Жеӊишбек Назаралиев: «КЫРГЫЗСТАНДА РЕВОЛЮЦИЯ БОЛБОЙТ»

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. Жогорку Кеӊешке 14 саясий партия ат салышып, үгүт иштерин активдүү жүргүзүп жатышат. Парламентке 120 депутат шайланып келет. Бул саналуу орундар кандайча бөлүштүрүлөт, парламенттик көпчүлүктү кайсы партия түзөт деген суроолор туулбай койбойт. Эгер парламентке бир партия келип калса, анда ал үстөмдүк кылып, 2005 жана 2010-жылдардагыдай козголоӊ чыкпайбы? Мына ушул жана башка суроолорго белгилүү коомдук ишмер, профессор Жеӊишбек Назаралиев жооп берет.

– Жеӊишбек мырза, сиз шайлоо бюллетениндеги «баарына каршымын» деген пунктка кандай карайсыз?
– Эгер «баарына каршымын» деген пунктту алып салсак, анда жарандарыбыз тандоо эркиндигинен ажырап калат. «Же тигини, же муну шайла» дегендей болуп калмак. Ал эми демократиялык принциптерди кармансак, жарандарга башка дагы, мисалы, «бардык талапкерлерди же саясий күчтөрдү колдоодон баш тартабыз» деген мүмкүнчүлүктү беришибиз керек. Бул шайлоо атаандаштыгын күчөтөт. Саясатчылар бири-бири менен эле күрөшө бербестен, жарандардын өлкө келечегине кайдыгер карашына да каршы турушу керек. Эгер эл шайлоо күнү добуш бергени келбей, шайлоону элес албай койсо, анда жарандарыбызды жоопкерсиз, кайдыгер деп сындасак болор. Бирок жарандар шайлоого келип, «баарына каршы» деп добуш беришсе, бул алардын позициясы. Эмесе ал жарандар шайлоону элес албаган, катышпагандардын катарын толуктабайт беле.
Мен ошол шайлоочунун абалын, ички дүйнөсүн жакшы эле түшүнүп турам, анткени шайланып келе тургандар баягы эле саясатчылар, алардын баягы эле куру убадалары, айрымдары итиркейди да келтирет. «Баягынын баягы, Койчумандын таягы» деп коюшат го. Бирок шайлоого кайдыгер караган жарабас, жарандардын саясий жигери төмөн болсо, бийликке баарын ойронго салчу кишилер келип калышы ыктымал. Ал эми «баарына каршы» добуш бере тургандар ошондой ойронун чыгаруучулардын көп болуп кетишине жол ачат. Парламентаризм деген карапайым жарандардын гана колдоосу менен куралат. Ошондуктан сиз менен биз да, баарыбыз тандаган саясий түзүлүштүн ишке ашкан-ашпаганына жоопкербиз. Шайлоо – бул биздин саясий жактан жетилген-жетилбегенибизди сыдыргыдан өткөрө турган сынак. Мен турмушта «Баары өз колуӊда!» деген ураанды тутунам. Коомубузга жарандык позиция катары да ушул ураанды сунуш кылар элем.
– Шайлоого саналуу эле күндөр калбадыбы, кайсы партияга добуш берериӊизди чечтиӊизби?
– Биринчиден, шайлоонун купуялыгы деген бар. Экинчиден, айтып койсом, анча адепке жатпай калат. Ал эми байкоочу-талдоочу катары шайлоонун жыйынтыгы кандай болгондо өлкө үчүн да, шайлоочулар үчүн да, жалпы эле Кыргызстан үчүн жакшы жагына оой турганы тууралуу айта кетейин. Ачыгын айтканда, өлкө алдына коюлган өнүгүү программасын жалгыз эле СДПК аткара албайт. Саясий өнөктөштүк жана атаандаштар, башкача айтканда, системалуу оппозиция керек. Андан дагы идеологиялык жактан пикирлердин теӊ салмагы болгондо гана өлкөдө төӊкөрүш болбойт.
– Ошентсе да кайсы бир партияга артыкчылык бересиз да? Түз эле сурайын, СДПКга кандай көз караштасыз?
– СДПК – бүгүн бийликте турган партия. Ошондон улам Кыргызстанды солкулдатпай кармап, өнүгүүгө бет алдырат деген ишенимди жаратып турганы ырас. Башкача айтканда, СДПК парламентте көпчүлүктү алса, өлкөбүз жаратман иштерди, бейпил турмушту уланта бермек деген ой келет. Эми баарыбыз эле көрүп-билип турбайбызбы, СДПК бир калыпта келаткан саясий күч, ички маселелерди мыйзам чегинде жөндөй ала турган партия. Ушул партиядан чыккан азыркы президентти эле алсак, бийликчил партиянын идеологиясы үстөмдүк кылып келатканы көрүнөт. Аткаруу бийлигинде турганда да, президент болгон кезинде да Алмазбек Атамбаев тышкы шериктештер менен ымала күтүп, мурдагы советтик өлкөлөр менен кызматташ боло алды. Батышка Кыргызстандын демократиялык баалуулуктары менен көз карандысыздыгын көрсөттү. Ушундан улам СДПК добуштардын жарымын алып кетеби деп ойлойм.
– Сиз азыр эле айткандай, анда ички саясий теӊ салмак бузулбайбы?
– Албетте, эгерде партия орундардын жарымынан көбүн алып, андан кийин мыйзамдарды кабыл алууда башка саясий күчтөр менен эсептешпей койсо, теӊ салмак бузулат. Анда партия мыйзамдарды аткаруу бийлигинин жетеги менен эле кабыл алып калган болот. Бул эркиндик менен демократиялык принциптерди бузууга тете. Бизге бир партиянын үстөмдүгү, бийлиги эмес, саясий атаандаштык керек. Бирок объективдүү да себептерди эске албай коюуга болбойт: СДПК чоӊ жана күчтүү, ачык-айкын программасы, ири ресурсу бар.Ал ресурсту азыркы президент жетектеп турат. Булардын катарында дагы татыктуу саясий күчтөр бар. Мисалы, «Ата Мекен» партиясы. Ал азыр өзүн бириккен оппозиция катары көрсөтүүдө. Анын лидери Өмүрбек Текебаев, албетте, өз ишинин устаты, мол саясий тажрыйбасы бар. Анын аймактардагы электораты да күчтүү. Ар бирибиз оппозициясыз жашообуз жакшы болбосун түшүнүп турабыз. Оппозиция болбосо, бийлик өзүм билемдикке барышы ыктымал, ошондуктан «Ата Мекен» аларга татыктуу атаандаш боло алат. Чечимдерди чыгарууда элдин бардык катмарынын кызыкчылыгын көздөп, демократиялуу боло алат.
– Сиздин оюӊузча, дагы кайсы партиялар Кыргызстандын калкынын бардык катмарынын кызыкчылыгын коргой алат?
– «Кыргызстан» партиясы деп айтар элем. Албетте, муну да кечээ түзүлө калган «козу карын» деп жатышат. Менимче, антип айтуудан мурда бир нерсени эске алыш керек. Жеке ишкерлик менен алектенгендер соӊку 20-25 жылда жигерин көрсөтүп келатат. Ушул партиянын көпчүлүк мүчөлөрү финансылык каражат топтош үчүн татаал жолду басып өтүштү. Алардын басып өткөн жолу өздөрүнүн гана жолу эмес, бүтүндөй Кыргызстандын тар жол, тайгак кечүүсү. Өздөрүнүн бекем эрки, кайраты менен бардык оорчулуктарды жеӊип чыгышкандар. Ал эми өлкө боюнча алардын компьютердин операциялык системасы сыяктуу өз ара өнөктөштүк, достук, туугандык байланыштары өсүп-өнүгүп калды.
Бардар бизнесмендердин арасында коммерциялык кызыкчылыктан улам коомго пайдасы тийбеген иштерди жасап койгондор да жок эмес. Булардын айрымдары деле өз байлыктарын мамлекеттик башкаруунун жана тескөөнүн айрым алешемдигинен, анын ичинде салык жана бажы системасынын калпыстыгынан улам байып кеткендир деп да ойлоорсуз. Албетте, бийлик структураларындагы кайсы бир байланыштардан же бирөөлөрдүн көмөгү менен байып кеткендер болсо болгондур. Бирок менин андай фактым, маалыматтарым жок, так кесе айта албайм. Ошондуктан булар бийликке, парламентке келсе, мыйзамдагы ошондой алешем жактарды оӊдоп-түзөөгө салымын кошот деп ойлойм. Биздин экономикабызга, сырттан инвесторлордун келишине да чоӊ мааниси бар. Тикелей инвестиция менен кошо акча да, жумушчу орундары да болот. Ошондуктан мурда экономика, ишкердикке аралашып жүргөндөр карт бөрү саясатчыларга бул жагынан көмөк берет деп ишенем. Анткени бизнесмендер – технократтар. Жогорку Кеӊешке технократтар жетишпейт. Булар орто классты өнүктүрүүгө да салым кошо алышмак. Биздин мамлекетке азыр ушундай ишкерлик идиреги бар инсандар керек болуп турат. Булардын мыйзам чыгаруу тармагына келиши менен жаӊы ишканалар, заводдор, мектептер, ооруканалар пайда болмок.
– Албетте, дасыккан жеке ишкерлер да парламентке керектир. Парламенттин жаӊы чакырылышына дагы кимдер келиши керек?
– Менимче, «Бүтүн Кыргызстан-Эмгек» партиясы келгени да дурус. Мен бул партиянын иши менен лидери Аскар Салымбеков аркылуу жакшы таанышмын. Салымбековдун өзү эле «эмгек» деген сөз менен төп келип, эмгекчинин образын берип турат. Чейрек кылым бою ал тырмышып отуруп, митинг-толкундоолорго карабастан, «Дордой» деген империяны куруп койду. Мен айта кетейин, ошол эле Америка эки эле нерседен улам өнүгүп кетти, биринчиси – эмгек, экинчиси – убакыт. Башкача айтканда, америкалык жашоо – убакытты жана материалдык ресурстарды коромжу кылбай, талбай эмгектенүү гана керек дегенди түшүндүрөт. Мындан тышкары Аскар Салымбековду меценат катары билем, канча кайрымдуулук иштерин жасап келет. Миллиарддаган сомду спортко, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият, искусство тармактарына жумшады. Мындай кайрымдуулук иш жасагандарды азыр эстей албай турам. Меценаттык бул эл алдындагы тазалык, ачык-айкындык, урмат-сый эмеспи.
Баса, оюмду улап, «Республика-Ата Журт» партиясы тууралуу айта кетейин. Биринчиден, бул партияга дымагы күчтүү Бабанов менен Ташиевден улам кызыгып калгам. Бабанов күчтүү бизнесмен-олигарх, премьер-министр да болгон, экинчиси – элдик баатыр, Ош окуясында аты чыккан Ташиев. Бирок Ташиев шайлоо жарышынан шыпырылып калбадыбы. Экинчи жагынан алганда партияда ар улуттун өкүлдөрү бар, жаш саясатчылар да арбын. Бирок бириккен бул партия келсе ич ара бири-бири менен чокушуп кетпейби деп чочулайм.
– Ал эми башка партиялардын тагдыры кандай болот?
– Менимче, «Ар-намыстын» лидери Феликс Кулов партияга келип кошулган «батышчыл» саясатчыларды четке калтырат окшойт. Өзү болсо, менимче, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп же ЖККУда, Николай Бордюжага жардамчы болуп кетет . Ал эми «Бир бол» партиясы тууралуу айта турган болсом, ал партиянын катарында мурда өздөрүн жаман жактан көрсөтүп койгон саясатчылар жүрөт, алардын баары элге дайын. «Өнүгүү-Прогресс» жана «Замандаш» жаш саясатчылардан куралган партиялар. Алардын кызык жана алдыга сүрөгөн көз караштары бар, бирок булардын келечеги али алдыда. Турмуш алардын көз карашын иш жүзүндө далилдеши керек.
– Демек, сиз СДПК, «Ата-Мекен», «Республика-Ата Журт», «Бүтүн Кыргызстан-Эмгек», «Кыргызстан» ушул 5 партия өтүшү мүмкүн деп айткыӊыз келип турабы?
– Ооба. Партиялар арасында мына ушундай теӊ салмак болгондо өлкөдө туруктуулук болот деп ойлойм. Ошондо мамлекеттик төӊкөрүш болуп кетет деген коркунучтан алыс болобуз.

Жакшылык Бердибек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
magic1721
2015-10-06 08:59:05
Супер Инфо Омурбек Бабановдон интервью алыныздарчы! !!!!
0
admin_superstan
2015-10-06 10:15:43
magic1721, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат. Тиешелүү бөлүмгө жиберип койдук.
+1
jypar.i
2015-10-06 20:23:51
Мен бир нерсеге таң калам, аты бирдей "Кыргызстан", же "Республика- Ата Журт", Ата_Мекен, дагы ушул сыяктуу партиялар биригип бир эле "Кыргызстан" болуп албайбы? Саны бар сапаты жок партиялар... Баарынын программалары окшош, шайлоо алдындагы убадалары да окшош. Кичинекей өлкөбүздө ушунча партиянын болушу бир чети күлкүлүү, бир чети жанды кашайтат
+1
Kleopatra_91
2015-10-12 02:09:16
Я его очень уважаю!!!Гениальный человек ,выдающийся доктор!!!
0
№ 674, 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан