ИШ ЖОК ДЕБЕЙ, ИЗДЕНИШ КЕРЕК

Өндүрүшү жок өлкөдө бутуна оӊой менен тура албасына көзү жеткен жаштардын иш кылууга аракет кылып жатканын көрүп кубанасыӊ. Алсак, Балыкчы шаарынын жаштары «Ысык-Көлдүн келечеги» аттуу коомдук фонд түзүп, бир катар иштерди жолго коюуга жетишишкен. Өткөн аптада алардын жасап жаткан иштери менен жакындан таанышып кайттык.

БЕКЕР НАН ТАРАТКАН НААБАЙКАНА
«Ысык-Көлдүн келечеги» фонду аркылуу нан алуучулар эртеӊ мененки саат тогузда үйлөрүнүн жанындагы дүкөнгө чогулушат. Алардын бири Нуржамал Исмаилованын үй-бүлөсүндө иштей турган эч кимиси жок. Балдарын карап үйүндө экенин айткан ал кайрымдуу жаштарга ыраазы:
– Улуу балам майып. Экинчиси 6-класста окуса, кичүүсү бала бакчага барат. Жолдошум каза болуп калган. Ошондуктан биздин үй-бүлөгө фонд тарабынан күнүнө эки нандан берилет.
«Ысык-Көлдүн келечеги» фонду үч жыл мурда спорттук жай куруу менен өз ишин баштаган. Андан соӊ күзөт агенттиги менен бирге жакырчылыкта жашаган үй-бүлөлөрдү бекер нан менен камсыздоону максат кылып наабайкананы ишке киргизишкен. Күнүгө 450 даана бөлкө нан бышырылып, анын 120сы элге бекер таратылат. Калганы чыгымдарын жабуу үчүн сатыкка кетет. Фонддун өкүлү Тойчубек Насырканов кайрымдуулук максатында колунда жок 80ге жакын үй-бүлө, карылар жана балдар үйлөрү нан менен бекер камсыздалып, каржы маселесинде «Кумтөр» ишканасы жардам көрсөтүп жатканын айтты.
Алтын кен ишканасы коомдук фондго 16 тонна ун же акчалай эсеп менен 405 300 сом бөлүп берген. Бул жардам цехтин ишин ийгиликтүү баштоого түрткү болсо, фонддун суранычы менен «Жаштар банкы» ишти илгерилетүүгө нан бышыруучу меш белек кылган.

БАЛЫКЧЫЛЫКТАРГА ЗАМАНБАП ЭС АЛУУЧУ ЖАЙ
Өз шаарын өнүктүрүүнү каалаган фонддун мүчөлөрү «Жаштар банкына» көл жээгиндеги эс алуучу жайды калыбына келтирүү боюнча долбоор тапшырганын фонддун төрагасы Канатбек Сатыбалдиев баяндап берди:
– Пляж – биздин төртүнчү долбоорубуз. «Кумтөр» менен тыгыз иштешип, Балыкчынын элине заманбап шарттагы эс алуу жайын кура баштап, учурда жарым-жартылай бүтүп калдык. Кийинки жылы пристань салып, «Жаштар банкы» аркылуу катер алсак деген оюбуз бар.
Фонд жээкке 120 тоннадай кум төгүп, аллеяны жаӊылап, тепкичтерди, фонтан, чайынмаларды жана кийинип-чечинүүчү жайларды курган. Ал эми «Жаштар банкы» аймакты жарыктандырса, кен ишканасы тосмолорду тургузууга контейнерлерди берген. Быйыл бул жайга эки миӊдей эс алуучу келди. Кирүү акысыз болгонун айткан Канатбек Сатыбалдиев: «Кийинки жайга чейин шарттарды жакшыртып катер алсак, киреше табуу менен салыктарды жана ижара акысын төгүп, шаардык бюджетке да салым кошо баштайбыз. Төрт долбоордун алкагында жыйырмага жакын адам туруктуу жумуш орду менен камсыз болушкан. Дагы ондой адам сезон учурунда ишке тартылат»,- дейт.

МӨМӨ-ЖЕМИШТЕР БИР КҮНДӨ КАК БОЛОТ
Жаштардын «Кийинки муун» уюмуна «Кумтөр» компаниясы Балыкчы мэриясы менен биргеликте мөмө-жемиш кургатып, как жасоочу камера белек кылган. Балыкчы шаардык жаштар кеӊешинин төрагасы Тимур Ынтымаков: «Быйыл сыноо иретинде туугандардын алма, өрүктөрүн чогултуп кургаттык. Бир күндө 1 тонна жемиштен 200 килограммдай как чыгарса болот экен. 1 килограмм как базарда 150-200 сом. Кардарларды таап жатабыз, кийинки жылы 10 тонна как даярдоого буйрутма алдык»,- дейт.
Жемиш жана дары чөптөрдү кургатуучу жабдуунун технологиясын швейцариялык адистер жасап чыгышкан. 20 тонналык контейнер өзөгүн түзгөн бул камеранын бир тарабына ысык абаны алып келүүчү жолчо орнотулса, экинчи тарабына абанын алмашуусу үчүн желдеткичтер орнотулган. Ага айына 500 сомдун тегерегиндеги электр энергиясы сарпталат. Балыкчылык жаштар кактан сырткары курутту да кургатып көрүшкөн. Үй шартында көлөкөдөгү курут 4-5 күндө кургаса, камерадагы курут 1 күндө эле даяр болгон.
Как жасоочу жабдууну алып келип орнотууга кеткен чыгымдары менен кошо эсептегенде жалпы баасы 440 миӊ сомду түзгөн. Облус боюнча долбоордун алкагында орнотулган ушундай беш камера Тоӊ жана Жети-Өгүз райондорунда иштетилүүдө.
«Кумтөр» компаниясына каржылык колдоо көрсөтүү боюнча көл кылаасынын жаштарынан көптөгөн долбоорлор келип түшөт да, алардын ичинен келечеги бар иштер тандалып алынат. Алардын айрымдарына компания мүмкүнчүлүгүнө жараша түз жардам көрсөтсө, айрымдары кен ишканасынын колдоосу менен 2013-жылы түзүлгөн «Ысык-Көл облусунун жаштар банкы» долбоору аркылуу каржыланат. Аталган долбоорго компания 300 миӊ доллар бөлүп, облустагы жаштардын социалдык керектөөлөрүн чечүүгө жана аларды  коомдук иштерге тартууга аракет кылып келет. 2026-жылы алтын кен ишканасы өз ишин жыйынтыктаары белгилүү. Андыктан компания жергиликтүү жашоочулардын балык бер деген долбоорлорун эмес, балыкты өзүм кармай алам, мага кайырмак керек дегендерине колдоо көрсөтүп келет. Бул иштер компаниянын милдети болбосо да, кендин аркасы менен оокат кылып жаткан көл өрөөнүнүн тургундары ишкана кеткен соӊ да жакшы иштер улана берүүсү үчүн жасалган аракеттер.

Абай Алыкулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
marik10
2015-10-05 10:59:31
майда орто бизнести жакшылап колдошсо эл бутуна турат
+1
bosmos777
2015-10-05 19:35:06
Эн туура! Чакан жана орто ишкердуулукко бут тосууну алуу керек. Салык саясаттын жонокойлоттуу керек. Ошондо Ар бир чет жерде жургон,Кыргыз жарандары, чакан ишкерлик менен алектенууго отушмок!
0
№ 674, 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан