ТОЙГО САЛАТ ЖАСАЙБЫЗ

«ТОКЧУЛУК» САЛАТЫ

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Тоок эти
– 300 грамм
Катуу сыр – 50 грамм
Консерваланган жүгөрү – 150 грамм
Ананас (консерваланганы да жарайт) – 50 грамм
Грек жаӊгагы – 50 грамм
Майонез – татымына жараша

ДАЯРДОО:
1.
Грек жаӊгагын көмөч казанга май куйбай эле 1-2 мүнөт кууруп алып, андан соӊ колубуз менен майдалайбыз.
2. Тоок этин сууга бышырып, муздаган соӊ чарчы формасында туурайбыз.
3. Сырды сүргүчтөн өткөрүп, ананасты узун-туурасы 1 сантиметрден кылып чарчы формасында тууроо керек.
4. Идишке тоок этин, жүгөрү, ананас, жаӊгакты салып, майонез кошуп аралаштырабыз. Салатты тарелкага салган соӊ жаӊгактын калганы менен үстүн кооздоп коёбуз.

«АЗИЯ» САЛАТЫ

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Уй же кой эти
– 100 грамм
Пияз – 1 даана
Болгар калемпири – 2 даана
Сабиз (орточо) – 1 даана
Бадыраӊ – 2 даана
Сарымсак – 3-4 тишче
Кинза – 5-6 тал
Черри помидору – кооздогонго жараша
Өсүмдүк майы – 50 грамм
Туз, мурч, соя соусу – татымына жараша

ДАЯРДОО:
1.
Этти чарчы же таякча түрүндө туу­­райбыз. Андан соӊ мискейге салып, туз, мурч, 1 аш кашык соя соусун кошуп 10 мүнөт тыныктырабыз.
2. Этти көмөч казанга салып, жай отто 5 мүнөт бышырабыз.
3. Болгар калемпирин жана бадыраӊды узун ичке, пиязды жарым шакекче түрүндө туурап, сабизди сүргүчтөн өткөрөбүз. Ал эми сарымсакты майдалап туурап өзүнчө идишке сала турабыз.
4. Тууралган азыктардын баарын этке кошуп аралаштырабыз.
5. Көмөч казанга өсүмдүк майын куюп ысытып, биринчи сарымсакты, андан кийин калгандарын салып аралаштырабыз. 2 мүнөттөн соӊ 1 аш кашык соя соусун жана тууралган кинзаны кошобуз. Тарелкага салгандан кийин үстүн черри помидору, күн карама даны менен кооздоп койсоӊуз, салатыӊыз көркүнө чыга түшөт.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
eliza5566
2015-10-05 10:18:04
дастаркондун декорациясы жана карвингдин сырлары тууралуу да жазгылачы
+2
admin_superstan
2015-10-05 10:31:42
eliza5566, саламатсызбы!
Карвинг тууралуу макала бар:
http://www.super.kg/article/show/17269
Ал эми дасторконду кооздоо тууралуу сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип коёбуз.
0
beben
2015-10-05 14:18:52
Эн сонун го мага азия салты жакты жасап кором
0
OYSI
2015-10-05 14:29:53
Азия салат жакты,бугун даярдап коройунчу даамын кандай болоорун билебиз:))
0
bolotbek91
2015-10-05 19:16:14
Жасап жеп коруш керек экен
0
Aida_75
2015-10-05 21:05:57
Эн жакшы кенеш экен. Рахмат
0
Ledi89
2015-10-06 11:17:43
Дагыда жакшы салатарды жаза бериниздер.
0
karachach91
2015-10-06 15:19:12
Мага да cалаты жакты. Рахмат.Курсагым курулдап кетти. Анткени жумушта отурам
0
anyaza
2015-10-08 18:30:14
чарчы болгондо кубик турундо болобу?туз кошулбайбы
0
sely
2015-10-09 12:14:55
anyaza,чарчы д.н саломка б.а аша сабиз туурагандай ьууралат
0
anyaza
2015-10-08 18:39:27
чарчы деген кубик да э? туз кошулабы?
0
Latyshka
2015-10-09 10:11:23
anyaza, ооба, төрт бурчтук кылып туурайсыз, биринчи салатка туз кошулбайт.
0
Sandrana
2015-10-09 12:47:49
ООх,эн жакшы коргон тамактардын бири салат мен учун!
0
Missulya
2015-10-09 14:03:49
Азия салаты "доллар " сыяктуу го мен жасайм дайыма эле аябай жагат.
0
Aysuluu95
2015-10-11 15:06:18
Choon rahmat
0
№ 674, 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан