ШАХРУХ ХАН

ЖАКШЫ ЖЫШААН МЕНЕН ТӨРӨЛГӨН ПЕРЗЕНТ

Шахрух Хан 1965-жылы 2-ноябрда Индиянын Нью-Дели шаарында төрөлгөн. Шахрух төрөлгөндө киндиги мойнуна оролуп түшкөн. Төрөткөн аял баланын ата-энесине «Бул жакшы жышаандын белгиси. Балаңар бактылуу болот экен» деп сүйүнчүлөгөн. Анын үстүнө Шахрух мусулман. Анын Шехназа аттуу жалгыз эжеси бар. Атасы Таж Мохаммед Хан менен апасы Фатима Хандын адистиги юрист болгон. Атасы алты тил билген билимдүү адам болгондуктан, баласы үчүн үлгүлүү ата эле. Юрист ата-эне балдарына жакшы тарбия бергенге болгон аракеттерин жумшашкан. Балдары туура эмес кылса да атасы аларга эч качан катуу айткан эмес. Шахрухтун балачагы Ражинде Нажар деген жерде өткөн. Андан кийин Нью-Дели шаарына келип, лицейге окуйт. Шахрухтун эң бактылуу күндөрү ошол лицейде өтөт. Окуучу кезинде футболго кызыгып Ма­ра­доннаны кумир тутуп алат. Лицейди бүт­көн­дөн кийин Шахрух Дели шаарындагы университеттин алдында уюшулган колледжге тапшырат. Андан кийин магистратураны бүтүрөт. Колледжде болочок актёр англис тилин чоң кызыгуу менен окуйт. Ал эми математика, хинди сабактарын өздөштүрө албай кыйналган учурлары болот. Ушундан улам апасы бир күнү «эгерде хиндиден берген тапшырмаларды өзүң аткарсаң, сени киного алып барып турам» деген шарт коёт. Кинотеатрга барып кино көрүүгө далалат болуп жүргөн бала апасынын шартына макул болуп, түнү менен уктабастан тапшырмаларын өзү аткарат. Ошентип, эртеси апасы менен киного барат. Апасы менен барып көргөн кино болочок жылдыздын киного болгон кызыгуусун ойготот. Фильмде роль аткарган Мумтаз аттуу актрисаны жактырып калган. Анын ийкемдүүлүгү, кыймыл-аракети жаш баланын искусствого болгон сезимдерин күчөтөт. Ошондон улам Шахрух жактырып калган актрисасынын кыймыл-аракетин туурагандан жадаган эмес.

КИНО ЖЫЛДЫЗГА АЙЛАНУУ

Ошентип, болочок жылдыздын киного болгон кызыгуусу күндөн күнгө күч алат. Актёрдук карьерасын дал ошол колледжде окуп жүр­гөндө баштаган. Алгач Шахрух теледен кетүүчү сериалдарга тартылууга өтөт. Сериалдардагы аткарган ролдорунан улам эл оозуна алынып, дарегине жагымдуу сөздөр айтыла баштайт. Антсе да көпчүлүккө Шахрух 1991-жылы «Идиот» деген киного тартылгандан кийин таанылат. Ошентип, актёрлук карьерасында тушоосу кесилет. Кинодогу ар бир ролу мыкты чеберчилиги, таланты даңазаланып, эл сүйгөн актёрго айлана баштайт. Ошол эле жылы «Ча­ры Колдовские», «Мечты джентельмена» аттуу кинолордон роль жаратууга жетишет. Өз­гөчө анын «Наступит ли завтра или нет» деген киносу Индияда гана эмес, башка мамлекеттерде дагы популярдуулукка жетишет. Ал тартылган ар бир кино эл тарабынан жылуу кабыл алынат. Ушундан улам бирине тартылып бүтө электе эле кийинки киного тартылууга сунуштар топтолуп калат. Ал Индия киносунун өчпөс жылдызы Айшвария Рай жана башка белгилүү кино жылдыздары менен да бир топ ки­нолорго тартылган. Шахрухка ашык болгон күйөрман кыздардын да саны көбөйөт. Бир киного тартылганы Шахрух Нью-Йорк шаарына барат. Съёмка боло турган жерге өзү келгенче 1000ге жакын адам чогулуп калганын көрөт. Күйөрмандардын көбү­нөн кинону ал жерден эмес, башка жерден тартууга туура келген. «Актёр болуп калган тагдырыма чексиз ыраазымын. Актёрлук – бул менин түбөлүк кесибим. Ушул кесип аркылуу мен өзүмдү таптым» дейт кино жылдыз. Шахрух «Мыкты актёр», «Мыкты роль», «Кино жылдыз», «Индиянын мыкты атуулу» сыяктуу сыйлык наамдарын бир нече жолку ээси. Мындайча айтканда, ал ар бир кинодогу жараткан ролу үчүн сыйлыкка татыган.

ТӨШӨКТӨ ОЙНОГУСУ КЕЛБЕГЕН АКТЁР

Шахрухтун эпчилдигин режиссёрлор жогору баалашат. Бир жылда эле 3 же 5 киного тар­тылган учурлары да болгон. Шахрухтун башка жылдыздардан чоң айырмасы ал бардык ролду аткара алат. Ошондуктан, режиссёрго ал менен иштөө өтө жеңил. Шахрух киного тартылганда үч нерсеге көңүл бурат. Киного бирге тартылган өнөктөшү менен төшөктө жаткан, өбүшкөн жана жаман сөздөрдү сүйлө­гөн эпизоддордон тартылуудан баш тартат. Анан дагы «Колумдан келсе турмушта болобу, кинодо болобу, аялзатына аяр мамиле жа­са­ганды жакшы көрөм. Өзүмдүн жубайыма да катуу сүйлөбөйм. Анын кыжыры келип жатканда мен тилимди жутуп коём» дейт актёр.
Ал эми «Голливуд жылдызы болгуңуз келеби?» деген журналисттердин суроосуна «Ма­га Голливуддан эч ким киного тартылууну сунуш кылган эмес. Анан дагы мен андай киного тартылууга ылайыктуу актёр болбосом керек. Анын үстүнө англисче сүйлөгөндө тилимде акцент өтө байкалат. Мага Голливуд кинолору абдан жагат. Эгерде Анжелина Жоли, Кетрин Зета-Жонс өңдүү актрисалар менен киного тартылуу сунушу түшсө, ойлонбостон макулдугумду бермекмин» дейт Шахрух Хан. Индия кино жылдызынын тилеги – Голливуд кинолорунун деңгээлиндей Индия киносун тартуу.

ҮЙБҮЛӨСҮ

Шахрух үйбүлөлүү, эки баланын атасы. Ал өзүнүн жубайы Гури менен 19 жашында таанышкан. Анда Гури болгону 14 жаштагы кыз эле. Бул Шахрухтун өмүрүндө сүйлөшкөн биринчи кызы эле. Экөөнүн мамилелери жаңы гана башталгандан тартып Шахрух аны абдан кызгана баштаган. Өзгөчө Гури көл жээ­гинде чачын жазып басканда эркектердин тегиз аны карап калганы Шахрухтун кыжырын келтирчү. Кызганычтан улам Шахрух болочок жубайынын баскан-турганын көзөмөлгө алып турууну көздөөгө өтөт. Шахрухтун мын­дай мамилесине Гури таарынып, ага айтпастан туугандарыныкына кетип калат. Сүйгөн кызынан айрылып калуу коркунучунан улам Шахрух досторунан акча чогултуп, Гуринин артынан издеп барат. Ушундан уламбы, Гуринин ата-энеси кызын кызганчаак жигитке ыраа көрбөй экөөнүн мамилесине каршы чыгышат. Бир нече убакытка чейин экөө жашыруун жолугушуп жүрүшөт. Акыры экөө­нү бири-биринен ажырата албастарына көз­дөрү жеткен кыздын ата-энеси эки жашка ак баталарын беришет. Ошентип, чоң сүйүүнүн деми менен 1991-жылы эки жаш баш кошушат. «Эртең менен көзүмдү ачып Гурини кучактап жатканымды көрүп чочуп кеттим. Анан гана үйлөнгөнүмдү эстеп, эч кимден коркпой эле жата берсем болоорун түшүнүп, өзүмө келгем. Ошол күн менин бактылуу күндөрүм­дүн бири» деп эскерет Шахрух. Экөөнүн сүйүүсү­нөн 1997-жылы Арьян аттуу уул, ал эми 2000-жылы Сухана аттуу кыз жарыкка келген. Учурда бактылуу үйбүлө Мумбай шаарында турушат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
almagul_aravan
2013-08-08 16:32:58
Мага индиянын кинолору и ырлары аябай жагат!
0
№ 216, 22-28-декабрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан