БИР БҮРКҮМ

  • 2015-жылдын 9 айында КОРРУПЦИЯГА байланыштуу 662 кылмыш иши козголгон. Анын 260тан ашууну сотко өткөрүлгөн. Коррупциялык иштерден улам мамлекетке келтирилген зыян 225 миллион 223 миӊ сомду түзүп, анын 22 миллиону мамлекетке кайтарылган.
  • Мамлекеттик айыптоо экс-баш прокурор АИДА САЛЯНОВАНЫН күйөөсү Бакыт Абдыкапаровду 7 жылга кесүүнү суранды. Эске салсак, ага «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирүү», «алдамчылык» беренелери менен айып тагылган.
  • «ОРУСИЯ-2018» футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондугунун тандоо турунда Кыргызстан курамасы 8-октябрда саат 19:30да Тажикстан, 13-октябрда Бангладеш курамасы менен Бишкекте беттеш өткөрмөкчү. Буга карата Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион толугу менен оӊдоодон өтүп, уюштуруу иштери жогорку деӊгээлде болору күтүлүүдө.
  • ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО 607 байкоочу көз салат. Бул тууралуу БШКнын башчысы Туйгунаалы Абдраимов билдирди.
  • «Дин башкармалыгын башкарып жүргөндө ажылыктан түшкөн кирешеден салыкты төлөбөй жашырып койгон» деп айыпталып жүргөн экс-муфтий ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВДУ Жогорку Сот күнөөсүз деп тапты.
  • 28-сентябрда БИШКЕК ЖЫЛУУЛУК БОРБОРУНУН 1959-жылы курулган түтүн чыгуучу мунарасы оӊдоо иштерине байланыштуу кулатылды. Анын ордуна бийиктиги 150 метрлик жаӊы мунара орнотулат.
  • Кыргызстанда жыл башынан бери 1 миллион 200 миӊ тонна КӨМҮР өндүрүлдү. Өлкөнүн көмүргө болгон жылдык керектөөсү 2 миллион 718 миӊ тоннаны түзөт.
  • Ош шаарындагы ЖАПАЛАК айылына биринчи жолу газ түтүктөрү тартылып, айылдын төрт көчөсү газ менен камсыз болду. Газ түтүктөрү айылдын 125 үйүнө тартылып, жалпы узундугу 4 чакырымга жетти.
  • Окуучуларга 10-октябрга чейин мектепке БИРДИКТҮҮ ФОРМА эмес, каалаган кийим менен барууга уруксат берилди. Эске салсак, окуучулар 30-сентябрдан тарта мектепке бирдиктүү форма менен баруусу керек болчу.
  • Адистердин айтымында, Кыргызстандагы УНАА ЖОЛДОРУНУН 20 пайызы гана минималдык коопсуздук жана сапат нормаларына жооп берет. «Кыргызстандын унаа жолдорунун 52 пайызын жол деп айтууга кыйын»,- дейт өкмөт башчы Темир Сариев.
  • SIM-КАРТАЛАРДЫ каттоого алуу 2016-жылдын 1-февралына чейин узартылды. Уюлдук операторлордун абоненттик базасындагы 1 миллион 82 миӊ 601 абоненттин SIM-карталарынын каттоодон өтпөгөнү буга себеп болгон.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 674, 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан