти кубалайм деп жүрүп ачка-ток калууга жол бербеӊиз. Каржылык абалыӊызды жакшыртуу үчүн тобокелчиликке барууга туура келет. Өтө кылдат болбосоӊуз, зыян тартып калуу коркунучу бар.
Үйгө керектүүлөрдү алуу түйшүгү базар күнү күтөт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Апта башында энергияӊыз менен ички туюмуӊуз төмөндөйт. Андыктан маселелерди чечүүнү артка жылдырыӊыз. Бүткөрдүм деген ишти кайра жасап калбоо үчүн ишиӊизди кылдат аткарыӊыз. Апта ортосунда акча тартыштыгы күтүлөт. Бир кезде кимдир бирөөгө жасаган жакшылыгыӊыз ашыгы менен кайтып, ичиӊиз жылыйт. Дем алыш күнү үйүӊүзгө эски тааныштар баш багып, өткөндү эске саласыздар.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Билим менен тажрыйбаӊыз жаӊы иштерди бүткөрүүгө жардамга келет. Болгону эркиӊизди топтооӊуз кажет. Бойдокторго болочок түгөйүн табууга мүмкүнчүлүктөр чыгат.
Эӊ маанилүү деп эсептеген жумушуӊузду бейшемби, жума күндөрү бүткөрүүнү пландасаӊыз, жыйынтыгы сиз ойлогондой болот. Жоготкон буюмуӊуз да табылуусу мүмкүн. Айтылган акыл-кепке арданбай, моюн сунганыӊыз туура.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Кээ бирлерге жашоо кунарсыз, кызыксыз сезилип турган кези. Бул иштеги кагылышуулар жана жеке жашоодогу майда көйгөйлөрдөн улам болушу ыктымал. Көӊүлүӊүздү чөгөрбөӊүз, бул өтүп кетчү нерсе, анын үстүнө сизди колдоочулар табылат. Дем алыш күндөрү кышка даярдык көрүп, бир топ иштерди бүткөрөсүз. Сиз күтпөгөн жактан акча келип, пландаган нерселериӊизди алууӊуз мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 674, 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан