Акыркы убактарда «чачым түшүп жатат» деп кыжалат болгондорду көп угам. Күркүрөгөн күздө, жашылча-жемиштердеги витаминге организм сугарылып турган маалда да чач түшөбү деп ойлойсуң. Чач түшүүнүн себептери жана аны алдын алуу боюнча кеңешин «Твоя» сулуулук салонунун чачтарачы ЭЛЬНУРА ТАЖИБАЕВА айтып берет.
ҮЙ ШАРТЫНДА ДАРЫЛОО
ЧАЧ КАЙСЫ УЧУРДА ТҮШӨТ?
Витамин. Аевит витамининин таблетка түрүндөгүсүн ичип, суюгун чачтын түптөрүнө сүйкөсөңүз (30 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жуу керек), чачтын түшүүсүн, ачакей болуусун жана какачтын алдын алат.
Сарымсак. Сарымсакты шире сыккычтан өткөрүп, 1 аш кашыгына 1 аш кашык зайтун же башка өсүмдүк майын кошуп аралаштыруу керек. Чачтын түбүнө сүйкөп, 15 мүнөттөн кийин шампунь колдонуп жылуу суу менен жууп салыңыз. Аптасына 1 жолу колдонуу зарыл.
Пияз. Сүргүчтөн өткөрүлгөн пияздын 2 аш кашык ширесин сыгып алып, ага 1 чай кашык зайтун майын, 1 жумуртканын сарысын, 1 чай кашык бал, 1 чай кашык шампунь кошуп, бир массага келгиче аралаштырабыз. Боткону чачтын түбүнө сүйкөп, башка полиэтилен баштыгын кийип, үстүнөн жоолук менен ороп коюу керек. 1 сааттан кийин шампундап, жылуу суу менен чайкап коюңуз. Аптасына 2 жолу колдонуу сунушталат.
Алоэ. Алоэнин ширесин сыгып алып чачтын түптөрүнө сүйкөп, 15-20 мүнөт коюу кажет. Убактысы келгенде жылуу суу менен чайкап коюңуз.
Май. Башты жуурдан 30 мүнөт мурун чачка кастор майын сүйкөп, анан шампунь колдонуп жылуу суу менен чайкап коюңуз. Ушул эле ыкма менен уйгак (репейное масло), зайтун майларын колдонсоңуз болот. Аптасына 2 жолу гана колдонуу кажет.
Айран, майонез. Башты жуурдан мурун айранды же майонезди чачтын түптөрүнө сүйкөп 20-30 мүнөт кармап, шампунь менен жылуу сууга чайкайбыз. Булар чачтын түшүшүн алдын алуу менен үтүк, фенден жабыркап, кургаган чачтын жылтырап туруусуна жардам берет. Аптасына 1 жолу колдонсоңуз болот.
Чай. Шалфей, чалкандан даярдалган чайды демдеп ичип, ичкенден ашканы менен чачты чайкап коюңуз.
Апельсин. 2-3 апельсиндин кабыгына 1 литр кайнак суу куюп, 3 саат тыныктырып коюңуз. Бул суу чачты азыктандырып, жылтыратып коёт.
Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg