ЖӨНӨКӨЙЛҮГҮ МЕНЕН РЕЖИССЁРЛОРГО ЖАККАН ЭНН ХЭТЭУЭЙ

Голливуд жылдыздарынын күнүмдүк жашоосу, кыял-жоругу, башынан өткөн окуялары катардагы адамдар үчүн аябай кызыктуу. Дал ошол океандын ары жагындагы атактуу адамдар тууралуу окурмандарыбызга кененирээк маалымат берүүнү улантабыз. Бул жолу биздин каарман америкалык актриса жана ырчы Энн Хэтэуэй болмокчу.

Толук аты-жөнү – Энн Жаклин Хэтэуэй
Туулган жылы, күнү – 1982-жыл, 12-ноябрь
Туулган жери – АКШ, Нью-Йорк штатынын Бруклин шаары
Билими – Театралдык мектепти аяктаган
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү
Тартылган тасмалары – «Ханбийкенин күндөлүгүнөн», «Ханбийкенин күндөлүгүнөн: Кантип ханыша болуу керек?», «Прада кийген азезил», «Бир күн», «Келиндер согушу», «Интерстеллар», «Стажёр», «Алиса күзгү артында» жана башкалар
Алган сыйлыктары – «Оскар» (2013), «Алтын глобус» (2013), BAFTA (2013), «Эмми» (2010)

ШЕКСПИРДИН ЖУБАЙЫНДАЙ БОЛСУН ДЕП
Энн Жаклин Хэтэуэй үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу, Майкл аттуу агасы жана Томас деген иниси бар. Хэтэуэйдин атасы Жерард юрист болсо, апасы Кей театр актрисасы. Чыгармачылыкты жанындай көргөн Кей өзү жетпеген ийгиликке кызы жетип атактуу болуусун каалачу. Анан да белгилүү америкалык акын, драматург Уильям Шекспирдин жубайындай болсун деп кызына Энн деген ысымды ыйгарат.

«ЖИРАФ» ДЕГЕН АТКА КОНГОН ЭНН
Энн алгач 1999-жылы америкалык телеканалдардын бириндеги «Өзүӊ менен өзүӊ бол» («Будь собой») аттуу сериалда роль аткарган. 2001-жылы «Дисней» компаниясы менен келишим түзүп, 2003-жылы актриса «Ханбийкенин күндөлүгүнөн» аттуу фильмде баш каармандын образын жаратат. Хэтэуэй тасма жарык көргөн күндүн эртеси эле атактуу болуп чыга келет. Фильмге тартылуусун суранган режиссёрлор, гезит-журналдардын башкы бетине чыгып берүүсүн өтүнгөн журналисттер, сулуулугуна суктанып сүйүүсүн арнаган мырзалар бою узун (173 сантиметр), окуучулук кезинен жираф деген атка конгон актрисанын түшүнө да кирген эмес эле. Анын: «Бир учурда ушунчалык өзүмдү жек көрөр элем. Эмнеге башкалар сулуу, менин болсо оозум чоӊ, колдорум маймылдыкындай узун деп ыйлачумун. Көрсө, мен деле башкалардан кем эмес сулуу, таланттуу турбаймынбы»,- дегени бар.

МҮНӨЗҮ ӨТӨ ЖӨНӨКӨЙ
«Өзгөчө тасмага тартылып жаткан учурда аябай түнт болуп кетем. Эч кандай кечелерге барбай, жолдошум менен гана жүргүм келип калат» деген актриса андан башка учурда деле токтоо жана түнт мүнөзгө ээ. Анан да абдан жөнөкөй, кээде катардагы адамдарга аралашып дүкөнгө, сейил бактарга бара берет. Дал ушул жөнөкөйлүгү үчүн аны көпчүлүк режиссёрлор жакшы көрүшөт.

СҮЙҮКТҮҮСҮ СОТТОЛУП КЕТКЕН
Актрисанын италиялык ишкер Рафаэлло Фольери менен болгон сүйүү мамилеси 4 жылга созулган. Анда эки жаштын ажырашуусуна ишкердин алдамчылык менен акча таап, 4 жылга эркинен ажыратылгандыгы себеп болгон. Жакын адамынын мындай кылыгына капа болгон Энн экинчи мырзалар менен мамиле түзбөйм дегенге чейин барган.
Ал: «Рафаэлло камакка алынды. Элдин баары мени да алдамчы деп күнөөлөп киришти. Экөөбүз кол үзүшкөндөн кийин да «Рафаэллонун башына кыйын күндөр түшкөндө таштап кетти» деп мени кайрадан айыптап башташты. Мындай жашоодон тажап турган мезгилде азыркы жолдошум Адамды жолуктурдум. Ал күн азыркыдай эсимде. Досторум бир кечеге чакырышкан. Ал жерден Адам деген жигитти жактырып калдым. Дароо тааныштарымдан сураштырсам, сүйлөшкөн кызы бар экен. Алардын мамилесин бузууга акым жок деп отуруп калгам. Бир күнү курбум чалып, Адамдын жүрөгү кайрадан бош экенин айтып жатпайбы. Кубанып төбөм көккө жеткен. Дароо анын телефон номерин таап чалып, «бир фестивалга чогуу барып келели» деп сунуштадым. Ошентип ошол күндөн ушул кезге чейин биргебиз. 2012-жылы мыйзамдуу түрдө баш коштук»,- деп билдирген.

УЧУРДА...
Энн Жаклин Хэтэуэй жолдошунун сүйүктүү жубайы, бирок азырынча эне боло элек. Бир учурда Адам экөө бала багып алууну ойлонуп жүрүшкөн, тилекке каршы, бул оюн ишке ашырышкан эмес.
Актрисалыктан сырткары Энн ырдап да жүрөт. Бирок музыка жаатында актриса тасма талаасындагыдай ийгиликке жете элек.

Актрисанын өзүнө "Прада кийген азезил" тасмасындагы ролу өзгөчө жагат.

"Стажёр" тасмасында Энн мүдүрдүн образын жаратарын укканда төбөсү көккө жеткен.

Актриса жолдошу Адам менен.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Gulya.akbaralieva
2015-10-05 12:17:18
Круто. Классная она
+3
arash96
2015-10-05 18:29:45
Жолдошу жаккан жок.
-1
Lilia11
2015-10-05 23:25:17
"Дьявол носит прада" деген кинодогу образы озгочо жагат. Жылдыздуу актриса. Эми балалуу болуп аьсын.
+2
linara
2015-10-06 17:26:07
Stajer (The Intern)'de jaratkan obrazi ayabai jakti. Jules Ostin'din obrazinda ozunun jonokoi jana meermdu munozun korsotkon tura.
+1
AZIK01
2015-10-10 19:01:24
Мен да жактырган актрисалардын бири. Бул айымдын, бир мамлекеттин ханышасы болуп чыга келген тасмасынан улам тааныйм. Жогоруда котоулган "Прада кийген азезил" тасмасын да кызыгуу менен кордум.
0
№ 674, 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан