Экс-башкы прокурор, эми Жогорку Кеңештин депутаты болууга даярданып жаткан Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровду Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 3-октябрда 7 жылга шарттуу кести. Эске салсак, Бакыт Абдыкапаровго «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирүү», «алдамчылык» беренелери боюнча айып тагылган эле. Буга чейин Бакыт Абдыкапаров үй камагында болуп келген.
Аида Салянова күйөөсүнө карата козголгон кылмыш иштерин өзүнүн саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп жарыялаган.
Белгилей кетчү жагдай, 6-октябрда мамлекеттик айыптоо Биринчи Май райондук сотунун чечимине макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жөнөттү. Негизинен мамлекеттик айыптоо Бакыт Абдыкапаровду 7 жылга катаал көзөмөлдөгү колонияга кесүүнү жана үй-мүлкүн конфискациялоону өтүнүшкөн. Башкы прокуратурадан: «Бардык айыпталуучулар шарттуу түрдө гана кесилгенине нааразыбыз, бул чечимди жокко чыгаруу үчүн аракет кылабыз»,- деп билдиришти. Демек, Бакыт Абдыкапаровдун кайрадан сот залына барып калышы ажеп эмес.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg