ЫНТЫМАК АЗЫР АБА МЕНЕН СУУДАЙ ЗАРЫЛ

Сириядагы жарандык согуштан кийин пайда болгон ИГИЛ деген террористтик топ Ирак менен Сириянын бир топ аймагын ээлеп алып, түшкө кирбес жырткычтык аракеттерди жасап жатканын көрүүдөбүз. Бул топко Кыргызстандан барып кошулгандардын саны 400дү чамалаганын укук коргоо органдары айтып жатышат. ИГИЛдин мүчөлөрү учурда Ооганстанда да кулачын жайып, ал жактагы айрым экстремисттик күчтөр менен биригип жатканы маалымдалууда. «Талибан» согушчандары ИГИЛдин идеялаштары экени жашыруун эмес. Дүйшөмбү күнү дал ушул «Талибан» согушкерлери Ооганстандын түндүк тарабындагы Кундуз провинциясын жана анын борбору Кундуз шаарын ээлеп алды. Өкмөттүк күчтөр аймакты таштап качууга аргасыз болгон. Эми Ооган армиясы аймакты кайтарып алууга аракет кылып жатат. Бул жерде жашап жаткан он миӊдеген тургундарды эске алганда, эки тараптын кыл чайнашынан канча кан төгүлөрүн айтуу кыйын.
Бул окуя КМШ өлкөлөрүнүн тынчын алууда. Анткени Кундуз провинциясы Тажикстан менен чектеш. Кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетсе Кыргызстанга да коркунуч жаралбай койбойт.
Дал ушундай маалда жекшемби күнү бизде парламенттик шайлоо өткөнү турат. Бул саясий иш-чараны ар кандай ички жана сырткы күчтөр пайдаланып, өлкөдө баш аламандык уюштуруп жиберүүгө аракет кылышы мүмкүн. Андыктан эл биримдикте жана ынтымакта болушу азыр аба менен суудай зарыл. Кыргызстандагы туруктуулук жана тынчтык биздин эӊ башкы байлыгыбыз экенин ар бирибиз эске алып, бузукуларга «жок» дей турган күндө турабыз. Колтугунда котур ташы барлардын сөзүнө алданып, акчасына азгырылып өлкөбүздү чайпап албашыбыз керек. Биздин ынтымагыбыз бекем болсо, саясатчылардын бөлүп-жаруусуна алданбасак, эч кандай күч бизге коркунуч жарата албайт. Муну ар бирибиз жүрөгүбүз менен туюп, көкүрөгүбүз менен сезсек коркунучтар артта калат.

Адилет Туратбеков
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 674, 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан