БЫЙЫЛКЫ КҮЗДӨ ТРЕНДГЕ АЙЛАНГАН КИЙИМДЕР

Торчо сызыктары бар түрдүү түстөгү көйнөктөр айымдарда гана эмес, мырзалардын гардеробунда да көп кездеше турган кийим. Мындай көйнөктөрдү жеңи жок күрмө же токулган жемперлер менен жакасын чыгарып кийсеңиз болот.

Атактуу стилисттер твид (жүндөн токулган) кездемесин бул күздүн «баскынчысы» деп аташууда. Ооба, мурун твид кездемесинен пальто, күрмөнүн ордуна кийилчү классикалык костюмдарды гана кийсек, бул күздө аталган кездемеден юбка, комбинезон, сарафан, кофталарды тигип кийе башташты. Андыктан ачык түстөгү твидден тигилген кофта, юбка кийсеңиз бул күздүн саркеч айымы сиз болосуз.

Классика – бул түбөлүк модадан кетпеген стиль. Андыктан мырзалар күз айында бул стилде кийинем десе, костюм-шым менен классикалык пальтону туура тандаса эле өз стилин табат.

Дагы бир тренддердин бири замшадан тигилген кыска жана узун юбкалар, бут кийимдер жана көйнөктөр. Бул жылдын жаз айларында мода болгон замша күздө да актуалдуулугун жоготпойт. Ал эми майда болуп тилинген чачыктарды (бахрома)бул жылы сумкадан гана эмес, замша пальтолордон, юбкалардан да кездештирүүгө болот.

МЫНДАН СЫРТКАРЫ

КӨЙНӨКТӨР...
Этеги түрдүү формада кесилген кече көйнөктөр азыр модада. Дизайнерлер быйыл этеги өзгөчө, адаттагыдан сырт фасондогу көйнөктөрдү ойлоп табышты.

ЮБКАЛАР...
Бул сезондо тизеден ылдый болгон түрдүү фасондогу миди юбкалар актуалдуу.

БУТ КИЙИМ...
Көчөдө кийүүгө эң ыңгайлуу бут кийим, албетте, слипондор. Слипон – бул таманы калың резинадан жасалган, байлагычы жок кеда. Слипонду чапташкан лосина, жынсы шым, юбка менен кийсеңиз болот.

СУМКАЛАР...
Көлөмү чоң вертикалдуу сумкалар бул сезондо актуалдуу. Стилисттер бул сумкалар айымдарды стилдүү көрсөтөт десе, айымдар болсо ыңгайлуулугу жана көп буюм батыра алгандыгы менен макташат.

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
jamal1993
2015-10-14 18:29:23
Эн жакшы
0
Boldukan86
2015-10-15 01:07:43
бизда кийсек болобу
0
albinochka2015
2015-10-15 09:25:08
Дайыр мн Ассолбу?
0
jypar.i
2015-10-15 18:10:00
Слипонду көйнөк, юбкалар менен да кийсе болот деп, Орусиянын "Модный приговор" берүүсүндө Эвелина Хромченко бир нече жолу айтты.
0
youngyoung
2015-10-16 13:04:16
kyrgyzstanda emi moda bolup jataby bular?
0
Apyyke
2015-10-19 07:11:05
Ассоль барби эле болуп калыптыр го.
0
№ 675, 9-октябрь-15-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан