КАНДАЙ СУУ ИЧҮҮ КЕРЕК? АНЫ БИЛҮҮ ЗАРЫЛ!

Бүгүнкү күндө көпчүлүк адамдардын ден соолугуна көйгөй жаралып баштаганда сергек жашоо образына өтүү жалпы тенденцияга айланган. Мындай учурда көпчүлүк спорт менен алектенип, туура тамактанууга бел байлашат. Туура тамактануунун негизги бөлүгүн суу ээлейт. Белгилүү болгондой, адамдын организминин 70-80 пайызын суу түзөт. Андыктан суу – эң керектүү жана баалуу жаратылыш ресурсу болуп саналат. Суу тамакты энергияга айлантуу, зат алмашуу, организмден токсиндерди чыгаруу, денедеги температураны бир калыпта сактоо, муундардын жешилүүсүнөн сактоо, жүрөк-кан тамыр системиндеги оорулардан сактап, регенерация жана жаңы клеткалардын, ткандардын, кандын суюлуусуна, теринин нымдалуусуна жана чач менен тырмактын мыкты сакталуусуна түзмө-түз пайдасын тийгизет.
Биз ичүүчү сууну тандоодо сапатына, пайдасына жана коопсуздугуна көңүл бөлөбүз. Учурда суу түтүгүнөн чыккан суулардын сапаты көпчүлүктү күмөн санатып, бактерия, микробдордон тазаланган бөтөлкө суулары популярдуу болууда.
Биздин рынокто бөтөлкө сууларын чыгарган ишканалардын саны 20дан ашат. Суу сатуудан оңой нерсе жок деген ой келиши мүмкүн. Кардарды кызыктыруу үчүн ар түрдүү рецепттерди ойлоп таап, жаңы нерсени пайда кылуунун кереги жок. Бөтөлкө суусун сатып алууда кандай суу алып жатканыбызды кантип билүүгө болот? Алгач суунун жытына, даамына жана өңүнө маани берүү керек. Суу таза жана тунук болуусу кажет. Жыты жок, жумшак жана ашыкча даамы сезилбейт. Бирок артезиан жана булактын сууларынын табигый жыты менен бирге өзүнө гана тийиштүү даамы болот. Биринчи колго тийген арзан сууну сатып алуу да сунушталбайт. Этикеткасын карап, өндүрүүчүнүн жана суунун химиялык курамы тууралуу маалыматтар менен таанышып алган оң.
«Мөңгү суусу», «тоо суусу», «минералдуу», «артезиан суусу», «булак суусу» – ичүүчү бөтөлкө сууларынын этикеткаларынан ар кандай жазууларды жолуктурууга болот. Өндүрүүчүлөр ар түрдүү маркетингдик жолдорду пайдаланып, кардарларды тартуу аракетин көрүшөт. Өзүңүз үчүн керектүү жана пайдалуу бөтөлкө сууну тандоо үчүн этикеткага маани берип, андагы белгилерди түшүнүңүз. 2011-жылдын 6-апрелинде № 139 кабыл алынган «Табигый минералдык, табигый жана ашкана ичүүчү суулардын коопсуздугу жөнүндө» мыйзамында көрсөтүлгөндөй, этикеткадагы маалымат түшүнүктүү жана окууга ыңгайлуу берилүүсү керек. Алгач этикеткадан суунун кайдан келип чыкканы тууралуу маалыматты табуу керек. Ар бир өндүрүүчү тастыктоочу жана продуктунун коопсуздугу тууралуу документтери болушу шарт. Ал документ – мамлекеттик органдардын санитардык-эпидемиологиялык тыянагы тууралуу декларация.
Эгерде суу минералдуу болсо, этикеткада ашкана, дарылоо жана ашкана-дары деп жазылып, анын группасы жазылат (мисалы, хлорид-сульфаттуу натрий фторид кремнийлүү суу). Ашкана-дары жана дарылоо суулары тийиштүү ооруларды айыктырууга жардам берип, анын этикеткасында атайын дарылоо рецеби жазылат. Мындай суу менен суусунду кандырууга болбойт.
Андан соң бөтөлкө суусунун химиялык курамына маани беребиз. Ал бизге суунун курамында эмне бар экендигинен кабар берет. Бөтөлкө суусу 3, 6 же 12 айга чейин сакталышы мүмкүн. Анын сакталуу мөөнөтүнө, кандай жерде сакталып жаткандыгына көңүл бөлүү керек.
Мындан тышкары эки жылга чейин сакталуучу суулар бар. Сактоо мөөнөтү бүткөн соң бөтөлкөдөгү суунун даамы өзгөрүшү мүмкүн. Ичүүчү сууну туура эмес жерде сактаса бузулуп кетет. Бөтөлкөдөгү ичүүчү суулар +5тен +200С температурада, күн нуру тийбеген, желдетилген жерде сакталат. Айта кетчү жагдай, жаңыдан гана куюлган сууну сатып алыңыздар.
Учурда Кыргызстанда белгилүү компаниялардын бири «Шоро» чыгарган «Легенда» мөңгүдөн жаралган булак суусун ичип келебиз. Ал «Ала-Арча» жаратылыш паркынын корголгон зонадагы 2100 метр бийиктиктеги булактан алынат.
«Легенда» суусу тоодо жер кыртышынан табигый фильтрациядан өтүп, өндүрүүдө да кайрадан тазалоодон өтөт: механикалык фильтрация, мембрлуу фильтрден жана ультрафиолеттик лампалардан тазалоодон өтөт. Тазалоо процессинде суунун курамына бөтөн эч нерсе кошулбайт, ал өзүнүн табигый касиетин жана сапатын сактап, баштапкы түзүлүшү эч өзгөрүүсүз бойдон калат. Минералдуулугунун курамы төмөн болгондугуна байланыштуу (анын нормасы 500 мг/дм3 ашпайт) күнүмдүк колдонууга ыңгайлуу. Суу витамин жана минералдардын кошулуу процессинен өтпөйт. Анын жыйынтыгында суунун курамы 100 пайыз натуралдуулугун сактайт.
«Легенда» суусу жумшактыгы менен айырмаланып, кайноонун жоктугунун негизинде чай, кофе жана тамак жасоодо жана жаш балдардын тамагын даярдоого абдан ылайыктуу.
Мөңгүдөн жаралган булак суусу «Легенда» табиятынан кандай жаралса, ошол бойдон сакталат. Ал таза жана өзгөчө энергетикага ээ. «Легенда» суусунун түзүлүшү идеалдуу, андагы теңдемделген минералдар топтомунун комплекси ден соолукту чыңдап, өмүрүбүздү узартат. Ден соолук – ар дайым адамзаттын эң биринчи баалуулугу болуп келет. Өзүңүз үчүн керектүү жана пайдалуу ичүүчү сууну тандап, ден соолугуңузду чыңдаңыз.

Адилет Керимбек улуу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
warsaw.
2015-10-12 10:14:39
легендага жарнамабы бу...
+7
Pantherka
2015-10-12 13:57:27
warsaw.,ошондой окшойт. Жанталашып окуп атсам кайсы сууну ичем деп.
+4
Gulya.akbaralieva
2015-10-12 12:48:00
Реклама. Эч нерсе отпой калганбы?
+2
jypar.i
2015-10-15 18:28:33
Gulya.akbaralieva,Легенда чындыгында абдан жакшы суу, крандан ичип,анан Легенданы ичсеңер айырмасы дароо сезилет.Ден-соолуктан аянбаш керек,башка ар кандай ичимдиктерди ичкиче, пайдалуу суусундуктарды ичкен жакшы эмеспи
0
aku
2015-10-13 10:41:48
Артезиан деле жакшы.
+1
misster88
2015-10-13 23:56:01
Башыны жакшы эле баштап аягыны реклама мн бутуруп коюпсунарда.
+1
jamal1993
2015-10-14 17:58:04
Легенда чынында сергитуучу жакшы суу.
+1
bolotbai3
2015-10-15 11:45:37
Аягын чейин окугум келбеди,легенда болуп кетиптир.Реклама кучтуу кылыптыр.
0
№ 675, 9-октябрь-15-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан