«ИМАР ДОСУМ, БАЙЛАНЫШ!»
– Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Төрткүл айылынын тургуну Имар Тагаевди издейм. Экөөбүз Германияда 1985-1987-жылдары аскер кызматын бирге өтөгөнбүз. Имар, мен эсиӊде болсом байланыш.
Каныбек Чыйбылов.
Тел.: +79091816811
«ЖАЗГҮЛ, ОКУП КАЛСАӉ КАБАРЛАШ»
– Тайпалашым Бейшекеева Жазгүл Бузурманкуловнаны издейм. Ал Таластан болот. 2003-жылы БГУнун түркология факультетин бирге аяктаганбыз. Таанып-билгендер болсо менин издеп жатканымды кабарлап коюуӊуздарды өтүнөм.
Радмила Райымбек кызы.
Тел.: +79260386598,
radmila_raiymbekkyzy@mail.ru
«КЕСИПТЕШИМДИ ИЗДЕЙМ»
– 2003-2004-жылдары Ош шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын түштүк региону боюнча башкармалыгынын тергөө тармагында иштеген кесиптешим Убайдулла Асановду издейм. Убуке! Сенин дайыныӊды билгим келет. Окуп калсаӊ кабарлаш.
Мурдагы кесиптешиӊ Шакен.
Тел.: 0772 16 64 13; 0559-16 64 61
«МУГАЛИМИБИЗДИ ИЗДЕЙБИЗ»
– 1990-1995-жылдары Ош шаарындагы №38-Барпы атындагы орто мектебинде информатика сабагынан берген мугалим эжебиз Роза Абдыкадырованы издейбиз. Эжеке, окуп калсаӊыз чалып коюӊуз. Аны тааныган окурмандардан да кабарлап коюуларын өтүнөбүз.
Жазгүл.
Тел.: 0779 50 12 11
«КУРБУМ НАЗИРАНЫ ИЗДЕЙМ»
– Курбу кызым Назира Чокчоеваны издейм. Экөөбүз акыркы жолу 2013-жылдын январь айында Москва шаарынан кезиккенбиз. Жерлиги Баткен облусунун Лейлек району болсо керек. Кийин фамилиясын өзгөрттү деп уктум. Таанып-билгендер болсо кабар күтөм.
Ширин.
Тел.: 89999843834,
shirin_es@mail.ru
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыӊызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоӊуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыӊыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Тел.: (0312) 32-33-28
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg