РОСИНБАНК «АРТЫКЧЫЛЫКТАР КӨП БОЛУШ КЕРЕК»

Кыргызстанда иш алып барган «Росинбанк» ААКсы өз кардарлары үчүн ылайыктуу жана пайдалуу акцияларды сунуштап келет. Буга чейин аманаттар үчүн «Белектер мезгили», «Белектер мезгили-2» жана «Жогорку пайыз» акцияларын өткөрүп, көпчүлүк кардарларын сүйүнткөнү эсибизде. Ал эми 5-октябрдан жылдын аягына чейин «Артыкчылыктар көп болуш керек» аттуу акциясы башталып, аманат ачкан кардарлар баалуу белектерге ээ болушат. Бул тууралуу «Росинбанк» ААКсынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ншанян Ваагн кененирээк айтып берди.

«АКЧАНЫ ИШТЕТҮҮ КЕРЕК»
– Акыркы учурда банктарга карата мамиле өзгөрүп жатканы көпчүлүктү таң калтырбайт. Банк бизнес чөйрөсүнө багытталган институттан ар бир адамдын күнүмдүк жашоосуна зарыл болгон структурага айланды. Банктардагы тейлөө маданияты жакшы жолго коюлуп, кардарлардын жаш курагы да кеңейип баратат: жаштар да, пенсионерлер да банктык кызматтан активдүү пайдаланып жатышат. Төлөм карталары, банкоматтар жана терминалдар – күнүмдүк жашоодогу атрибуттар. Банк – бул эң биринчи кезекте өнөктөш, ишенимдүү кардарга муктаж, ошондой эле кардар да банкка кызыкдар. Биз кардарларды банкка тартууга аракет кылабыз, алардын каражаттары иштөөсү зарыл. Азыр деле эл арасында «акчаны банкка эмес, банкага сактоого керек» деген түшүнүк дагы деле жашап келет. Бирок биз кардарлар үчүн аманаттарды ачуунун кандай артыкчылыктары бар экендигин маалымдап келебиз.

«БИЗ ҮЧҮН АР БИР КАРДАР КЫМБАТ»
– Биздин банктын негизги иш алып бара турган багыттарынын бири – жеке кардар менен иштөө саналат. Азыркы тапта ар түрдүү кызмат менен пайдаланган жалпы кардарлардын саны 100 миңден ашат. Алардын ар бири биз үчүн кымбат жана ар бирине өзгөчө мамиле жасоого аракет кылабыз. Алар биздин алтын фондубуз деп айтсам жаңылышпайм. Ошондуктан бардык өнөктөштөргө ишеним арткандары үчүн ыраазычылык билдирүү максатында «Росинбанк» жыл сайын кызыктуу акцияларды өткөрүп, белектерди тартуулайт. Буга чейинки бардык акцияларыбыз кардарларыбызга сапаты боюнча да, белектер жагынан да жаккан. Ал эми быйылкы жылы «Артыкчылыктар көп болуш керек» аттуу акциясы 5-октябрдан тарта старт аларын маалымдайбыз.

«ЗАМАНБАП СМАРТФОНДОР СИЗ ҮЧҮН»
Аталган акцияга 5-октябрдан тарта жылдын соңуна чейин «Росинбанктан» аманат ачкан ар бир кардар катыша алат. Ошондой эле банкка келген ар бир аманатчы «Росинбанк» ААКсынын фирмалык белектерине ээ болот. Ал эми 250 миң сомдон ашык аманат ачкан кардарларга заманбап үлгүдөгү смартфондор белекке берилет. Акция өлкөнүн бардык жеринде өткөрүлүп, сизге жакын банк филиалдарынан же сайт аркылуу онлайн билдирүү калтырып, аманат ача аласыздар. Андыктан өз кирешелериңизди биздин банкта сактоо менен бирге кызыктуу белектерге ээ болуңуз!

Адилет Керимбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Pantherka
2015-10-12 13:51:42
Кымбат усулагалары, ансыз едел айлыгыбыз аз анан акча коп кармайт.
0
№ 675, 9-октябрь-15-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан