Кебаб – перс тилинен которгондо «куурулган эт» деген маанини түшүндүрөт. Бул ар бир элде ар кандай аталат. Чет өлкөлөрдүн ашканасынан кебаб, кабаб, кабоб, кябаб, кавап деген тамакты кездештирсеңиз, биздин кебаб экен дей бериңиз. Кебаб Жакынкы Чыгыш, Орто Азия, Закавказьядагы өлкөлөрдүн ашканаларындагы өтө популярдуу тамак. Аталган тамак башында кой этинен гана жасалса, азыр уйдун, эчкинин, куштун, балыктын, чочконун этинен да даярдалууда.
МАНГАЛДА БЫШЫРЫЛУУЧУ КЕБАБ
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Койдун сулп эти – 1 килограмм
Куйрук май – 100 грамм
Пияз – 4 баш
Кургатылган базилик – 1 чай кашык
Кара мурч – 1 чай кашык
Татымына жараша туз
Аарчылып, жуулган пиязды, куйрук майды, этти эт туурагычтан 2 жолу өткөрөбүз. Туурамжыга мурч, туз, базилик кошуп 10 мүнөттөй аралаштырып, аны баштыкка салып столго 7-8 мүнөт катуу чапкылап алабыз. Анан муздаткычта 1 сааттай турушу керек.
Даяр фарштан узундугу 12-14 сантиметр колбасадай форма берип шампурларга жабыштырабыз. Көмүрдүн отуна кактап бышырып же май куюлган көмөч казанга кызарта куурабыз. Көмөч казанга бышырсак, улам которуп туруу зарыл. Кандай жол менен бышырсак да 20 мүнөт аралыгында даяр болот. Фантазияңызга жараша чөп-чарлар менен кооздоп дасторконго коё бериңиз.
ЭЛЕКТР МЕШИНДЕГИ КЕБАБ
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Уй эти – 600 грамм
Пияз – 300 грамм
Сарымсак – 4 баш
Лимондун ширеси – 2 аш кашык
Петрушка – 1 боо
Кориандр – Жарым чай кашык
Татымына жараша туз, кара мурч
Сулп этти бир сыйра жууп, сарыктырып, анан эт майдалагычтан өткөрөбүз. Аарчылып, эт майдалагычтан өткөрүлгөн пияз менен сарымсакты эт менен аралаштырабыз. Туз, мурч, кориандр, лимондун ширесин, майда тууралган петрушканы кошуп жакшылап аралаштырабыз. Анан туурамжыны бир саат муздаткычка коёбуз.
Муздаткычтан алып чыгып кичинеден бөлүп алып, жыгач таякчага мыкчый кармап жабыштырабыз. Анан фольгага ороп формасын бир калыпка салабыз. Ысып турган электр мешинин табаларын майлап тизебиз. 200 градус ысыкта 30 мүнөт аралыгында даяр болот. Даяр болгон соң фольгадан алып, түрдүү чөп-чарлар менен кооздоп коногуңузга узата бериңиз.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg