Жеңиш Майрамбек уулу, тамашоучу: «НУРАЙЫМ ЭКӨӨБҮЗДҮН АРЫКТЫГЫБЫЗ, КӨП УКТАГАНЫБЫЗ ОКШОШ»

«Бир тууганчик», «Сүйүктүүмдүн каарманы», «Напарниктер» тасмаларында баш каармандын образын жараткан тамашоучу Жеңиш Майрамбек уулу 1-октябрда сүйүктүүсүнө баш кошту. Борбор калаадагы тойканалардын биринде орун алган үйлөнүү үлпөттөгү кызыктарга назар салыңыз.

Эки жаш үчүн толкунданткан көз ирмемдер. Жеңиш менен Нурайым фейерверктин коштоосунда нике шакектерин тагынып, расмий түрдө жубайлар деп катталышты.

Жеңиштин апасы Гүлбара айым тун келини Нурайымга ак жоолугун салып батасын берди.

Жубайларды куттуктап шоу чөйрөдөн Мирбек Атабеков, Курал Чокоев, Эрмек Нурбаев, Сүйүн Откеев жана «Тамашоунун» жигиттери келишти.

Таттуу түгөйлөр вальс бийлегенде аларды улан-кыздар тегеректеп айланып турушту.

Той ыр, бий, күлкү менен коштолду. Тамашоучу Азамат Исмаиловдун «Келин келгенский» аттуу ырына Жеңиштин келинчеги менен тамашоучу Зияш тытып бийлеп жатышат.

Тамадалык тизгинди башкарган Бакыт Байсариев конокторду зериктирген жок.

Моюнуна каамыт илинген Жеңишти достору көтөрүп ыргытышты. Бул учур жаштардын ышкырык-кыйкырыгы менен коштолду.

Кыдырата тизилген бойдок кыздар колуктунун колундагы гүлдестени чыдамсыздык менен күтүп жаткан кез.

Эки жашка арналган тортту «Тамашоунун» жигиттери жасатышканын үстүндөгү Жеңиш менен Нурайымга окшогон куурчактан эле байкасаңыз болот.

Торт аукционго коюлган жок. Үч катар торттун бири эки жашка өкүл ата, өкүл апа болушкан Анжелика менен жолдошу Урмат мырзага тапшырылды. Кудалар: Нурайымдын ата-энеси (сол жакта), Жеңиштин ата-энеси (оң жакта).

– Жеңиш, Нурайым, куш бооңор бек болсун! Канча жыл сүйлөшүп баш кошуп жатасыңар?
Жеңиш:
– Нурайым экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүзгө 7 жылдай болуп калды. Биз Юридикалык академияда окуп жүргөндө таанышып, жарым жылдан кийин кыз-жигит болуп сүйлөшө баштаганбыз.

– Бири-бириңердин кандай сапаттарыңарга арбалдыңар?
Нурайым:
– Жеңиш эң биринчиден абдан жөнөкөй жигит. Популярдуу болсо да адамгерчиликтүү, кайрымдуу, адилеттүү мүнөзүнөн жазган жок.
Ж.: – Адам баласы биринчи эле келбетине көңүл бурат эмеспи. Мен дагы Нурайымдын ажарын жана жөнөкөйлүгүн баалагам. Бир сөз менен айтканда, жөнөкөйлүгү менен жүрөгүмдү брондоду десем болот. Анан да экөөбүздүн арыктыгыбыз, тамакты аз жегенибиз, көп уктаганыбыз окшош.

– 7 жыл аз убакыт эмес, ушул аралыкта кандай сыноолорду басып өттүңөр?
Н.:
– Бул жылдар аралыгында түшүнбөстүктөн улам чыккан уруштар, эстен кеткис таттуу көз ирмемдер болду.

– Жеңиштин чыгармачылыгын колдойсуңбу?
– Мурда каршы болчумун. Мага көңүл бурбай, 2-3 жумалап чет өлкөгө кеткенде түшүнбөстүктөр болуп турар эле. Азыр ийгиликке жетүү үчүн колдоо керектигин түшүндүм. Андыктан ар тараптан колдоп турмакчымын.

– Рахмат, бактылуу болгула!

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Тамашоучу" Жеңиш 7 жыл сүйлөшкөн кызына баш кошту
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
kanyshaikg
2015-10-12 12:25:40
Кудагыйлары,кудалар окшош экен. Жениш менен аялы дагы окшош экен. Экоо издешпей табышса керек да. Бактылуу болушсун
0
gulnur.narmatova
2015-10-12 13:07:37
Эки дуйно бактылуу болгула
0
Diana92kg
2015-10-12 13:20:02
Мынча сонун, Бактылуу болгула)))
0
Nelia
2015-10-12 13:20:03
Бактылуу болгула!
0
Pantherka
2015-10-12 14:13:25
Охоо бактылуу болгула,туболук жашагыла бири-бирин менен!
-1
Kyke08
2015-10-12 17:37:47
Жениш байке герой девушкасына баш кошкон турбайбы!
Super!!
0
maratik.0708
2015-10-13 03:43:19
Baktyluu bolgula emi semiresiner bolboso maga kelgile
0
Oi_pikir
2015-10-13 12:53:44
Жеңиштин апасы аябай сулуу аял экен
+1
Oi_pikir
2015-10-13 12:59:34
Эркин Рыскулбеков телеалпарууч болуп калыптыр)
0
Ayka0696
2015-10-13 12:59:40
Бактылуу болгула.
0
aniraz.zari
2015-10-13 19:24:25
Eeeh kandai soonun
Baktyluuuu bolgula !!!!!!!
0
Aisanat
2015-10-14 14:13:16
Видеону монтаждаганда жок дегенде элдин тамак жеп жатканын кесип салышса болмок.Жаштар кирип келе жатканда элдер мостоюп тургандай, нике кыйылып атса кичинекей балдар жанталашып телефон ойноп аткандай, испанча бийлеп атса Анжелика конул бурбай тамак жеп аткандай болуп калыптыр. Тамакты албетте жешет ал эми видеодо корсотпой эле коюшса болмок экен.
+3
Zapash
2015-10-14 21:06:05
Аябай сонун той болуптур, ушундай сонун уй булоолордон болгула
0
TUA
2015-10-15 09:07:12
Бактылуу болушсун!
0
№ 675, 9-октябрь-15-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан