Динара Акулова: «ЧЫНЫН АЙТСАМ, КОЛУМДУ СУРАГАНДАР КӨП»

Динара Акулованын жагымдуу үнү менен созгон ар бир ыры кимдин гана болбосун жан дүйнөсүнө жылуулук тартуулаары бышык. Эжени маекке тартуу максатында издеп таппай жатканбыз. Көрсө, ырчы Бишкекке жакын жайгашкан Воронцовка айылында дарыланып, ден соолугун чыңдап жаткан экен. Эжени көргөнү барып, акыркы жаңылыктары, жеке турмушу жөнүндө баарлаштык. Биздин маекке жанында отурган кызы Малика да кошулду.

– Динара эже, ден соолугуңуз кандай, жакшы болуп калдыңызбы?
– Ден соолугуң болбой турса, эч нерсеге көңүлүң да чаппай калат экен. Укол, тамчылатма дары алып жатып, Кудайга шүгүр, жакшы болуп калдым. Өзүңөр билгендей, АКШга бир топ жаш ырчылар, аксакалдардан мен болуп мекендештерибизди кыргыз ырлары менен кубантканы барбадыкпы. Алдын ала түзүлгөн программанын аягына чыкпай кетүүгө туура келди. Биринчиден, буга ооруп калганым себеп болду. Ал жак суугураак экен. Экинчиден, балдарым сагынып күнүгө телефон чала беришти.
– Өзүңүз кимди өзгөчө сагынды­ңыз?
– Маликаны, неберем Альдинаны, анан Маликанын күчүгү Метьюну аябай сагындым. Кетерде улуу кызым Мэрини Маликага караан болуп тур деп Оштон чакырткан элем. Келгенимде Мэри “апа, сиздин үйдө жок болгонуңузга чоңураак болгон үчүн Малика экөөбүз чыдайт экенбиз. Эки кичинекей чыдабайт экен” деп жатпайбы. Көрсө, неберем Альдина да, күчүгүбүз Метью да ооруп калыптыр. Метьюну деле түшүнсө болот. Ким көбүрөөк тамак берип, ким көңүл бөлсө, ал байкуш деле ошого көнүп калат да. Келип босогону аттарым менен куйругун шыйпаңдатып аябай сүйүндү. Ал эмес бир күн кечке сагынганын билгизип колдорумду жалап чыкты.
– Неберелүү болгонуңузда кандай сезимдер болду? Картайып баратам деп кейиген жоксузбу?
– Небере деген өзгөчө турбайбы. Балдарымды өзүм жуунтуп-тарантып, тамак берип баккам. Бирок неберени балаңдан да артыкча бөпөлөйт экенсиң. Мен башынан эле көп балалуу болсом экен дечүмүн. Неберелүү болгондо аябай сүйүндүм. Бирок азыр неберем Бишкекте эмес. Кызым Ошко турмушка чыкпады беле. Мен келгенден кийин экөө кайра Ошко кетишкен.
– “Турмуш куралы” деп колуңузду сураган мырзалар болбой койбосо керек...
– Чынын айтсам, колумду сурагандар көп эле. Бирок турмушка чыгуу жөнүндө ойлоно элекмин. Мындай суроону чечүү үчүн күчтүү болушуң керек. Мен эмне үчүн ушул убакка чейин турмушка чыкпай келдим? Балдарым чоңойсун, кой, уят деп жүрдүм. Маликам эми чоңоюп, уясынан учканы турат. Бирөөнүн баласы бирөөгө керек эмес да, туурабы? Үч балам тең кыз болсо. Бирөө кагып коёбу, кыздарымдын шагы сынып калабы деген энелик коркуу сезим менен жашап келдим.
– Үч кыз дедиңиз го. Мен Мэри менен эле Маликаны билет экем...
– Көнүп калган жаным Гүлмираны кошо санап жатпаймынбы. Гүлмира менин колума төрт жашында келген. Кичинесинен бакканымды эл деле билет го. Аны өз кызымдай эле көрөм. Мектепти бүтүрүп, университетке өткөрүп, эми жеке концертин берсемби деп турганда энеси колумдан алып кетти. Андан кийин Гүлмирка окуусун да окубай, ырдабай да, сүйлөшүп жүргөн жигитине турмушка чыкпай да калды. Бүрдөп турган учурунда энеси убалына калды да. Мен буга энесин күнөөлөйм.
Андан бери беш жыл өттү “апа, кандайсың?” деп бир да жолу телефон чалганга жараган жок. “Баккан бала – таттуу” деп коёт эмеспи. Гүлмира менден кеткени менен, жүрөгүмдө кыздарымдын бири бойдон калды. Кызыма бакыт каалайм. Бактылуу болсун!
– Жиниңиз келгенде эмне кыласыз?
– Мурун жиним келсе, бирөөлөр менен кыйкырышып уруша берчүмүн. Азыр унчукпай дудук болуп калам. Эзели жасабаган жумуштардын баарын чукуп чыгып жасап кирем. Мисалы, кийим тигем, идиштеримди кырып-жышып жууйм дегендей.
– Кийимди өзүңүз бычып-тигесизби?
– Ооба, дизайнын өзүм чийип алып, тигип коём. Мисалы, Маликанын сахнага кийген көйнөктөрүнүн көбүн өзүм тиккем. Андан сырткары, курак курайм.
– Эмнеге өкүнөсүз?
– Өкүнгөн нерсем, кылам деп жүрүп кылбай калган иштерим көп. Жаш кезимде сонун сценарийлер менен клиптерди тартпаганыма өкүнөм. Анан кээде отуруп алып кыздарымдын бири эркек болуп калса эмне дейм. Раматылык энем “кызым, өзүң төрөбөсөң да, эркек бала багып алчы” деп көп айткан. Энемди угуп эркек бала багып албаганыма өкүнөм. Багып алсам, азыр Маликам менен тең чоңоюп калмак экен. Мына Мэри турмушка чыкты, буюрса, Маликам чыгат. Алардын балдарын багам деп өзүмдү сооротуп жатам.
– Малика “башка улуттун жигитине турмушка чыгам” десе макул болосузбу?
– Көнүп калбадымбы, ойлонуп көрмөкмүн. Көнүп калбадымбы дегенимдин себеби Мэринин жолдошунун улуту таза кыргыз эмес, аралаш. Жаш өткөн сайын патриот болуп баратам. Чет өлкөгө чыкканда элимди-жеримди укмуш сагынып, көзүмө жаш тегеренчү болду. Чет жер канчалык кооз, канчалык өнүккөн болсо да кыргызыма, Кыргызстаныма эч ким, эч нерсе жетпейт экен. Ошол үчүн Маликага башка улутка турмушка чыккандан көрө кыргызымдын эле мырзасына чык деп айтар элем.
– Кызыңыз аябай эрке болсо керек...
– Ооба, Малика кичинесинен аябай эрке өстү. Чоңойгондо абдан эрке болуп калат го деп коркком. Бирок андай болгон жок, аябай токтоо. Канча кийими, канча бут кийими турса деле “жаңы алып бер” дей бермейи бар. Анда башка энелер сыяктуу мен деле урушам. Малика кичине кезинде көп акча коротчу. Азыр байкасам, бир берген акчаны кийинкиге үнөмдөп колдонуп калыптыр.
– Абдумалик байке менен байланышып турасызбы?
– Мындан эки-үч жыл мурун Абдумалик концерт бербеди беле. Ошондо Малика экөөбүз куттуктап ырдап кеткенбиз. Андан бери көрө элекмин. Кайда экенин да билбейм.
– Сиңдиңиз Элла экөө­ңүздөрдүн мами­леңиз­дерди начар дешет го...
– Элла экөөбүз бири-бири­бизди жаман деп, жакшы бир тууганды кайдан тапмак элек? Экөөбүз кичинебизден чогуу чоңойгон эмеспиз. Ошондонбу, башынан эле сый мамиледебиз.
– “Кош жылдыз” долбооруна нааразы болуп жатканы­ңызды уктум эле...
– Негизи, ал долбоорго катышпайт болчумун. Элдин даярданганына бир ай болгондо депутат Бакыт Төрөбаев экөөбүздү шаштырып киришти. Ырларыбызды тез аранын ичинде жаздырганыбыз менен, театрлаштырганга убакыт тар болду. Болгону, артыбызга кыздарды бийлеткенге жетиштик. 3 турда тең калыстар тобунун койгон баалары көпчүлүктүн көңүлүнө толбой калган окшойт, элдин сыноосуна калып калдык. Жыйынтыгында диплом, төш белги, «элдин арзуусуна татыды» деп күйөрмандарыбыздын атынан телевизор белек кылышты. Бакыт телевизорду “эже, ырдаганды үйрөттүңүз, рахмат. Карындаштарым көрүшсүн” деп мага ыйгарды.
– Эже, маегиңизге рахмат. Эч качан оорубаңыз.
– Рахмат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кыргыз элимди Жаңы жылы менен куттуктайм. Элибизде дайыма тынччылык, токчулук, ынтымак болсун.


Жылмайып коюңуз!

Короосунан чыга калган Динара:
– Эй жигит, эмне турасың үйдү сагалап?!
– Маликанын колун сурайын дедим эле...
– Эмне дейт ботом, эмне өзүңдүн колуң жок беле?
– Бар деңизчи, бирок эки колго караганда төрт кол көбүрөөк жумуш бүтүрөт да.


ЫРЧЫ ТУУРАЛУУ

  • Динара Акулова 1964-жылы Жети-Өгүз районундагы Аң-Өстөн айылында туулган.
  • Каракол шаарындагы музыкалык окуу жайын жана Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтун аяктаган.
  • Мыскал Өмүрканова атындагы 1-сыйлыктын, Президенттин Ардак грамотасынын, “Алтын үн” (2007) наамынын ээси. КРнын Эмгек сиңирген артисти.


Малика: «БААРЫ БИР АПАМДЫН ЖОЛУН ЖОЛДОЙМ»

Динара эже менен маектешип болгон соң кеп кезегин Маликага узаттык. Азыр баягы кичинекей Малика жок. Татынакай болуп бой жетип келе жатыптыр.

Малика, канчанчы класс болуп калдың? Окууларың кандай?
– Борбордогу №67-гимназияда 9-класста окуйм. Окууларым жакшы эле. Беш, төрт, кээде үч дегендей.
– Жаңы ырларды жаздырып жата­сыңбы? Ырларыңдын обонун, сөзүн ким жазат?
– Жаңы эле “Таазим кылам” деген ыр жаздырдым. Андан сырткары, даяр жети ырым турат. Болгону, ага үнүмдү кошуш керек. Ырларымдын обонун, сөзүн кээде апам жазып берсе, кээде сүйүктүү байкем Жаныш Момунов жазат.
– Келечекте кайсы кесипти тандасам деп жатасың?
– Мектепти аяктагандан кийин апам мага “Америкада окусаң жакшы болот эле” деп көп айтат. Кайсы жерде окубайын, баары бир апамдын жолун жолдоп ырчы болом. Буга апам бир чети макул, бир чети каршы. Каршы болгон себеби ырчы болуу кандай кыйынчылык менен коштолорун жакшы билет да.
– Эжең турмушка чыкканда ыйла­дыңбы?
– Мен анда Түркияга фестивалга кеткен элем. Ошондо эжемди уурдап кетишиптир. Бул жакка келгенден кийин угуп алып аябай ыйладым. Ал эми фестивалда болсо биринчиликке жетиштим.
– Шайыр Касымалиеванын кызы Мээрим эжең менен катышып турасыңбы?
– Мээрим эжем менен телефон аркылуу сүйлөшүп турам. Барып-келип катышканга, чынында, менин да, анын да убактысы жок.
– 9-класстан айрымдар жигит жандап калышат го. Сүйлөшкөнүң барбы?
– Мага азырынча эрте деп ойлойм. Анын үстүнө, бош убактым абдан аз. Латын-америка бийине, сууда сүзүүгө, чоң тенниске, коньки тебүүгө катышам. Кичине бошой калсам китеп окуйм, күчүгүм Метью менен сейилдейм. Күчүгүмдүн атын белгилүү Голливуд актёру Метьюнун атынан койгом.
– Окууга маршрутка менен барасыңбы? Мектепте көрө албагандар барбы?
– Эл катары эле маршрутка менен барам. Кээде апам жеткизет. Мен курбу кыздарымдын баарына бирдей мамиле кылам. Бирок алардын арасында мени көрө албагандар көп эле. Мисалы, беш-алтоо чогулуп алып ушакташат. Кайра эле алардын бирөө келип “сени тиги минтип айтты” деп жеткирип коёт.
– Рахмат маегиңе.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
blinamalina
2010-01-19 02:05:27
super=info, molodetzs'nger, fotoshop jakshy ishteit eken. dinaranyn bir surotun eki kylyp...
0
blinamalina
2010-01-19 02:05:45
a tak maga bul yrchy jagat, kyzy dagy tatyna
0
Robingud
2010-01-19 14:51:40
Madina sonun kyz bolup kaluptyr ee,bir tam4y balday...
0
№ 376, 15-21-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан