2006-ЖЫЛДЫН СУПЕРЛЕРИ

«Жылдын суперлерин тандоо» иши биздин гезитибиздин салтына айланып калганы окурмандарыбызга белгилүү. Ушундай салтты улантып бул жылы да өнөкөт ишибизди унутта калтырган жокпуз. Ошентип, окурмандардын каалоолорун эске алуу менен тандалган жылдын суперлери төмөнкүлөр болду.

СУПЕР ЫРЧЫ МЫРЗА-2006
Cултан Садыралиев
Кыргыз эстрадасына бул жылы көптөгөн жаш жылдыздар пайда болду. Бирок, алардын ичинен Султан Садыралиев өзгө­чө оригиналдуу үнү менен башкалардан айырмаланып, өзгөчө номинацияга татыктуу деп табылды.

Султан:
– Мен бир жыл ичинде элдин жүрөгүнөн түнөк таап, алардын көңүл буруусуна арзыганыма ыраазымын. Негизи, эл тараза деген чын экен. Эмгегим талаада калган жок. Ырларымдын биринин артынан экинчиси хит болгону, бир эмес, эки концертимдин аншлаг менен өткөнү элдин көз жаздымында калбаган экен. Элимдин ишеничин актап кийинки жылдары да талбай иштеп, аларга өнөрүмдү талбай тартуулай бермекчимин. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып өзүмдүн күйөрмандарымды жана “Супер-Инфо” гезитинин окурмандарын келе жаткан Жаңы Жылы менен куттуктап кетким келет.

СУПЕР ЫРЧЫ АЙЫМ-2006
Неля
Жагымдуу ырлары менен да, сүйкүмдүү кел­бети менен да көр­­гөндүн көңүлүн өзүнө бурдурган Неля бул жы­лы эч кимди кайдыгер калтырган жок. Анткени, ал 2006-жы­лы чыгармачылыктын үс­түн­дө талыкпай эмгектенип, ырларын элге жайылтууга жетишти.

Неля:
– Мен үстүбүздөгү жылы эл баамдагандай чын эле үзүрлүү эмгектендим десем болот. Айта кетсем, бир топ жаңы ырларды жаздырдым эле, алардын ичинен “Жалган” ырым хит болууга арзыды. Андан тышкары эки ырыма клип тарттырдым, Кыргызстандын көп жерлерине барып өнөрүмдү тартуулоого жетиштим. Чыгармачылыкта көптөгөн адамдар менен таанышып, тажрыйбамды кеңейттим десем да болот. Акырында айтаарым жаңы муундун ырчыларына ийгилик каалайм жана сүйүктүү гезитим “Супер-Инфого” рахматымды айтам.

СУПЕР ЭСТРАДА ТОБУ-2006
"Сема"
Бир туугандар Самарбек, Жанарбек жана эки сулуу бийкечтен тү­зүл­гөн бул топ чындыгында эле көпчүлүккө жагат. Өзгөчө жаштар бул топтун “Айымдар”, “Кызганба” жана башка ырларын жактыруу менен ырдап жү­рүшөт. Жылдын аягында берген концерти да “Семанын” популярдуулугуна популярдуулук кошконсуду.

«Сема» тобунун жетекчиси САМАРБЕК:
– Биздин топко өзгөчө номинация ыйгарылып, силердин сыйлыгыңарды алганга жетине албай, төбөм көккө жетип жүргөн убагым. Жаштарды ушинтип колдоп, стимул берип койгонуңар эң жакшы көрүнүш болду. Мындан ары биз да силердин жана элибиздин ишеничин актаганга аракет кылабыз. Бизди колдогон элге да, “Супер-Инфо” гезитине да топтун мүчөлөрүнүн атынан чоң ыраазычылыгымды билдирем.

СУПЕР ЫР-2006
«Атага кат», Артык & Сапар
Жылдын экинчи жарымында жарыкка чыгып, элге бат эле сиңип кеткен “Атага кат” ыры кимге гана жаккан жок. Жада калса орустардын да “Ооруба, ата, ооруба” деп кыңылдап жүрүшкөнүн кулагыбыз чалган. Ошондуктан, эл эч жаңылбай бул ырды жылдын супер ыры кылып тандады.

Артык, Сапар:
– Бул ырды жай мезгилинде өтө жоопкерчилик менен, өтө кылдаттык менен жаздырып, ушул үчүн бир ай убара болгонбуз. Ушунун айынан ушул жылы Көлгө да барбай калдык. Көрсө, ошол аракетибиздин акыбети кайткан экен. Биздин ырыбызды жактырып, эмгегибизди баалаган элибизге ыраазычылык билдирип, алдыдагы Жаңы Жыл майрамы менен куттуктап кеткибиз келет.

СУПЕР ЫР-2006
«Эстей жүр», Сайкал Садыбакасова
Бул жылы эки ырга окшош номинация берилгени кээ бирлерге суроо жаратса керек. Сайттагы добуш берүүнүн жыйынтыгында “Эстей жүр” “Атага катка” эки гана добуш менен жетпей калды. Ушуга байланыштуу бул эки ырдын популярдуулугунда дээрлик айырма жок экенин байкап, бул ырга да “Жылдын супер ыры” номинациясын ыйгардык.

Сайкал:
– Менин аткаруумдагы “Эстей жүр” ырынын аябай популярдуу болуп жатканын билип өзүм да таң калгам. Мунун элге алгылыктуу болуп кеткенинин себеби, мааниси көп кыздардын турмушуна тиешелүү болгондугу жана обонунун уккулуктуулугунда болсо керек. “Эстей жүрдүн” көп убакытка чейин эл оозунан түшпөй ырдалып жүргөндүгү жалган эмес. Ошондуктан, мунун супер ыр болушуна негиз бар болчу.

СУПЕР ДИ-ДЖЕЙ-2006
Чыңгыз Мырзаев
“Кыргызстан Обондору” радиосунун ди-джейи Чыңгыз Мырзаевдин жаш болсо да ишине берилип, жоопкерчилик­түү­лүк менен иштегени радиоугармандарынын көңүлүн­дө болсо керек. Жагымдуу үнү менен өзгөчө кыздардын жүрө­гүнөн түнөк тапкан Чыңгыз Мырзаев 2006-жылдын супер ди-джейи деп табылды.

Чыңгыз:
– Ырас, мен бул жылы радиодогу ишиме да жетишип, ырдап да, сабагыма барып да баарына үлгүрүп жаттым. Убактымды туура бөлүштүргөндүктөн, бул үчөө бири-бирине эч тоскоолдугун тийгизген жок. Менин мыкты ди-джей болуп табылышыма устатым Арстан байкенин көп салымы бар. Анткени, мен көп тажрыйбаны Арстан байкеден алдым. Мүмкүнчү­лүк­төн пайдаланып Арстан байкеге, сиздердин гезитиңиздерге жана элиме ыраазычылыгымды билдирем.

СУПЕР ТЕЛЕ-АЛПАРУУЧУ-2006
Нурзат Токтосунова
Чукугандай сөз тапкан, эфирде өзүн алып жү­рүүнүн эрежесин жакшы өздөштүргөн «Браво» теле­берүүсүнүн алпаруучусу Нурзат Токтосунованын эмгеги бул жылы көз жаздымда калган жок. Сайттагы добуш берүүдөн тышкары Нурзатка Кочкор элинен каттар да келген. Бул да болсо Нурзатты көпчүлүк элдин жактырганынын белгиси.

Нурзат:
– Теле – бул менин эң сүйүктүү ишим. Жылдын аягында турмушка чыкканыма карабай жума сайын атайын Кочкордон “Бравого” келип жатканымды силердин гезит аркылуу күйөрмандарым билсе керек. Эл тарабынан ушундай наамга татыганыма денеме сыйбай кубанып турам. Элиме ыраазымын. “Супер-Инфо” гезитинин да иштерине ийгиликтерди каалайм.


Бул негизги сыйлыктардан тышкары төмөнкү ырчылар өздөрүнүн өзгөчөлүктөрүнө жараша ар кандай номинацияларга ээ болду:

Мирбек Атабеков – «Жылдын мыкты үнү»
Мирбек Иманбеков – «Жылдын эл сүймөнчүгүнө татыган ырчысы»
Бактыгүл Бадыева – «Жылдын сахна ажары»
Сьездбек Искеналиев – «Жылдын мукамдуу ырларынын ээси»
Ильяз Абдыразаков – «Жылдын аранжировщиги»
Урмат Усенов – «Жылдын имиджи»
Акбар Сүйүнбаев – «Жылдын дебюту»
Мырзабек Айдаралиев – «Жылдын клипмейкери»
Мындан тышкары «Аза-Универсал» тобунун бийчиси Олег
мыкты бийлери үчүн кызыкты-руучу сыйлык –
телевизорго ээ болду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 216, 22-28-декабрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан