ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

СПОРТТО
Октагон
– эрежесиз эр уруштун сегиз бурчтуу таймаш өтчү майданы. Бул сөз англис тилинен которгондо 8 бурчтук дегенди түшүндүрөт. Бардыгыбыз байкагандай, эр уруштун ринги 8 бурчтуу. Алгач бул спорт түрү жаӊыдан пайда боло баштаганда, анын негиздөөчүлөрү беттештер 8 бурчтуу майданда өтөт деп чечишкен. Эр уруштун эӊ биринчи мелдешине да ар кандай спорттун түрү менен алектенген 8 спортчу катышкан. Жейсон Кассон аттуу сүрөтчү дал ушул сегиз бурчтукту бул спорттун эмблемасы катары тартып берген. Азыр октагон эрежесиз эр уруштун эӊ негизги символу.
Октагондун диаметри 9,75 метрди түзөт. Тордолгон зымдар менен курчалып, сегиз бурчтукту түзгөн темирлер жумшак каражаттар менен оролот. Ал эми ага төшөлгөн матка, дегеле октагонго уюштуруучулар көбүнчө демөөрчүлөрдүн логотиптерин чаптап, жарнама жайгаштыруу үчүн да колдонуп коюшат.

ЖӨНӨКӨЙ ЖАШООДО
Лайфхак
– күнүмдүк жашоого керек болгон, пайдалуу кеӊеш дегенди түшүндүргөн заманбап сөз. Англис тилинин «life» (жашоо) жана «hack» (ачуу, бузуу) деген сөздөрүнөн келип чыккан. «Жашоону ачуу» деген маанини берет.
Сөзүбүз толук болушу үчүн бир мисал айта кетели. Эгер спорттук сумкаӊыз жагымсыз жыттанып калса, ага бир нече чай пакеттерин салып койсоӊуз, ал жыт жоголот. Мына ушул кыска, бирок пайдалуу кеӊеш лайфхак.
Маалым болгондой, лайфхак сөзү IT-адистеринин лексиконунан алынган экен. Бул сөздү эӊ биринчилерден болуп британиялык журналист Дэнни О’Брайэн 2004-жылы пайдалана баштаган дешет. 2006-жылы диалектилерди изилдөөчү америкалык бирикме лайфхак сөзүн эӊ керектүү сөз деп тапкан.

АВТОУНАА ЖААТЫНДА
Краш-тест
– унаалардын коопсуз экендигин текшерүү үчүн уюштурулган сыноо. Англис тилинин «crash test» деген сөзүнөн алынган, бизче которгондо «авариялык сыноо» дегенди билдирет. Бул үчүн жаӊы жасалган унаага манекен салынат, андан соӊ унаа белгиленген ылдамдыкта келип бетон дубалды сүзөт. Унаанын жараксыз жерлери, ичиндеги манекендин кандай жабыр тартканы текшерүүгө алынат. Акыркы кездерде бетон дубалынын ордуна карама-каршы тилкеде келе жаткандай элес калтырган унаага окшош атайын каражат колдонула баштаган. Бул авариялык кырдаалды чындыкка болушунча жакындатуу аракети экени айтпаса да белгилүү. Краш-тестте кээде унаанын капталына, аркасына да соккулар урулат. Акыркы кездерде краш-тест жеке эле унааларга эмес, ноутбук, уюлдук телефондорго да колдонулуп калды.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Эльвира Караева
2015-10-06 08:39:02
komsomol85, islam14, Rashinboy, мат - бул спортчулардын жаракат алуусунан сактаган ошол жумшак килемче. Сүйлөмдө "төшөлгөн матка (же килемчеге) логотиптер чапталат" деп туура эле колдонулган.
+1
№ 674, 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан