СУУЧУЛДАРДАН 8 БАЙГЕ

Сууда сүзүү боюнча Таиландда өткөн Азия чемпиондугунда кыргыз спортчулары жалпы 8 медаль тагынышты. Анда Дарья Таланова 50, 100 жана 200 метр аралыкка брасс стилинде сүзүп, 3 күмүш медаль тагынса, Кирилл Вайс брасс стилинде 100 метр аралыкка жарышта күмүш тагынып, эркин сүзүүдө өз эсебине коло медаль жазган. Ошондой эле Станислав Карнаухов да 1 коло жана 1 күмүш медаль тагынды (50 метр жана 100 метр аралыкта). Өспүрүмдөр арасында Никита Пауков 800 метр аралыкка сүзүүдө коло медалды багындыра алды.

Адилет Керимбек улуу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 675, 9-октябрь-15-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан