Ушул жекшемби күнү, 4-октябрда, парламенттик шайлоо өтөт. Жарышка аттанган партия лидерлеринин «Азаттык» менен болгон маектеринин соӊку бөлүгүнө орун беребиз.
– Саламатсызбы? Биринчи суроо: «Кыргызстан» талапкерлер тизмесин БШКга бергенге чейин аябай жашырды. Мында кандай сыр бар?
– Тизмени түзгөндө партияда талаш-тартыштар аябай көп болду. Бул эми жаӊы партия болгондуктан жер-жерлердеги талапкер болуп чыккан адамдардын оюн да угуп, кимдин кандай күчү, потенциалы бар, ошого жараша тизмени түзгөнгө аракет кылдык. Баары эле мен утам, жакшы добушка ээ болом, жеӊип келем деген ойдо, уттурам деп эч ким чыкпайт. Баары эле алдыда турсак дейт. Ошондуктан кыйын болду.
– Кандай критерийлер менен тандадыӊыздар, сиз анан дагы бир лидер эки тизме алып чыкты деген сөз болуп жатпайбы?
– Жок, андай болгон жок.
– Аргументтер менен эле айтып жатышпайбы.
– Башынан эле өзөгүн түзүп койгонбуз, болгону айрым аймактардан нааразычылык болду. Ошого байланыштуу түзөтүү иштерин жүргүздүк. Басымдуу бөлүгү баштапкы тизмедеги адамдар эле калды.
– «Шайлоо кызыганча штабдарды түзгөнгө, үгүтчүлөрдү тапканга 30 миӊден 50 миӊ долларга чейинки каражат сарптадык эле, биз илинбей калдык» деген фактылар болду. Сиз аларга короткон акчаӊарды төлөп берем деген экенсиз. Төлөп бересизби?
– Бизде акча коротуп, анан тизмеге илинбей калдым деген факт болгон жок.
– Акчасын төлөп бересизби ошондой болсо?
– Эгерде акчасын коротуп, тизмеге илинбей калса, акчасын кайтарып беребиз.
– «Кыргызстан» КСДПнын бир бөлүгү, ага кирбей калгандар «Кыргызстанга» кирип жатат, шайлоодо оппозициянын добушун бөлүп-жарып, КСДПга колдоо көрсөтөт" деген сөздөр болуп жатат.
– Ооба, коомчулукта ар кандай сөздөр көп болуп жатат. Биз өз жолубузду, өз багытыбызды тандап алган партиябыз. Ооба, КСДП менен мамилебиз жакшы. Ошол эле башка партиялар менен да мамилебиз жакшы.
– Бирок КСДП менен мамилеӊиздер өзгөчө жакшы...
– КСДП менен деле талаш-тартыш маселелер көп.
Текст «Азаттык» сайтындагы видеомаектерден түшүрүлүп, кыскартылып берилди.