ҮГҮТ ИШТЕРИНЕН ТАПКАН КАРАЖАТЫӉЫЗДЫ КАЙДА ЖУМШАЙСЫЗ?

«Жөжөнү күздө санайбыз» демекчи, өлкөбүздө үгүт иштери аяктап калганда жылдыздарыбыз шайлоодон тапкан кирешесин санап кирген мезгил. Биз да бул нерсеге кызыгып, жылдыздарга«үгүт иштеринен тапкан каражатыӊызды кайда жумшайсыз?» деген суроо менен кайрылдык.

АБДЫЛДА ИМАНКУЛОВ:
– Мен «Бир бол» партиясынын үгүт иштерине жардам берип жатам. Керектүү жакка сарптай турган деле көп каражат албайм. Албетте, жол кире, тамак-аш, жатакана партиянын эсебинен.

БАКЫТ БАЙСАРИЕВ:
– Быйылкы үгүт иштерине катыша албай калдым. Жайында 3 партиядан сунуш түшкөн. Бирок аз калганда менин ставкамды көп дештиби, айтор, келише албай койдук. Бир партияга күнүнө 300 доллардан төлөп бергиле деп айткам, 1 ай иштесем, эӊ эле көп дегенде 10 миӊ доллар болмок. Бирок алар «бизде алып баруучуга анча акча бөлүнбөйт» деп макул болбой коюшту. Бир партиянын администратору «тапканыӊдын 30 пайызын мени менен бөлүшөсүӊ» дейт. Мен «1 ай маӊдай терим менен иштейин, анан силер орто жолдон 30 пайыз ала бересиӊерби?» деп айттым. Бир чети үгүт иштерине катышпаганым деле жакшы болуптур. Ал жакта ырчылар, алып баруучулар катаал шартта иштеп, мейманканага батпай калгандар бейтапканага түнөгөн учурлар болуп жатыптыр.

АЯНА КАСЫМОВА:
– Бардык чыгармачыл адамдардай эле мен да үгүт иштеринен тапкан каражатымды клип тартканга, жаӊы ырларды жаздырганга жумшайм. Мындан сырткары окуума керектейм. Билимимди өнүктүрүү максатында кошумча ийримдерге барсамбы деп турам. Ата-энем менен тапкан акымдын ондон бир бөлүгүн кайрымдуулукка сарптайбыз деп кеӊешкем.

НУРЗАТ ТОКТОСУНОВА:
– Быйылкы үгүт иштеринде жолдошум Максат экөөбүз чогуу иштедик. Буюрса, шайлоодон тапкан акчабызга батир сатып алсакпы деп пландап жатабыз. Экөөбүздүн теӊ үйүбүз бар, бирок кыймылсыз мүлктү алып койсок зыяны жок. Максат экөөбүздүн чогуу иштеп тапкан үйүбүз болуп калат да.

ДОБР:
– Үгүт иштеринен тапкан каражатым үй салууга жетпейт. Үй-бүлөбүз менен салып жаткан тамыбыздын курулуш иштери көптөн бери акча тартыштыгынан улам токтоп калган эле. Буюрса, ошол үйүбүздүн ичин жасалгалаганга жумшайм.

НУРМАТ САДЫРОВ:
– 2013-жылы жол кырсыгына кабылып, мен айдап жүргөн байкемдин унаасы жарабай калган болчу. Үгүт иштеринен тапкан каражатыма байкеме унаа сатып бердим. Учурда айдап жүргөн унаамды алмаштырышым мүмкүн. Ошондой эле чыгармачылыгымды өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Буюрса, хит ырларды жаздырып, клип тарттырам. Күзүндө концерт берүүгө камынып жаткам. Бирок элдер бекер концерттерге сугарылып калды. Ошондуктан ал планым артка жылды.



Динара Абдыкадырова,
Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (33)
Elnuram090
2015-10-05 16:21:55
Бакыт Байсариев байкебиз "Мышык этке жетпей сассык дептир"дегенден болуптурго аябай кулдум окуп алып.Нурзат Эжем жаман озгоруп алыптырго жарашпаптыр бирок.
+7
Yahoo
2015-10-05 18:19:31
вообще бета нету
+1
bema-krao
2015-10-05 18:50:49
Baaryle ui mashina deibi egerde uwul akcha koldoruna tie eleginde kuru sozdoru menen aitmak elime jardam berem baldar uiuno kaarylar uiuno dep...
+1
Mir83
2015-10-05 21:31:13
Ушунча акчаларды чачат екен больница мектептерге чачса сонун болмок. Ушундай жол менен да озун пиарласа болотко. Канча мектептерге китеп,болницаларга дары дармек жетпейт. Булар еч качан елди ойлобойт.
+3
Neizvestno777
2015-10-06 01:21:49
Кун ысыккы . .. абдан ысыккы
+1
SherhaN
2015-10-06 07:52:05
жеген ооз уялат
+1
guzel_
2015-10-06 08:29:45
Ошончо акчаны ырчыларга берей эле колунда жок коп балалуу уй булоолорго продукта же акчалай жардам берсе эн жакшы болмок.концертти угуп эмне элдин курсагы тоймок беле.
+2
aku
2015-10-06 10:20:19
Ырчысы деле депутаты деле бироосу бир сооп иш кылайын дебейт го. Хотя экоон тен колдогон бир эл. Ошончо гонорар алыптыр ырчысы деле сооп иш кылып детдомдорго же карылар уйуно барам деп койсо болмок кайра эки эсе тапмак го.
+1
Ади
2015-10-06 12:41:38
Бироонун акчасына киришип эмне кылабыз дейм да. адан коро ар кимдики озуно буюрсун, берекелуу болсун дейли. ал партияларды эмнеге аямак эле алар элден жеген акчасын чачат да. бул бир эле бурчу да мындан башка канча чачышты. андан коро эч болбосо маданият окулдору алсын. алар онору менен элге кайрып беришет, элдин акчасын.
+2
88inara88
2015-10-06 19:42:46
Тобооо,тобоо деп эле отуруп калдым эсим ооп,бир шайлоодо эле уй машина алса.ошол акча мамлекеттин акчасыда уялбай чачкандарын кудайга жооп берер кунунор келет бир куну,силердин айынардан канчалаган кыргыз элим ар жакта бир сом табам деп иштеп журот.ошондон коро бир фабрика ачып койсонор 100 адам болсода озунун элинде,балдарын жанында иштеп жашамак,ошондо балдарыбызда жакшы тарбия алмак.акылынарга качан келет экенсинер.
+4
AFRODITA-89
2015-10-06 23:10:54
Бакыт Байсариев чычалаганынан айткандай болду, ушунча чон ставка менен суйлосо баары качатда озун асманга чыгарып алганго! Бардык ырчылардын ставкасы укмуш экен! Бирок эл жыргап бекер концерттерди коруп алды кайран акча андан коро баары эле чогулуп бир чон концерт берип калганын керектуу, пайдалуу нерселерге жумшаса болмок
+1
bolotbek91
2015-10-07 08:17:15
Бири машине бири уй алганга чейин акча жыйнашса анда биздин чиновниктер мынча акчаны мамлекттин кандайдыр койгойуну чечсе болмок.. эки кундук концерт м.н миллиондогон акчадар ысырап болду
+3
meerimma84
2015-10-08 23:24:45
Сассык саясаттын артынан, ар бир артист уй машиналууда болуп калат экенда. Кыргызстанда саясатчылар менен артистердин жашоосу малина болуп калды, калган эл чет жакта мусаапыр болуп журот.
+2
Nurs19.kg
2015-10-08 23:44:42
Баары тен Аяна Касымовадай болуп кайрымдуулук фондуна каралашып койсо кандай соонун.
+1
Akabai
2015-10-09 10:07:03
Блиин Бакыт деген неме оозуна батышынча айтыптырго кунуно 150$ десен болмок
0
№ 674, 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан