Илгери мал уурдагандарды, адамдарга запкы көрсөткөндөрдү карышкырдын тарамышын кармап алып "ушундай карышып кал!" деп каргашкан экен. Эл арасында "Каргыш 7 атага чейин кубалайт" деген сөз бар. Мындай күчү бар каргыш деген эмне жана андан кантип кутулууга болорлугу элдик үрп-адат менен түшүнүктө, динде жана парапсихологияда кандай караларын чечмелейбиз.
«ОЙЛОП СҮЙЛӨБӨСӨҢ, ӨЗҮҢ ЖАБЫР ТАРТАСЫҢ»
Бердигул Темирбаев, тарых илимдеринин доктору, этнограф:
– Каргыш – бул адамдардын алгачкы коомунан бери келе жаткан түшүнүк. Ата-бабаларыбыз айтылган каргышка жараша адам өмүрүнө оору-сыркоо же кырсык аралашат, же тукумсуз болуп калат же көз жумуп кетет деп жөнү жок каргагандан карманышкан. Турмуштук каргыштан мисал келтирсек, Жеңижок Көксулууну жубайлыкка аларда Көксулуунун мурунку кайненеси «ылайым көшөгөң көгөрбөй калсын!» деп каргаган экен. Ошондон улам баласыз калган делет. Бул «баш чанды» деген түшүнүктөн улам айтылган.
«Кожожаш» эпосунда Сур эчкинин каргышынан улам Кожожаш аскада калып өлөт. Бул жаныбарлардын наалатына калбоо тууралуу эскертүү.
Кээде чоң апалардын балдарын «жаштайыңда жайрап кал!»,"өлүгүңдү көрөйүн!" деп каргап жатканын угуп калабыз. Эгер каргыш жетип небере чарчап калса эмне болот? Бата сыяктуу эле каргыштын да касиети болот. Андыктан "ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө" дегендей, ойлобой каргап алып өзүбүздү, жакындарыбызды да жабыр тарттыруудан оолак бололу.
«МАЙЫП, ООРУКЧАН ЖАНА ЖАКЫРДЫН КАРГЫШЫ КАТУУ ТИЕТ»
Чубак Жалилов, диний аалым:
– Каргыш сөзүнүн синоними болуп «наалат» сөзү эсептелет. «Наалат» арабдардын «лаанат» деген сөзүнөн алынган. Ичтеги жек көрүү, кордук, жаны ачыгандыктан улам айтылган жаман сөз. Динде 3 адамдын: майып, оорукчан жана жакырдын каргышы катуу тиет деп айтылат. Ошондой эле өздөрүн азапка салган же карыганда бакпай койгон ата-эненин баласына каргышы, мусапырдын жана укугу тебеленген алсыз адамдын каргышы да катуу тиет делет.
Каргыштан кутулуу үчүн өзүн каргаган адамдан кечирим сурап, эгер ага материалдык жактан зыян келтирген болсо, анын ордун тургузуп берүүсү кажет. Эгер бала ата-энесинин (же бир тууганынын) каргышына калса жана алардын көзү өтүп кетсе эмне кылуусу кажет? Аларга арнап дамамат куран окуп, кеч болсо да кечирим сурап, алардын жек-жааты менен катташуусу зарыл. Каргыштан кутулбаса, кийин акыретте азабын тартат.
«АК АДАМДЫ КАРГАСАҢ, КАРГЫШ ӨЗҮҢӨ ТИЕТ»
Индира Исманкулова, парапсихолог, астролог:
– Сөздүн сыйкыр күчү бар. Каргыш – бирөөгө жамандык, бактысыздык алып келүү максатында айтылган сөз. Башкача айтканда, каргоо менен бирөөгө негативдүү энергияны жиберүү. Мисалы, кээ бир кайненеге жакшынакай эле келини жакпай калат да, кылдан кыйкым таап отуруп кетирип жиберет. Келин, албетте, жаман көрүп, каргайт. Каргыш кайненеге тийип ал ооруйт, кырсыктайт же башка болот. Эгер ак адамды каргасаң, анда каргыш ага тийбей, айланып өзүңө тиет.
Элде илгери бөрү жан-жаныбарларга, адамдарга көп зыянын тийгизгендиктен адамдар аны "карышып калгыр!" деп каргап жүрүп, аты карышкыр аталып кеткен деген уламыш бар. Андыктан эл запкы көрсөткөн адамды "карышкырдай карышып кал!" деп бөрүнүн тарамышын кармап каргашат.
Негизи, Жаратканыбыз каргышка калган адам менен кошо каргыш айткан адамды да сүйө бербейт. Ал бирөө жамандык кылып жатса да кечиримдүү болуп, аны каргаганга жетпөөнү талап кылат. Бирөөгө жаман айтпай, аяр мамиле жасап, кыянаттык кылбаган адамга байлык, ден соолук, бакыт токтойт. Көп адамдын каргышы тийген адам соо калбайт.
Сизди бирөө ак жеринен каргап жатса Кудайга койдум десеңиз, аны Жараткан өзү жазалайт. Каргыштын эң жаманы – «тукумуң соолгур, жатының куурагыр, көрүңдө өкүргүр!» дегендер. Кыскасы, каргышка калбоого да, каргыш айтпоого да аракет кылыңыз.
Кокус каргышка калсаңыз, анда андан кутулуу үчүн каргаган адамдын алдынан өтүңүз. Каргыштан өз учурунда кутулбаса, тукум кууй берет. Убагында каргыштан кутулбаган чоң атасы үчүн небере ага куран окутуп, бей-бечараларга дайыма жардам көрсөтүп, сообун чоң атасына багыштаса, анда укум-тукумга өткөн каргышты алып сала алат.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg