Кыргызстандын 19 жашка чейинки жаштар курама командасы Катарда Азия чемпиондугунун тандоо туруна катышып күчүн сынашты. Анда үй ээлерине 7:1 эсебинде утулса, Оманга жана Ливанга 4:1 эсебинде утулуп калышты. Футболчуларыбыздын аракети күч болгону менен, тажрыйбанын жоктугу көзгө көрүнүп турду. Эки оюнда жеңилүү ызасын тарткан футболчуларыбыз тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышты.
Адилет Керимбек улуу
sport@super.kg