ЖАҢЫРГАН ЖЫЛДА 3 КҮНГӨ БИЙЛИК БЕРИЛСЕ, ЭМНЕНИ ӨЗГӨРТӨТ ЭЛЕҢИЗ?

«Супердин» сурак бурчу

Искендер,
29 жашта, жумушчу:
– Эгерде мага мындай мүмкүнчүлүк берилсе, эң биринчи эле мамлекеттин мүлкүн менчиктештирүү тууралуу мыйзамды жокко чыгармакмын. Себеби учурда элдин байлыгынын баарын жеке менчикке чыгарып алып чардагандардын саны көбөйүп жатпайбы. Экинчиден, Конституцияны кайра иштеп чыгып, өзгөрбөй тургандай кылып бекитмекмин.

Бермет,
18 жашта, студент:
– Негизи, Бишкектин мэри болсом деп кыялдана берем. Эгер 3 күнгө мэр болсом, чоң базарлардын баарын шаардын четине көчүртмөкмүн. Маршруткалардын санын азайтып, автобустарды көбөйтмөкмүн. Айына бир жолу абаны тазартуу максатында машиналарды токтотуп, жөө жүрүү күнүн уюштурмакмын.

Нурбек,
33 жашта, менеджер:
– Оо, мага үч күнгө эле бийлик берилсе жетиштүү болмок. Алгач иштеген уюмдун жетекчиси болуп көп нерсени өзгөртмөкмүн. Мисалы, маянаны жогорулатып, уюмдун бюджетинин айрым бөлүгүн кары-картаңдарга, майыптарга материалдык жардам катары да бөлүшөр элем. Андан соң өзүмө батир сатып алганга аракет кылмакмын.

Чолпон,
42 жашта, мугалим:
– Мага бийлик берери менен азыркы бийликти толугу менен өзгөртмөкмүн. Бийликтин бардык тармактарына чыныгы кыргыз деп күйгөн патриот жаштарды иштетмекмин. Билим берүү тармактарынын теориялык жагын азайтып, практикалык жагын көбөйтүү тууралуу мыйзамды кабыл алмакмын.

Алайбек,
40 жашта, айдоочу:
– Мени Маданият министри кылып шайлап коюшса, фонограмма деген немеге тыюу салмакмын. Азыр нота эмне экенин билбегендер деле сахнага чыгып жатышпайбы. Бул туура эмес. Ал эми чыныгы таланты барларга колдоо көрсөтүп, дүйнөлүк сынактарга катышууга жолдомо алып бермекмин.

Роза,
58 жашта, пенсионер:
– Эми мага бийлик берилбей калды го. Эгер берилип калса электр жарыгын, жылуулук берүү жана башка коммуналдык кызматтардын төлөмүн арзандатмакмын. Ошондой эле окуучулар менен студенттер союз учурундагыдай бекер окушсун деп мыйзам чыгарар элем. Азыр билим бербей эле акча эсептегендер көбөйдү.

Азиз,
20 жашта, студент:
– Мындай нерсени өңүбүздө эмес, түшүбүздө эле көрөбүз го. Мен спорт жагын колго алмакмын. Түнкү клубдарды жаптырып, алардын ордуна спортзалдарды ачмакмын. Жаштарды спортко кызыктыруу максатында бекер машыгууга чакырмакмын.

Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 375, 8-14-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан