Бабур Тольбаев: «БУУнун ШТАБ-КВАРТИРАСЫ 2055-ЖЫЛЫ КЫРГЫЗСТАНГА КӨЧҮП ЖАТАТ!»

Өлкөбүздөгү кеңири ой жүгүрткөн топ-менеджерлерибиздин бири, визионер Бабур Тольбаев эмнелер тууралуу кыялданарын айтып берди.

– Бабур Латиханович, демейде элдер көз тийип кетет деп коркуп, же башка себептерден улам өздөрүнүн кыялдары менен бөлүшкүсү келе бербейт эмеспи. Сиз эмне үчүн кыялдарыңыз тууралуу айткыңыз келди?
-Биринчиден, мен мүнөзүм боюнча миллиондогон башка адамдар сыяктуу эле кыялкечмин. Жакында мен тажрыйбалуу, билимдүү жашы менден улуу киши менен баарлаштым. Сөз арасында мен андан кыялдары тууралуу сурасам, ал негизинен чоң үй, балдарынын ийгиликке жетиши жана башкалар тууралуу айтты. Ага чоң үй тууралуу кыялы кыял эмес эле, максат экендигин айтсам, макул болду. Анын өз каалоосун оңдоого менин акым жок, бирок анын дараметин көрүп туруп өзүн үй менен эле чектелип калбашын айтууну туура көрдүм. Бир мүнөтчө ойлонуп туруп, ал киши өзүнүн чоң кыялдары жок экендигине уяларын моюнуна алды. Ошондо мен өз кыялдарым менен бөлүшүп, ал ойлорум аны шыктандырды. Ал киши жакынкы дем алыш күндөрү өзүнүн бардык тилектерин жазып келерине убада берди. Мындай окуяларга биринчи ирет эле кезигип жаткан жокмун, ошондуктан мен башкаларга да үлгү болуу керек экендигин, турмуштагы максат менен кыялдардын айырмасын көрсөтүп коюуну туура деп эсептедим. Экөөнүн ортосундагы айырмачылык өтө чоң! Жашоодо кыялдар орундаларын көрүп жүрөм, аны таштап салбаш керек. Алар жол көрсөтүүчү жылдыздардай болуп жүрөгүбүздө, мээбизде болушу жана алар менен өз жолуңду түздөө керек. Кыялданбагандар жана кыялдарды унутуп калгандардын гана кыялдары орундалбайт. Кыялдарга ишенүү, көп эмгектенүү жана канчалык оор болбосун туура иштерди кылганда эң чечкиндүү кыялдар да сөзсүз орундаларына ишенем.
Экинчиден, жакында жаңы кыялдарды кайрадан түзүүнү чечтим, себеби мен жашап, жаңы билим жана тажрыйба алып жатам. Убакыттын өтүшү менен көз карашым кеңейип, башка адамдар, өлкө жана дүйнөлүк түзүлүш тууралуу да көп ойлонуп калат экенсиң. Сентябрь айынын ортосунда өткөн туулган күнүмдүн алдында кыялдарымды дагы жазган элем, ошондон бир нече күн өтпөй эле алардын бири БУУнун башкы ассамблеясынын трибунасынан айтылды. Мындай идеянын коомчулукка биринчи жолу сунуш кылынышы мени аябай таң калтырды. Мен сыйлап жүргөн Казакстандын президенти БУУнун штаб-квартирасын Азияга которуу керектигин ойлонууну айтты. Назарбаев кайсы өлкө тууралуу ойлонгонун билбейм, бирок мен ал айткандан бир нече күн мурун Кыргызстан тууралуу гана кыялданган элем. Бул Кыргызстан мекеним болгону же аны сүйгөнүм үчүн гана эмес, мындан башка да бир нече жүйөөлүү себептер бар. Ошондуктан мен өзүмө 40 жылдан соң БУУнун штаб-квартирасын Бишкекке көчүрүп келүүнү максат койдум. Себеби:

  1. Жер шарынын 7 пайызы гана Түндүк Америкада, 70 пайыздан ашуун калкы Евразияда жашайт. Ошондуктан штаб-квартира дүйнөнүн негизги бөлүгү жашап жаткан континентте жайгашса туура болот.
  2. Биздин аймак Евразия континентинин борборунда жайгашкандыктан Борбордук Азия деп аталат. Ал эми КыргызстанБорбордук Азиянын чок ортосунда жайгашкан.
  3. Евразия континентинде XXI кылымда дүйнө экономикасынын локомотиви болуучу жана ошол эле убакта лидерлик үчүн атаандашуучу 3 алп бар, алар Орусия, Индия жана Кытай. Ал эми биздин кичинекей жана достукту сүйгөн өлкөбүз бул алптардын ортосунда болуучу кооперация үчүн ылайыктуу аянт болсо болот.
  4. Акыркы 40 жылда дүйнөнүн негизги көйгөйлөрү Евразиядагы эң көп эл менен түрдүү ресурстар топтолгон жана анын айынан дүйнөлүк чыр-чатактар болуп жаткан Ооганстан менен Жакынкы Чыгыштын ортосунда жайгашкан. Ошондуктан мындай эл аралык институттар океандын ары жагында эмес, жанында болушу керек.
  5. Биздин өлкө эң сонун, ошондуктан мындай иш үчүн биз БУУга жаңы шаар курсак болот. Ал шаар «Тынчтык» деп аталып, Жер шарынын жыргалчылыгы үчүн иштеп, дүйнөнүн бүт өлкөлөрүн бириктирип турмак.

Албетте, мындай болушу үчүн биз аймактагы үлгүлүү жана башкалар бизге окшошкусу келген өлкө болушубуз керек. Калкыбыз 6 миллион, өзгөрүүнү ылдам жасасак болот. Өлкөнү билгичтик менен башкаруу аркылуу 3 жылда чоң өзгөртүүнү жасаса болот. Дагы 10 жылдан соң, болжол менен 2030-жылы, биз натыйжалуу экономиканы кура алабыз! Өлкөбүздө 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт, биз алар менен дайыма тынчтыкта жашоону үйрөнүшүбүз зарыл. Өлкөбүздүн тарыхында орун алган каргашалуу окуялар эч качан кайрадан кайталанбашы кажет. Кыргызстандын ар бир жараны улутуна, терисинин түсүнө, динине жана башка айырмачылыктарына карабай бардык элдерди сүйө билүүнү үйрөнүшү керек болот. Ар бир жараныбыз жок дегенде 3 тилде эркин сүйлөшүү, бирок өлкөбүздө жалгыз кыргыз тили мамлекеттик болушу керек, дагы 4 тил (орус, англис, араб, кытай тилдери) расмий тилдер болушу керек. Ушунун баарына жеткенде гана ири мамлекеттер менен атаандашуубузда мүмкүнчүлүгүбүз жогору болот. Буга кошумча кичинекей өлкөбүздө реформа жасоого да аз убакыт керектелет.
Мына ошентип БУУнун штаб-квартирасы 2055-жылы Кыргызстанга көчүп келет! Бул БУУнун 110 сессиясы болот.

– Сиздин экинчи кыялыңыз спортко байланыштуубу?
-Ооба. 2050-жылы Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык матчы Бишкек шаарында өтөт. Кыргызстан өтө кичинекей мамлекет, бизде 40-80 миң көрүүчү бата турган стадиондору бар 10-12 ири шаарларыбыз жок экендиги түшүнүктүү. Бирок мындай шаарлар коңшуларыбызда бар. Биз Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен кошо арыз беришибиз керек. Борбордук Азиядагы бир да өлкө жакынкы 40 жылда мындай масштабдагы турнирлерди жалгыз өткөрүүгө кудурети жок, бирок биз бириксек колубуздан келет. 2050-жылы Дүйнө чемпиондугу Астана, Алматы, Тараз, Ташкент, Анжиян, Фергана, Наманган, Душанбе, Ходжент, Ош жана Бишкек шаарында өтүп жаткандыгын көрүп турам. Арыз берүүнүн демилгечиси биз болгондуктан жана Ташкент менен Астана талашпагандыгына байланыштуу финалдык оюн Бишкек шаарында өтөт .
Буга жарандарыбызды, жаштарыбызды жана футболчуларыбызды шыктандырышыбыз керек! Биздин балдар спортто күчтүү жана аларда жеңүүчүнүн эрки бар болгондуктан татыктуу оюн көрсөтөт, ошол эле убакта Кыргызстандын курама командасы фаворит болот деп мен ишенем. Өзүм да бала чакта футболду жакшы ойночумун, ал эми жакшы тааныштарымдын бири футбол боюнча машыктыруучу болууну жана дүйнө кубогун көтөрүүнү каалаарын айтты. Футболго байланыштуу мындай масштабда ойлоочу, амбициялуу жана кыялдануучу адамдар бизде аз эмес, дагы канча мен тааныбаган адамдар кыялданып жаткандыр. Эгер баарыбыз чогуу кыялдарыбызга ишенүүнү баштап, аны шайкеш келтире алсак, жыйынтыгы укмуштуудай болот.
Евразия союзу боюнча бир туугандарыбыз жана коңшуларыбыз биздин кыялдарыбыз менен пландарыбызды колдоосу үчүн алар менен достошушубуз, кызматташышыбыз керек. Шериктештик, достук ымала түзүп, утурлай биринчи кадамдарды ташташыбыз зарыл. Бул лидерлик деп аталат! Лидер дайыма эле акчасы же ресурстары көптөр эмес, лидер – бул күчтүү, ишенимдүү, туура иштерди жасаган, ошол эле убакта кызматташууга дайым даяр, креативдүү жана масштабдуу ойлонгон адамдар. Алар өздөрү жана өз өлкөсү тууралуу гана ойлонбойт, коңшулары, жалпы эле дүйнө жүзү тууралуу ойлонушат. Орусиянын президенти Владимир Путин мындай лидерлердин үлгүсү боло алат. Биздин бир нече маанилүү коңшуларыбыз бар, алардын ар бири менен үзүрлүү мамиле түзүшүбүз керек. Үрп-адат менен колориттерибиз ар түрдүү болгондугуна карабастан бирге Чеховду талкуулап, намаз окуп же жөн эле чай ичип, беш бармак жешибиз зарыл. Биргеликте биз өзүбүздүн эле эмес, Улуу Евразия тууралуу жалпы кыялдарыбызды сүрөттөй алабыз.
Менин үчүнчү кыялым жалпы картинага туура келет. 2045-жылы Бишкек түрк элдеринин маданий борборуна айланат. Ал үчүн биз жогоруда айтып кеткендеримди эле аткарып калуу менен чектелбей, Борбордук Азиянын чегинен чыгып, түрк элдеринин жалпы стратегиясын сүрөттөшүбүз керек.

Түрк элдери Орусияда, Кытайда, Түркияда жана башка өлкөлөрдө бар, ошондуктан маданий борбор тууралуу идея илимий борборлору бар түрк элдеринин эң ири университетин түзүү аянтын уюштуруудан турат. Улугбектин маалында илим Азияда алдыңкы болгондугу жашыруун эмес, илимди жандандырып, чогуу өнүгүүгө мезгил келди. Мындай борборлор жана ЖОЖдор өлкөбүздүн, аймактардын билим деңгээлине жана илим менен экономикага мыкты таасирин берет!
Заманбап жашообузда бардык чоң пландар жана кыялдар жаңы билим, илим, мамлекеттер аралык кооперацияларсыз иш жүзүнө ашпайт, ошондуктан биз ошого умтулушубуз керек. Ким эле балдарыбыздын, неберелерибиздин Евразиядагы эң мыкты ЖОЖдордо билим алуусун каалабасын?! Менимче, муну баары эле каалайт. Келечекте ЖОЖ түзүү планымдын аткарылышын мезгил көрсөтөт. Бул да менин кыялым, бирок бүгүнкү маектин чегинде аны башкалардан бөлбөй эле коеюн .
Төртүнчү кыялым – бул Жайкы Олимпиада оюндарын өткөрүү.
Азыр эле дүйнөлүк ММКлардын «2014-жылкы Жайкы Олимпиада оюндары Бишкекте башталууда» деген темасын окуп жатканымды көрүп турам. Эсеп боюнча бул 37-Олимпиада оюндары. Азербайжан 2024-жылы өтүүчү Олимпиада оюндарын өзүндө өткөрүүгө арыз бермекчи болуп жатат, а мен Азербайжан 2020-жылдары Олимпиада оюндарын өткөрүп калуусун чын жүрөгүмдөн каалайм. Путиндин Сочини жаңылап куруу жана Кышкы Олимпиада оюндарын өткөрүү кыялы ишке ашты! Биздин арызыбыз жеңишке жетиши үчүн болжол менен 2030-жылга карата өз өлкөбүз менен борборубузду оңдошубуз зарыл. Эмне үчүн Бишкекте? Биринчиден, укмуштуудай шаар, мыкты климат жана бүт дүйнө бизди жакшы жактан гана көрүшү үчүн өлкөбүздө дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чара өткөрүшүбүз керек. Биз 2030-жылы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө арыз берүү жана дагы 10 жыл даярдануу үчүн шаар, жолдорду, отелдерди, инфраструктураны курууну азыр башташыбыз кажет. Мындай масштабдуу идея бардык коомчулугубузду, өкмөттү, бизнес жана инвесторлорду мобилизацияламак!  Муну сөзсүз аткаруу зарыл!
Бул пландар менен кыялдарды аткаруу үчүн экономикалык өсүш керек!
Бешинчи кыялым, 2035-жылдын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандын ички дүң өндүрүмү (ИДӨ) киши башына 40 миң АКШ долларына жетип, дүйнөлүк рейтингде 50-орунду ээлейт. 2014-жылы Кыргызстандын ИДӨсү киши башына 3361 долларды түзүп, 142-орунду ээлеген. Ошондуктан алдыда көп нерсени жасоого туура келет, эгер бүт элибиз, өлкө жетекчилери жалпы көрүнүштү көп жыл алдыга сүрөттөп алып иштесек, колубуздан келет. Амбициялуу максат коюп гана бардыгыбыз басуучу жолду көрүүгө болот. Өзүңдүн жолуңду да көрө билүү керек, мен өз жолумдун узун жана жөнөкөй эмес болорун билем, кадам таштоону бүгүн баштоо зарыл.
Кээ бир адамдар мынча акчаны кайдан табам же өлкөбүздөгү коррупцияны кантип жоюуга болсун деп буларга ишенбеши мүмкүн. А мен болсо буга карама каршы ойдомун!

«Сен көрбөй турасыңбы, арстандар унчукпайт, бирок алардан коркушат, ал эми иттер үрүшөт, бирок аларды таш менен кубалашат. Түркөй ойдон бурул (ага көңүл бөлбө), ал айтып жаткандардын баары өзүндө. Бир нече ит кечип өтсө да Евфратка зыян болбойт».

Имам Аш-Шафии

8 жыл мурун биз иш жүзүндө жаңы компанияны нөлдөн баштаганбыз. Анда 10 эле киши болчубуз, бүгүнкү күндө биз Кыргызстанда эле эмес, Орусия жана Азербайжанда да лидербиз. Биздин топто 2 миңден ашуун киши эмгектенет. Москва да бир күндө курулган эмес, биз да компаниянын ичинде курулуп жатабыз! Мисалга, «Мол Булак Финанс» компаниясында бүгүнкү күндө Ислам каржылоо принциби боюнча департамент түзүлдү. 2018-жылы «Мол Булактын» Кыргызстандагы бардык ишмердиги ислам принциби боюнча жүргүзүлөт.

«Чынында, өздөрү өздөрүн өзгөртпөсө, Аллах адамдардын абалын өзгөртпөйт». (Ыйык Куран. 13:11)

БИЗ ӨЗГӨРҮП ЖАТАБЫЗ! СИЗЧИ?
 Кечээ мыкты шайлоо өттү, жок дегенде Кыргызстанда өткөн мурунку шайлоолорго салыштырмалуу чынында эле таза да, чынчыл да болду. Бул биздин президентибиз Алмазбек Атамбаевдин кыялы болчу, анын да кыялы орундалды! Мен да өз кыялдарыбызга жетерибизди билип турам. Эгер биз ишибизде өз бөлүгүбүздү аткарсак, өлкөбүздүн ар бир жараны мамлекетибиздин жыргалчылыгы үчүн кыялданса жана эмгектенсе, биздин бардык кыялдарыбыздын аткарылышына ишенем! Биз өзгөрөбүз, биздин өлкө өзгөрөт! Инвесторлор тууралуу жалпы кыялдарыбыз боюнча Евразия союзундагы коңшуларыбыз эле эмес, Кытай, АКШ, Индия, Германия, Япония жана башка өлкөлөр колдойт! Евразиянын борборунда ыңгайлуу жайгашкан кооз жана кичинекей Кыргызстанды биргеликте аймактык (2035-жылы), дүйнөлүк (2055-жылы) аренага алып чыгышыбыз керек. Ошондо гана ийгиликтүү, бай жана бактылуу боло алабыз. Кыргызстандын ар бир жараны менин, эми жалпыбыздын кыялдарыбызды билишин, аларды көрсөтүшүн каалайм, бул аларды иш жүзүндө аткарууда өтө маанилүү. Бул ай буга окшогон чакырыктар менен убадаларга бай болгонун түшүнөм. Ушулардын кайсылары кагазда жазылган боюнча калып каларын, кайсылары аракетке өтөрүн жакынкы келечек көрсөтөт. Менин бүгүнкү кызыкчылыгым добушта эмес, чындап кыялдарга ишенүү, аларды ишке ашыруу аракети сиздердин жүрөгүңүздөрдө орун табышы керек!

Ибрагим Жусуев

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Gen_fanat
2015-10-12 09:45:58
80%ы менин кыйялдарымго кыялдар орундалсын! мыкты интервю
+3
Gulya.akbaralieva
2015-10-12 13:32:56
2055 жылы ким бар ким жок. Тобо кызыктай эле интервью.
+3
tina-Tin
2015-10-12 14:52:12
Ак уйдо олтургандар да ушинтип кыялданса жакшы болмок.
+3
jetinur90
2015-10-12 23:42:03
хе хе,ага чейин буун барбы жокпу ким билет.
0
zamko
2015-10-13 05:57:14
[moderated] санаасы менен байыйт
+1
admin_superstan
2015-10-13 11:25:52
rusi.86, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
0
balzak
2015-10-13 13:10:27
жакшы кыял, ар бирибиз ишенип и салыбызды кошсок, колдон келет.
0
Titi
2015-10-13 17:24:38
Менин кыялдарыма окшош экен,мисалы Кыргызстан 2075 жылы созсуз онугот деген.
+1
sraj
2015-10-14 08:05:56
Аябай жакшы создор алтын кыялдар
Буйруса баары биз ойлогондой болот ойду ,ниетти туздойлу
+1
Zarema94
2015-10-14 13:14:46
Кыялыбыз окш0ш экен. Кыялдар созсуз орундалат! Мен ишенем! Ошол учурда мен кыргыз тилин онуктуруу б0юнча эн бир ч0н салымымды к0ш0м. Буюрса сиз менен иштешип калабыз деген ниеттемин.
+1
Nurluujan16
2015-10-15 03:16:11
Кандай сонун тилек!
+1
NARYNGRAD
2015-10-17 10:56:05
Бул кишинин улуту эмне, кыргыз эмес го?
+1
№ 675, 9-октябрь-15-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан