«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев азыр толкундун кырында. Ал учурда гезит, радио, телевидениелердеги башкы каарман. Өлкөнү түрө кыдырып, эл менен түз баарлашып жүрөт. Ошондуктан ага болгон суроолор да көп. Биздин кабарчыбыз шайлоочулар менен өтүп жаткан жолугушуулардын ортосунда Бакыт Төрөбаев менен кыскача маектешкенге жетишти.
– Бакыт мырза, учурда атаандаштарыӊыздар сизди «Бакиевдердин акчасын пайдаланып жатат» деп айыптап жатышат. Бул туурасында эмне айта аласыз?
– Бул карандай калп. Бакиевдердин биздин партияга эч кандай тиешеси жок. Негизи, мындай ушактын тараганына 3 ай болду. Шайлоо алдында атаандаштарыбыз алардын добуштарын бизди алып коёт деп кооптоно баштаган көрүнөт. Ошондуктан алар бизди болушунча жамандаганга өтүштү. Каржылоо кайдан деген сиздин сурооӊузга жооп жөнөкөй – партияга бардык акчаны биздин талапкерлер жана мен өзүм жумшап жатам. Чыгымдар ачык-айкын, БШК өзгөчө кылдаттык менен көзөмөлдөп турат.
– Сизди дагы наркофирмалары каржылайт деп айтып жүрүшөт.
– Бул эми дагы бир жаӊы ушак экен. Негизи, мындай асмандан алган кептерге четтен келген пиар-технологдор чакырылып жүрөт. Биз билебиз, бул ушакты чыгарыш үчүн Украинадан келген пиар-технологдор 20 миӊ доллар алышкан. Анткени алар бизге келип «мага акча берсеӊер, мен бул ушакты чыгарбайм» деп кетишкен. Бул сумма чоӊ экендигин көрүп баш тартып койгонбуз. Ал суммага Бакай-Атадагы «Өнүгүүнүн» МТСине трактор сатып алдык. Биз акчаны башкаларды каралоого эмес, элдин муктаждыгына жумшап жатабыз жана бул чоӊ эффект берип жатат.
– Сизди Жалал-Абад шаарындагы 7-канал телеканалы болушунча жамандап жатышат. Аларга эмне кылдыӊыз эле?
– Сиздерге белгилүү, бул канал Камчыбек Ташиевге таандык. Ошондуктан сөздүн төркүнү кайда болуп жатканы айтпаса да түшүнүктүү болсо керек. 7-канал бизди биринчи жолу жамандап жалаа жаап жаткан жок.
– Эмне үчүн силерге каршы көптөгөн ушактар чыгып кетти?
– Биз азыр жакшы кетип баратабыз. Биз анчейин деле өзүбүзгө пиар кылбай эле жер иштетип, эл менен тыгыз байланышта болуп жатабыз. Рейтингдер жана социалдык сурамжылоолор муну көрсөтүп жатат. Бизден коркуп жатышат. Анткени айрым саясатчылар бул шайлоолорго көп акча салышкан жана акыркы учурда парламенттин сыртында калып, алардын партиялары чөгүп жатат. Ошого алар тынчсызданышууда.
– Жогорку Кеӊешке келсеӊиз, эӊ алгач эмне кыласыз?
– Биздин шайлоочулардын алдында алган милдеттерибиз бар – ал биздин антикризистик программабыз. Ошондуктан аны ишке ашыруу үчүн өкмөттүн экономикалык блогуна киришибиз керек. Өкмөткө жардам беришибиз зарыл. Алар болгон аракетин көрүп жатышат, бирок түрткү керек.
Социологиялык иликтөөлөр көрсөткөндөй, бир дагы партия 65 мандат ала албайт. Андыктан коалицияга кошулууга туура келет. Өтө турган эки партияны көрүп жатабыз жана алардын позициялары бизге жакын. Ошондуктан биз өзүбүздү коалициялык көпчүлүктө көрүп турабыз. Биз шайлоо алдындагы убадаларыбызды аткаруу боюнча чоӊ иштерди жасайбыз деп даяр турабыз. Андыктан алдыда иштегенбиз, иштейбиз дагы да иштейбиз! Муну биз жакшы билебиз.
Мирлан Өмүралиев