«Автомат» атыккан төкмө акын
Жеӊишбек Жумакадыр 25-сентябрь күнү уулдуу болду. Мындан сырткары акындын 3 кыз, 1 уулу бар. Мураскерлүү болгонуна кубанган Жеӊишбек мырза:
«Учурда уулумдун да, энесинин да саламаттыгы жакшы. Атын Нурбелек койдум»,- деп сүйүнүчү менен теӊ бөлүштү.
Ырчы
Гүлзада Рыскулованын да үй-бүлөсүндө толуктоо болуп, 24-сентябрда жолдошуна балканактай уул төрөп берип, кубанычы артып турган маал. Энелик мээримин төгүп, баласынан чарк айланып турган Гүлзада айымга куттук айтып, азыноолак суроо узаттык.
– Бешик бооӊуз бек болсун! Кичинекей чоӊоюп жатабы? Кыйналган жоксузбу?
– Рахмат! Төрөт жеӊил болду, уулум 3 килограмм 900 грамм салмакта төрөлдү. Курман айт күнү жарыкка келгендиктен, чоӊ атасы
«өз аты менен төрөлдү» деп
Курманбек
деген ысым ыйгарды.
– Кимге окшош экен деген суроо көп берилет эмеспи. Өзүӊүз кимге окшоштуруп жатасыз?
– Көргөндүн баары эле
«атасына окшош экен» деп жатышат. Мен кара торумун, балам атасына окшоп ак жуумал. Мага деле окшош жактары бар.
– Адатта улуу балдар апасын бөбөгүнөн кызганат эмеспи. Агасынын инисине болгон мамилеси кандай болуп жатат?
– Балам
«качан төрөлөт?» деп күн санап, бөбөгүнүн төрөлүшүн аябай күттү. Азыр ал 12 жашта, кызгана турган учурдан өтүп калды да. Бош убактысы болсо инисин эркелетип жанынан чыкпайт.
– Кыргызда баланын кыркы чыгып, эне тыӊыганча төркүнүндө болот эмеспи. Азыр каяктасыз?
– Шаарда, өз үйүбүздө элемин. Төркүнүмө барган жокмун. Азыр жолдошум кол кабыш кылып жеӊилимди жерден, оорумду колдон алып жатат.
– Уулуӊузга өмүр, сизге ден соолук каалайбыз!