Кеңири профилдеги пластикалык хирург, медицина илимдеринин кандидаты, Medical center Dr.Omurzakov медициналык борборунун жетекчиси Омурзаков Бакытбек Алапаевич жөнүндөгү кеңири баян төмөндө.
– 1960-жылы Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Чаек айылында туулгам. Бул кесипке кызыгуума медициналык институтта окуган улуу эжем себепкер болгон. Ата-энемдин каршылыгына карабай бул кесиптеги кыйынчылыктарды жеңе аларымды аларга, биринчиден, өзүмө далилдегим келди. Институтту аяктаган соң райондук ооруканага жөнөтүштү. Ал жактан врач-хирург катары чоң тажрыйба топтодум. Ошол убакта СССРде микрохирургия бөлүмдөрү жаңыдан уюшулуп, медицинанын бул жаңы багытына кызыгуум арта баштады.
1985-жылы Республикалык клиникалык ооруканада микрохирургия бөлүмү ачылып, ошол жакка которулуп 18 жыл эмгектендим. Микрохирургия – ювелирдик иш. Азыр ойлосом, ошол жылдар эң оор жана ошол эле учурда эң кызыктуу убак экен. Биз үчүн бардыгы жаңы, өзгөчө болчу. 12-14 саатка созулган оор операцияларды жасачубуз.
90-жылдардын аягында эстетикалык пластикалык хирургия интенсивдүү өнүгө баштады. Кийин бул тармакта да иштей баштадым. Ар бир айым өзүнүн сулуулугун сактап, жаш бойдон калгысы келет эмеспи. Акыркы убакта азиат түспөлүндөгү жаш кыздар көзүнүн түзүлүшүн өзгөртүү («евро-веки») суранычы менен кайрылышууда. 2014-жылы жалпысынан 640 операция жасалды, анын 270и сурма жасатуу операциясы. Эстетикалык хирургиядан сырткары реконструтивдик, пластикалык хирургия менен алектенем.
Клиникалык иштер менен гана чектелбестен, жасаган иштерим тууралуу докладдарым менен эл аралык симпозиумдарга катышып, биздин эмгегибизге жогорку баа берген көптөгөн пластикалык хирургдар менен тааныштым. Пластикалык хирургдардын европалык жана эл аралык (Орусия, Италия, Франция, Австралия, Кытай, Латвия) ассоциациясынын съезддеринде нечен ирет докладдарым менен чыккам.
Ал эми BiPlast жеке клиникамды ачууга себепкер болгон ригалык Brucuklinika`сынын негиздөөчүсү Олаф Либерманис менен 1987-жылы Ленинградда стажировка өтүп жүргөн кезде таанышкам. Мен ал кишиге азыркыга чейин тажрыйба алууга барып турам. BiPlast клиникасы 2004-жылдан бери элге кызмат көрсөтүп келет. Клиникада үстүнкү жана астыңкы сурманын пластикасы, бетти тарттыруу, мурунга, кулакка, астыңкы жана үстүнкү эриндердин, көкүрөк пластикасы, липосакция, чачтын пересадкасы сыяктуу операциялар жасалып келет.
2003-жылдан бери Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Тубаса өөрчүгөн оору бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенип келем. Акыркы убакта бөйрөктү трансплантациялоо операциясы медицинада өтө курч маселелердин бири болуп келет. Мындай операцияга муктаж болгондордун саны күндөн күнгө өсүп келет. Бардыгынын эле чет өлкөдө операция жасатууга мүмкүнчүлүгү жок. Беларустагы кесиптештерибиз менен биргеликте биздин борбордо мындай операциялар ийгиликтүү жасала баштады. Мындан ары да бул багытта иш алып барууга ниет кылам.
2003-жылы кандидаттык диссертациямды жактадым. Азыр «Балдардын гемангиома дартын дарылоонун жаңы жолдору» темасында докторлугумдун үстүндө иштеп жатам. 2012-жылы Америка биографиялык коому менин жетишкендиктеримди эске алып «XXI кылымдын залкар акылмандары» медалын тапшырды. Эң негизги максаттарымдын бири – Кыргызстанда пластикалык хирургия мектебин куруу.
Medicalcenter Dr.Omurzakov медициналык борборунун көрсөткөн кызматтары менен тааныштыра кетсем:
Амбулатордук хирургиянын бардык спектри бар, клиника заманбап лазердик жабдыктар менен жабдылган.
Дареги: Бишкек ш., Бакаев к.,
138/5 "К2" спорт клубунун жанында
+996 775 98-08-62
+996 312 49 28 39
+996 312 90 82 70
omurzakov.bakyt@gmail.com
www.plastic-surgery.kg