17 жаштагы кылмышка шектүү: «БАЛТА МЕНЕН ҮЙ ЭЭЛЕРИН БАШКА ЧАПТЫМ»

Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун Түп айылында адам үрөйүн учурган кандуу окуя болуп өткөн. Түн ортосунда айылдашынын үйүнө кирип, үй ээлерин балта менен чапкылап өлтүргөн деп шектелип 17 жаштагы эки өспүрүм кармалды.

АЧЫК КАЛГАН ДАРБАЗА ШЕК ЖАРАТКАН
2015-жылдын 15-сентябрында жогоруда аталган айылдын тургундары 64 жаштагы кошунасы Айдарбек Байбоков менен анын 63 жаштагы жубайы Жумагүл Жороева жашаган үйдүн каалгасы кулпуланып, дарбазасы ачык калганын, малдары бадага кошулбай, телефон чалса албаганынан бир нерседен шек санап жатышканын айтып милиция кызматкерлерине кайрылышкан. Айтылган дарекке барышкан милиция кызматкерлери терезеден үйдүн ичине үӊүлүшүп, буюмдар чачылып жатканынан каалганы ачып киришкен. Бөлмөдөн аялдын жансыз денесин жана оор жаракат алып, эс-учун билбей жаткан анын күйөөсүн көрүшкөн. Жабырлануучу ооруканага жеткирилгени менен, тилекке каршы, бир канча сааттан кийин өзүнө келе албай көз жумган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, экспертизадан кылмышкерлер жубайлардын экөөнү теӊ мыкаачылык менен ур-тепкиге алып, баштарына балта менен чапканы аныкталган.

«ҮЙҮНДӨ АКЧА КӨП ДЕП ОЙЛОГОНБУЗ»
Окуядан көп узабай бул кандуу окуяга шектелип Аманбол Абдиев жана Айдар Айтманбетов аттуу 1998-жылы туулган Түп районунун тургундары колго түшүрүлгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн бири Айдар Айтманбетов тергөө учурунда төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Каза болгон аял салык кызматында иштегендиктен алардын үйүндө акча көп деп ойлогонбуз. Досум Аманбол экөөбүз кантип тоноо тууралуу сүйлөшүп алып, 15-сентябрга караган түнү саат 1:00дө короого дарбазасынан секирип кирдик. Үйүнүн эшиги ичинен илиниптир. Гаражын карасак оозу ачык экен, ал жакка кирип 2 балта алдык. Андан соӊ Аманбол үйдүн эшигин мык суургуч менен ачты. Бөлмөгө кирсек үй ээлери уктап жатышкан экен. Мен күйөөсүн балта менен башка чапсам, жанында жаткан аялы ойгонуп кетти. Аны да бир чаптым. Андан кийин Аманбол чапкылады. Экөө теӊ эс-учун жоготуп жатып калышканда үйдүн ичин тинтип кирдик. 1200 сом, 2 уюлдук телефон, кийимдердин чөнтөгүнөн алтын шакек таптык. Ал эми алтын сөйкөлөрдү Аманбол каза болгон аялдын кулагынан чечип алды. Анан үй ээсинин унаасынын ачкычын таптык да, аны мен от алдырып гараждан айдап чыктым. Унаасынын ичинде үй ээсинин паспорту жана 3 банктын карточкасы бар экен, аларды да алдык. Унааны Каракол шаарына айдап барып, көп кабаттуу үйлөрдүн арасына токтотуп, ачкычын ичине таштап, эшигин жаап салдык. Мунун баарын кылган соӊ автобекетке барып маршруттук такси менен Бишкекке кетип калдык.
Кылган ишибизге өкүнөм, күнөөмдү моюнума толугу менен алам. Мурун 4 баш бодо мал уурдаган элек. Бул жактан акча тапсак ошол кылмыш ишин жабалы деп ойлогонбуз.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨР БИШКЕКТЕН КАРМАЛЫШТЫ»
Түп РИИБинин жетекчисинин орун басары Тилекмат Сауданбеков окуя тууралуу буларга токтолду:
– Кылмышка шектүүлөр Бишкек шаарына качып кетишкени иликтөө иштеринин натыйжасында аныкталган. Экөө теӊ 16-сентябрда «Ош базарына» жакын жердеги Интергельпо көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашынып жаткан жеринен кармалышты. Кармоо учурунда алардын жанынан каза болгон жарандарга таандык буюмдар, документтер табылды. Ошондой эле алар кийип жүргөн кийимдеринде кандын тактары болгон. Кылмышка шектүүлөр үй ээсинин Ауди С4 үлгүсүндөгү унаасын Каракол шаарындагы үйлөрдүн арасына токтотуп таштап кеткен жерин көрсөтүп беришти.
Алар классташ, экөө теӊ 9-класстан кийин окууну таштап салышкан. Бирөөсүнүн апасы каза болуп, экинчисинин атасы спирт ичимдиктерин көп ичкендиктен жетишсиз үйдө чоӊоюшкан. Экөө теӊ жасаган кылмыш ишин моюндарына алышты. Алардын бири Бишкек шаарында жашап, унаа жуучу жайда иштеп келген болсо, экинчиси айылда жашап, буга чейин мал уурулукка шектелип издөөгө алынганы белгилүү болду.
Маркумдар кийинчерээк эле баш кошушкан. Кылмыш болгон үй аялыныкы болчу. Кылмышка шектүүлөрдүн бирөөсү алардын коӊшусу болуп чыкты. Учурда алардын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгү (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

«ЭКӨӨНӨН БАШКА ДА БИРӨӨЛӨР ЖАРДАМДАШКАН ДЕП ОЙЛОЙМ»
Андан соӊ биз маркум Жумагүл Жороеванын уулу Айбек Солпуев менен байланыштык:
– Мен Бишкек шаарында жашайм, ата-энем айылда турчу. Өзүмдүн атам 1981-жылы жол кырсыгынан каза болгон. Андан соӊ апам өгөй атама турмушка чыгып, экөө 20 жылдан бери чогуу жашап жатышкан. Ал кишинин 2 буту ооруп жакшы баса албагандыктан үйдө отурчу, ал эми апам салык кызматында иштечү. Ал жакка которулган акчаларды банк аркылуу алчу эле. Кылмышка шектүүлөр биздин эле айылдыктар экен, апамда акча бар деп ойлошуптур. Бирок апам үйдө анчалык деле көп акча кармачу эмес.
2 адам мындай ишти жасай алмак эмес. Менин оюмча, дагы 1 адам бар, аны милиция кызматкерлери жашырып жатышат окшойт. Бул иштин артынан чуркайын деп турам, ата-энемди өлтүргөн деп кармалган балдарды жумшаган же башында турган бирөө бар деп эсептейм. Апам менен акыркы ирет 10-сентябрь күнү телефондон сүйлөшкөм. Анан эле 15-сентябрда мага телефон чалып жаман кабарды угузушту. Мындай болот деп эч күткөн эмес элек, апамдын артында эжем, мен жана карындашым калдык.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Балта менен үй ээсин башка чапсам, аялы ойгонуп калды, аны да чаптым"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
sterva
2015-10-05 09:20:27
Ушуга окшогондорго олум жазасын киргизиш керек,акыркы учурда ото кобойуп кетти мындай окуялар ,адамды кой сойгондой эле олтуруп,мууздап.Бироонун омурун,бироо алганга эч кимдин акысы жок!
+6
Bek94
2015-10-05 11:13:06
Силерге өлүм жазасы керек мыкачы ХХХ да айырмаңар жок экен
0
admin_superstan
2015-10-05 11:30:06
Bek94, кемсинтүүдөн алыс болууну сунушатйм!
0
Kontinent
2015-10-05 11:30:03
ХХХ, силерге аркы дуйноодо да оорун жок.
0
admin_superstan
2015-10-05 11:39:57
Kontinent, этика нормаларын сактаңыз!
0
ayzatushka
2015-10-05 14:04:22
Прям мээримдуу уул болот го,беш кун аралыгында да канча жолу чалп суйлошсон болмок,карыган ата эненди таштап койгонун да туура эмес.
+8
admin_superstan
2015-10-05 16:36:20
kubat_1973, жеке билдирүүнү купуя менен жөнөтүңүз! Эскертүү!
0
Ledy_Adema
2015-10-05 19:17:34
Тообо тообо. Эмне дээринди да билбейсин. Эч кимди шайтан жолдон азгырбасын
0
hochuradosti
2015-10-05 22:23:47
Кээ бирлер ата -энеси менен 1 кундо 5 жолу суйлошот... бул болсо наоборот 5 кундо 1 жолу УЖАС!!!
+2
Sagidko88
2015-10-06 15:31:31
акмактар!
0
janna95
2015-10-07 22:29:57
Ээ Аллаа эмне деген шумдук
0
Boldukan86
2015-10-07 23:44:02
журокту титиретет. кудай озу сактасын.
+1
Mirona
2015-10-10 17:11:49
Жап жаш балдар кантип эле киши олтурсун??? Ужасно (((
0
nura.177
2015-10-11 23:50:07
Бир айылда жашап анан олтуруп ташташканын балталап. Мындай мыкаачы балдар кайдан пайда болуп жатышат. Коом,заман, ата эне,чойро,мугалимдер,участковый баары чогу иштешиш керек, жаш балдар мынча мыкаачы болуп жатышат,ыйман ынсап берсин баарыбызга. Озундун айылында жашагандан да коркосун не деген заман
0
aiyma887
2016-01-07 00:41:03
Эх адамзат кайда баратабыз балдарымдын келечегин ойлоп коркуп кетем
0
№ 674, 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан