Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов 30-сентябрда Малайзиянын транспорт министри Лиоу Тионг Лай менен жолугушту. Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, жолугушуунун башкы максаты – министрликтин жетекчилиги менен таанышуу, транспорт жана авиабайланыш тармагында кызматташтык түзүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачуу.
Жолугушууда тараптар Бишкек-Куала-Лумпур түз авиакаттамын ачуу жана Куала-Лумпурдан Европа өлкөлөрүнө Бишкек шаары аркылуу авиабайланыш түзүү боюнча кыргыз тараптын сунушун талкуулашты. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында малайзиялык тарап аталган сунушту тийиштүү комитетте карап, Малайзиянын алдыңкы авиакомпаниялары менен талкуулоого даяр экенин билдирди.
Эскерте кетсек, элчи Кылычбек Султанов жакында Кыргызстандагы Туроператорлор ассоциациясынын президенти Анвар Юсупов менен жолугушкан. Анда туризм жаатында мамилелердин мындан аркы өнүгүшү үчүн эки өлкө ортосунда түз аба байланышын ачуу боюнча Малайзиянын тийиштүү министрлиги менен жолугушууга аракет кыларын билдирген эле.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg