Максат Касенов: «БИЗДИН АКЧАБЫЗ ЖОК»

Ушул жекшемби күнү, 4-октябрда, парламенттик шайлоо өтөт. Жарышка аттанган партия лидерлеринин «Азаттык» менен болгон маектеринин соӊку бөлүгүнө орун беребиз.

– Саламатсыздарбы? Биздин студиябыздын коногу «Улуу Кыргызстан» партиясынын төрага орун басары Максат Касенов. Максат мырза, шайлоого аз убакыт калганда коомчулукта аты белгисиз партиялардын пайда болушу же ар кандай партиялардын бириге коюп жаӊы саясий күч болуп чыга келиши кадыресе көрүнүш болуп бараткандай. Бул жагынан алганда сиздердин партияны кайсы топко кошсо болот?
– Эми биз жаӊы эле шайлоонун алдында чыга калган партиялардын бири эмеспиз. Жергиликтүү кеӊештердин шайлоолоруна катышып жүрдүк. Буга чейин «Кыргызстан жаштар кеӊеши» деп коомдук бирикме катары түзүлгөнбүз. Элибизге кызмат кылалы, элибиз үчүн иштейли деп көптөгөн адилетсиз иштерге каршы чыгып, өзүбүздүн оюбузду билдирип эл арасында жүргөнбүз. Анан «Кыргызстан жаштар кеӊеши» боюнча эле кала алган жокпуз, себеби коомдук бирикмелер шайлоого катыша алышпайт экен. Ошонун негизинде биз партияга айланганга мажбур болдук.
– «Кыргызстан жаштар кеӊешине» сиз төрага болуп келгенсиз. Анан сиздердин катарыӊыздагы дагы бир активдүү өкүл, жаш активист Жеӊиш Молдокматов да бар болчу. Ал азыр «Замандаш» партиясында жүрөт. Кыймыл партия болуп чоӊойсо, анда чачырап кайра иргелдиби?
– «Кыргызстан жаштар кеӊешин» түптөгөн жигиттердин көбү эле келдик. Айрым өкүлдөрүбүз, балким, пикирибиз келишпей, же биздин келе жаткан оор жолубуз аларга жакпай калгандыр... Башка партиялардан айырмаланып бизде бийликтин өйдөӊкү бутактарында отургандар жок. Же болбосо башка партиялардай миллион, миллиард акчабыз да болгон жок. Ошондуктан «Улуу Кыргызстан» партиясы түзүлүп жатканда элим-жерим деген жигиттер тоскоолдуктарга карабай арабызда жүрөт.
– Үгүт өнөктүгү башталганда партиялардын иш-аракеттеринен алардын каржылык дарамети көрүнүп жатат. Сиздердин партияны ким кантип каржылап жатат?
– Туура айттыӊыз, биздин башкалардай болуп акчабыз көп эмес. Баннерлерди илип, телевизордон мүнөт сайын чыга турган акчабыз жок. Биздин 80 миӊден ашык мүчөбүз бар. Ошолор аркылуу үгүт иштерин жүргүзөлү деп чечтик.
– Сиздердин партияны улутчул деп жүрүшөт. Коомдук тартипти тескейбиз деген «Кырк чоро» сыяктуу уюмдарды колдойсуздарбы?
– Негизги принциптерибиздин бири бул мыйзам жана тартип болуш керек.
– Түз жооп берсеӊиз, колдойсуздарбы же колдобойсуздарбы?
– Биз мыйзамсыз болуп жаткан нерселерди колдой албайбыз.
– «Кырк чорону» колдобойсуздар...
– Мыйзамсыз болсо колдобойбуз. Эгер мыйзам чегинде болсо колдойбуз. Бирок бизди улутчул дегендерди түшүнө албайм. Биз болгону элибиздин кызыкчылыгын коргоп келе жатабыз.

Текст «Азаттык» сайтындагы видеомаектерден түшүрүлүп, кыскартылып берилди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Pantherka
2015-10-05 09:54:49
Акчабыз жок дебей иштешсе болмок, азыр заранее муну кылам деген жок да,келе жатканда эмне иш кылды ошол бааланды бул шайлоодо.
0
novayariga
2015-10-05 15:54:49
Азыр добуш алуу акчадан коз каранды экенин билип тушундук го шайлоодон кийин.
0
№ 674, 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан