Бал – ичсең дары, сатсаң акча болуп берүүчү азык. Андыктан балчылыкты акча табуунун булагына айлантууну көздөгөндөр эмнелерди билүү керектигин Токтогул районунун Толук айылынын тургуну, 10 жылдан бери балчылык менен алектенген Азамат Кулукеев айтып бермекчи.
ААРЫНЫН 1 ҮЙ-БҮЛӨСҮ ҮЧҮН ЧЫГЫМ
Балчылыкты жаңы баштагандар май айынын башында 1 үй-бүлө аары менен баштаса жетиштүү. Кийин аарылар көбөйгөндө эне аарыларды бөлүп алып, бал челекти көбөйтсө болот.
Чыгаша: 10 025 сом
Эскертүү: Эгер эне аарынын тукумун алмаштыргыңыз келсе, карпатка (Украина) жана карника (Германия) тукумундагысы – 1000-1500 сомдон. Ал эми жергиликтүү эне аары – 750 сом. Салып келүү үчүн кутуча – 50 сом.
БАЛЧЫЛЫККА КЕРЕКТҮҮЛӨР
Балчынын кийими
(комплектиси) – 2000 сом
Бычак – 300 сом
Шпатель – 300 сом
Стамеска – 300 сом
Бал айдагыч (же бал тарткыч) – 20 000 сом
Бал чыпкалагыч – 500 сом
Сироп куйгуч идиш – 70 сом
Түтөткүч – 500 сом
Чыгаша: 23 970 сом
БАГУУ, КӨБӨЙТҮҮ
Ошентип керектүүлөрдү алып, аарыларды сатып келдиңиз. Эми андан ары эмнелерди жасоо керек?
Майдан тартып июндун башына чейин аарыларга 2 күндө бир 500 грамм кумшекерге 500 грамм кайнаган суу куюп (сироп) беребиз. 1 айда 7,5 килограмм кумшекер кетет. 7,5х50 (кумшекердин баасы)=375 сом.
Тамактанган сайын эне аары жумуртка тууй баштап, июлдун башына чейин 24 рамка толот.
•Июлдун башында аарылар бал чогултууга өтөт.
•10-15-июлда алгачкы бал жыйналат (тартылат). 12 килограммдай бал чогулат. 1 килограммын 300 сомдон сатсаң – 3600 сом.
•25-июлда бал экинчи ирет жыйналып, 20 килограммдын тегерегинде бал алынат. 20х300=6000 сом.
•Июнь-июль айларында ара-чолодо жамгыр жаап турса, анда августта бал берүүчү өсүмдүктөр катып, гүлү куурап кетпей, дагы бир ирет бал чогултулат. Бирок 7 килограммча жыйнап, калганын кышкы азыгына калтыруу керек. 7х300=2100 сом. Жамгыр жаабаса, анда бал аарыларга калтырылат.
•Күздө (сентябрь) 2 жолу, жазда (апрель-май) 2 жолу ич өткөк (тетрациклин) менен битке (бипин) каршы дары берилет. Буга 190 сом кетет.
•Сентябрда рамкаларды кыскартабыз. Бул кезде эне аары жумуртка тууганын азайтат. Анын үстүнө аарылар 30-35 күн жашагандыктан өлгөндөрү өлүп, 10-11 рамка калат. Аарылардын уясы бекитилген рамкаларды күбө, чычкан кирбей тургандай атайын жайга сактайбыз.
•Жазга чейин аарылар бал челектеги балды жеп жата берет.
Чыгаша: 565 сом
Киреше: 11 700
КИЙИНКИ ЖАЗДА
Калган иш мурункудай улана берет.
Чыгаша: 9915 сом
Киреше: 35 100 сом
2 жыл ичиндеги жалпы чыгаша: 44 475 сом
2 жыл ичиндеги жалпы киреше: 46 800 сом
СОҢКУ СӨЗ
Ошентип 1 бал челек өзүн 2 жылдан кийин толук актай баштайт. 3-жылы 3 үй-бүлө аары 9 үй-бүлөгө бөлүнүп, жыйналган балдар 288 килограммга жетет. Эгер бизнес көбүрөөк киреше алып келсин десеңиз, анда дароо 3 жана андан көп бал челек багуу менен баштасаңыз болот.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg