MegaCom КАРЫЯЛАРДЫ КУТТУКТАДЫ

MegaCom уюлдук компаниясы жыл сайын эки ирет өлкөнүн улгайган жарандарына акчалай колдоо көрсөтүп келет. Анын бири Улуу жеӊиш майрамында болсо, экинчиси 1-Октябрь – Карылар күнүндө ишке ашырылат. Бул сапар да Бишкек шаарынын «Сейтек» улуттук балдар борборунда чакан майрамдык концерт менен катар улгайган ата-апаларыбызга кезектеги салтка айланган колдоо көрсөтүлдү.

ЖАШ ТАЛАНТТАР АТА-АПАЛАРЫБЫЗДЫН КӨӉҮЛҮН КӨТӨРҮШТҮ
«Шаттык,» «Жаш кыял» бий ансамблдеринин жаш таланттары зал толо келген чоӊ апа, чоӊ аталарга жүрөк кубанткан ыр-бийлерин тартуулашты. Буга утурлай MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов куттуктоо сөзүн сүйлөдү:
– Бүгүн мага сиздерди акылмандыктын жана кайрымдуулуктун майрамы болгон Карылар күнү менен куттуктоо бактысы туш келиптир. MegaCom компаниясы бул майрамдын эл аралык аталышын алмаштырып, жан дүйнөбүзгө жылуу сезимдерди тартуулаган ызааттоо жана кайрымдуулук күнү катары белгилеп келет. Сиздер бүгүн залдан компаниянын кызматкерлеринен турган ыктыярчыларды көрүп турасыздар. Байыртадан эле элибиз «Карысы бардын – ырысы бар» деген накыл кепти туу тутуп, карыяларга сый-урмат көрсөтүп келген. Тереӊ ыраазычылыкка чулганган куттуктообузду жолдоо менен, турмуштун катаал сыноосун татыктуу көтөрө билген, көкүрөгүндө жаштыктын илеби уялаган ата-апаларыбызга жүзүӊүздөрдөн жылмаюуӊуздар өчпөсүн деп тилемекчибиз.

«НЕБЕРЕ ГАНА ЭМЕС, ЧӨБӨРӨ ЖЕТЕЛЕП КАЛДЫК»
Айта кетсек, өлкөнүн алдыӊкы уюл­дук компаниясы аталган MegaCom өлкөбүздөгү 1000ден ашык карылар үчүн жылына 4 миллион сом бөлүп, ар бирине 2000 сом өлчөмүндөгү акчалай колдоо көрсөтүп келет. Жылына эки ирет уюштурулган иш-чара борборубуз Бишкек шаарында гана эмес, өлкөнүн бардык 7 облусунда теӊ уюштурулуп, тейлөө кеӊселеринде ишке ашат.
Мындан сырткары майрам­дык иш-чараларга келе албаган жарандарыбыздын даректери боюнча акчалай каражаттарды жеткирип берүү кызматы да каралган. Компания тиешелүү мамлекеттик кызматтар менен биргеликте көп иштерди алып барары белгилүү. Мунун негизинде социалдык колдоого муктаж карыялардын тизмесин жыл сайын толуктап, кылган эмгектерин баалоону унутта калтырбай келет. Мындай колдоого Улуу Ата Мекендик согуштун ка­тышуучулары, тылда эмгектенген ардагерлер, баатыр энелер татыйт.
Салтанатка чөбөрөсүн жетелеп келген «Баатыр эне» Курманбүбү Буудайчиева компаниянын көрсөткөн сыйына ыраазы экенин билдирип, 7 жылдан бери акчалай колдоо алып келе жатканын айтат.
– Быйыл 80 жашка чыктым. MegaCom 7 жылдан бери абышкам экөөбүзгө акчалай колдоо көрсөтүп келет. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, быйыл 95 жашка чыкты. Жеӊиш күнүндө абышкам, Карылар күнүндө мен 2000 сомдон сыйлык алып кубанабыз. Жылда өзү келип майрамдык салтанаттарга катышып кетчү. Акыркы убакта кызматкерлер биздин дарек боюнча барып куттуктап кетишүүдө. Небере эмес, минтип чөбөрө жетелеп калдык. Ошону эске алып, көӊүлдү сурап, акчалай колдоосун көрсөткөн MegaCom`го ыраазымын. Бүгүнкү майрамдык кече көӊүл көтөрдү.
Майрамдык кече аяктаган соӊ майрамдын күнөөкөрлөрү ыктыярчы кызматкерлер тараткан акчалай колдоолорго ээ болушту. Мындан кийин салтанат уюштурулган жерде кичиавтобустар кызматта болушуп, ата-апаларыбыздын ар бирин үйлөрүнө жеткирип коюшту.

Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 674, 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан