(Башталышы өткөн сандарда)
– Иттин гана баласы, неберең деп тим эле! Мен мындай катындан төрөлгөн баланы неберем деп айта албайм! Көзүмө көрсөтпө! Эгерде болбой эле үйлөнө турган болсоң, ушул турган турушуң менен үйдөн чыгып кет! Минген машинеңди таштап кой. Сен көөп кеткен экенсиң!
Тимур атасынын жаалына туруштук бере албай, шөмтүрөп туруп берди. Балким, өзү келип сүйлөшсө башкача болот беле? Аделди ээрчитип кирип келсе, аргасыз ичиндеги бала үчүн болсо да көнөт деп ойлогон. Акыбал мындай болуп кетерин таптакыр билген эмес. Жанатан бери үн катпай, эрдин бекем тиштеп турган Адел Тимурдун абалын түшүндү. Дагы да махабаты үчүн канатын куйкалап алганын сезди, ишеничи сынганын билди.
– Болду, жанатан бери айтпаган нерсени айттыңыз. Кабыл алыңыз деп жалынбайм. Сизге баары акча менен ченелет тура. Жок дегенде төрөлө элек балага ачуу тилиңизди тийгизбеңиз.
Күч менен араң ушуларды айтты да, эшикти көздөй шалдырай бет алды. Тимур токто деп да айта алган жок. Дал ушул учурда Карыпбек кирип келди.
Аделдин абалы начарлагандан начарлай берди. Карыпбек болсо жумушун, карьерасын жыйыштырып, тоо арасына салынган үйүнө кетип калган. Балким, ал ушундай жол менен өзүнө-өзү даба издедиби, ким билсин? Аделди эми Турсун апа менен Айкөл гана карап калышты. «Өтө катуу стресстен улам эсинен танып калып жатат, бул невроз деген дарт. Мезгилдин өтүшү менен эстен танганы калат» дешти врачтар. Айкөл бир күнү Тимурду кеңседен жолуктуруп калды.
– Акмак, кайсы бетиң менен жер үстүндө басып жүрөсүң?! Адел сен үчүн жарым жан болуп калды!- деди жек көрө.
– Адел кандай?
– Ишиң болбосун! Экинчи анын жашоосуна баш багам деп ойлобо!
– Эми кайдан, атамдар бир кыз таап, шашылыш түрдө үйлөнткөнү жатышат,- деди шылкыйган Тимур.
– Тфу, ит десе, ушунчалык пас адамсыңбы?- деп жийиркеничтүү түкүрүп басып кетти.
***
– Айкөл байке, эмнеге элдин баары сиздей жаралып калган эмес?- деди бир күнү аны тиктеп жаткан Адел.
– Мен кандай экенмин?
– Сиз адамдан башкачасыз. Сиздин кадыр-баркыңызга жете турган адам жолукса болду. Сиз бактылуу болушуңуз керек.
– Мен азыр деле бактылуумун,- деди Айкөл. Эчен жылдан бери көкүрөгүндө сактап келген сыр өзүнөн өзү чыгып кетти. Адел жай гана башын чайкады.
– Мен сиздин эрке карындашыңызмын, бир бооруңузмун. А мен андай эмес, чыныгы аял менен эркектин ортосунда боло турган бакытты айтып жатам.
– Адел, сен айыгасың, бул наристе жарык дүйнөгө келет. Баары жакшы болот,- мукактанган Айкөл бул жолу да сезимин айта албай токтоп калды. Сезими көз жашка айланып, көз кычыктарына толо баштады.
– Ыйлап жатасызбы? Кызык, мен үчүн да бир адам ыйлайт экен, ээ? Мен сизди аябай жакшы көрөм. Жашоомо сизди жибергени үчүн Жаратканга рахмат.
Аделдин кичине колдорун кармалаган Айкөл жашын жутуп турду. Өзүнүн мококтугун жек көрдү. Жүрөгү жарылып баратса да, айта албаган алсыздыгын аяды.
– Ал качан үйлөнөт экен?- деди Адел бир топтон кийин.
– Ким?
– Тимур.
– Сен аны кайдан билесиң?
– Бирөөлөрдөн уктум, демек, качан экен?
– Аны эмне кыласың?
– Туура, эми анын мага кымындай да тиешеси жок,- деди чарчаңкы сүйлөгөн Адел. Бир аздан кийин акырын үн катты...
(Уландысы кийинки санда)