АДАМ КОРККОНДО, СҮЙҮНГӨНДӨ, ЖИНДЕНГЕНДЕ ТҮРДҮҮ ЖЫТ ЧЫГАРАТ

Жыттар тууралуу илим ольфактроника деп аталат. Адамдагы жыт билүү сезими угуу, көрүү жана башка сезимдерге караганда биринчилерден болуп борбордук нерв системине кабар бергендиктен, адам ар түрдүү жыттарга сезимтал келет. Жыттардын адам баласынын жашоосундагы ролу кандай, сөз ушул туурасында болсун.

АРОМАПСИХОЛОГИЯ
Жыттардын адамга тийгизген психологиялык таасири тууралуу психолог Чолпон Рыспаева буларга токтолду:
– Аромапсихология – бул жыт менен дарылоо ык­маларынын (аро­матерапия) пси­­хология менен болгон байланышы. Жыт аркылуу адам сырткы чөйрөдөн 2 пайыз гана маалымат алат. Бирок ошол маалыматтардын анын ден соолугуна тийгизген таасири чоӊ. Жыпар жыт аркылуу дарылоо – бул адамдын психикалык абалын турукташтыруу дегенди тү­шүндүрөт. Ал эми психикалык абал бузулганда адамда түрдүү ооруларга карата иммунитет жоголот.

ЖЫТТАР МЕНЕН ДАРЫЛООНУ ГИППОКРАТ ДА КОЛДОНГОН
Адам кайсы бир жытты жыттаганда нерв жолчолору аркылуу кабар бүтүндөй организмди башкарып турган борбордук нерв системине жетет. Буга жараша адамга жаккан жыт кайсы бир ооруга даба болсо, айрымдары тескерисинче дарт жаратат. «Ароматерапия» терминин ХХ кылымда врач Александр Кюнцель колдонгон. Бирок ага чейин эле тарыхта аты калган Авиценна, Гиппократ сыяктуу улуу дарыгерлер түрдүү чөп-чардын жыты менен оорулууларды дарылап келишкени айтылат.

ДЕН СООЛУКТУ ЧЫӉДООЧУ ЖЫТТАР

Иммунитетти бекемдөө үчүн: пихта, лаванда, адырашман, кызыл карагай, эвкалипт, тимьян, ладан
Эс-тутумду жакшыртуу үчүн: лимон, шалфей, розмарин, гвоздика, райкан, лавр, кориандр, ромашка
Суук тийгенде: сарымсак, жалбыз, цитрус жемиштери
Баш ооруганда: райкан, лаванда, лимон, арча, жалбыз, кориандр
Дем алуу органдарына: цитрус жемиштери, имбирь, адырашман, арча, шалфей, сарымсак
Акыл-эске күч келип турганда: имбирь, вербена, кориандр, гвоздика, кызыл карагай, арча, адырашман, герань, райкан, жалбыз
Бир нерсеге көӊүл коюу үчүн: эв­ка­липт, лимон, кориандр, жалбыз, райкан
Өзүӊө болгон ишенимди жогорулатуу үчүн: герань, корица, райкан, жасмин
Cтресс, депрессия учурунда: герань, кориандр, жасмин, лаванда, роза, жалбыз, грейпфрут, ромашка, шалфей, арча
Тынч уктайм десеӊиз: ромашка, лаванда
Табит ачуу үчүн: кофе, алмурут, грейпфрут, ванилин, бергамот
Сергитүүчү жыттар: апельсин, розмарин, лимон, жалбыз, лаванда, арча жана башка

АДАМГА ЖЫТ КАЙСЫ УЧУРДА ЖАКПАЙ КАЛАТ?

!) Коркунучтуу кырдаал учурундагы жыттар
!) Аллергия кылган чөп-чар, жашылча-жемиш, чаӊ жана башканын жыттары
!) Кан группасына же болбосо нерв системине туура келбеген жыттар
!) Өткөн чактагы негативдүү окуяларга байланыштуу жыттар
!) Учурдагы кырдаалга туура келбеген жыттар

КӨПЧҮЛҮККӨ ЖАККАН ЖАНА ЖАКПАГАН ЖЫТТАР
Окумуштуулар 100 адамдын (16 жаштан 42 жашка чейинки 50 эркек, 50 аял) көзүн таӊып, 150дөн ашык түрдүү жыттарды сунушташкан. Көпчүлүккө жаккан жана жакпаган
жыттардын топтомун билип алыӊыз.

Адамда жийиркенүү, кыжырданууну жараткан жыттар:

1. Күйүк
2. Тер (колоӊсо, шыбоо)
3. Айрым тамак-аштар
4. Бок-зааранын жыты
5. Ириӊдин жыты
6. Дары-дармек
7. Айрым алкоголдук ичимдиктер
8. Химиялык каражаттар (жер семирткич, идиш тазалагыч жана башка)
9. Көгөрүп кеткендеги жыт
10. Сырдын (краска) жыты
11. Бензин
12. Тамак-аш ачып кеткендеги жыт жана башка

Адамды сергиткен, көӊүлүн көтөргөн жыттар:

1. Гүлдөрдүн жыты
2. Жыгачтын жыты
3. Жашылча-жемиштин жыты
4. Жууп-тазалоочу каражаттар (самын, айна жана башка)
5. Ваниль
6. Жаӊы чабылган чөп
7. Атыр
8. Жаӊы бышкан тамак-аш
9. Түтүндүн жыты
10. Шоколад
11. Кофе жана башка

ОКУМУШТУУЛАРДЫН ИЗИЛДӨӨСҮНДӨ
Шотландиянын Глазго университетинин окумуштуулары адам миӊден ашык жытты ажырата аларын далилдешкен.
Парфюмердик фабрикада иштегендер дээрлик вирустуу оорулар менен оорушпайт. Муну медиктер алар иштеген жайдагы абада эфир майларынын майда бөлүкчөлөрү айланып жүргөндүгү менен түшүндүрүшөт.
Ар бир адамдын өзүнө тиешелүү жыты бар. Бирок бир эле адам ар кандай кырдаалда түрдүү жыт чыгарат. Мисалы, ден соолугун чыӊдоо үчүн чуркап баратканда чыккан терден башка, уурулук кылып качып баратканда чыккан терден башка жыт чыгат. Андан сырткары тамакка тоюп турганда башка, ачка кезде башка жыт чыгарат экенбиз.
Жыттар биздин эмоцияга жараша да өзгөрөт: кайгырганда, сүйүнгөндө, жиниӊ келгенде, корккондо, айтор, бир эле адамдан ондогон түрдүү жыт бөлүнүп чыгат.
Эркектерге караганда аялдар жыттарды бат айырмалоо жөндөмдүүлүгүнө ээ.
Жыпар жыттар жумушчулардын иш жөн­дөмдүүлүгүн арттырат. Япониялык бир катар компаниялар кондиционер аркылуу бөлмөгө жыпар жыт таратууну чечишкен. Натыйжада иш жөндөмдүүлүгүнүн көрсөткүчү бир кыйла жогорулаган.

ЖЫПАР ЖЫТ ТУУРАЛУУ...
«Аял тууралуу анын кол жазмасына караганда колдонгон атыры көбүрөөк маалымат берет». «Атыр – чечилбеген кийим».

Коко Шанель

«Атырды жаман көргөн аял жок, өзүнүн жытын таппаган аялдар бар». «– Кечинде эмне кийип жатасыз? – «Шанель №5ти гана...»

Мэрилин Монро

«Убакыт өтөт. Жолугушууга ал аялдын эмне көйнөк кийип келгенин унутасыӊ, бирок анын жыпар жыты көпкө чейин эсиӊде калат».

Кристиан Диор


Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Pantherka
2015-10-05 09:57:19
Укмуш го, мага жакты.
+1
kunbolot
2015-10-06 20:30:32
Кристиан Диор туура айтат. :)
+1
dobrajelatel
2015-10-09 00:29:16
Сураныч, буттун баш манжасынын деформациясы же баш манжа соогунун сыртка осуп кетуусу жонундо жазгылачы. Врач менен маек куруп дегендей. Кандай ыкма менен жок кылса боло. Фиксатор мененби же операция мененби? Операция баасы канча Бишкекте?
0
admin_superstan
2015-10-09 09:47:27
dobrajelatel, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат. Тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
№ 674, 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан