БИР БҮРКҮМ

  • Синоптиктер «ОКТЯБРЬ айы климаттык нормадан суук болот» дешүүдө.
  • Бишкек шаарында 6-октябрда жаш балдардын ХОСПИСИ ачылды. Хоспис – бул айыкпас дарттан жабыркагандарга бекер медициналык жардам көрсөтүүчү мекеме.
  • Өлкөдөгү 16 жатак үйдө 2350 адам күн кечирет. Анын ичинде 6 КАРЫЛАР үйүндө 766 карыя бар. Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
  • "4-октябрга карата ОРУСИЯДА жүргөн кыргызстандыктардын саны 520 328 кишини түздү. Бул өткөн айга салыштырмалуу 1,3 пайызга көбүрөөк",- дейт аталган өлкөнүн Федералдык миграциялык кызматы.
  • Кыргызстандын Беларустагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев 5-октябрда Беларусь президенти АЛЕКСАНДР ЛУКАШЕНКОГО ишеним грамотасын тапшырды. Беларусь Курманбек Бакиевди экстрадициялоодон баш тарткан соң 2012-жылы Кыргызстан элчисин чакыртып алган эле.
  • Кыргызстанда коррупцияга айыпталып издөөдө жүргөн, Болгариядан кармалып, камакта отурган «КУМТӨРДҮН» экс-башчысы Леонардо Хоменюкту болгар соту экстрадициялоодон баш тартты.
  • Өлкөдө 10 миң адамга 19 ВРАЧ туура келет. Врачтарга эң көп жетишсиздик Кадамжай, Чаткал, Ала-Бука, Жети-Өгүз, Түп, Жумгал, Ак-Талаа, Алай, Чоң Алай, Ноокат жана Манас райондорунда.
  • Казакстанда 3 жашар БАЛАНЫ зордуктап, кийин өлтүрүп салган Кыргызстандын 54 жаштагы жараны Жамбыл облустук соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылды.
  • «Сулайман тоо» музей комплексинин башкы адиси Х.Ибайдуллаевдин айтымында, «ӨЗГӨН ОАЗИСИ» ЮНЕСКОнун мурастар тизмесине киргизилгени жатат. «Өзгөн оазиси» – мунара, күмбөз, мечит жана медреседен турат.
  • Ветеринардык жана фитосанитардык кызматы тарабынан өлкөдө жыл сайын үч миңге жакын ЖОЛБУН ИТ атылат. Бул тууралуу башкы ветеринардык инспектор Ашырбай Жусупов билдирди.
  • Бишкекте бет капчан белгисиз адамдар инкассаторго кол салып, 612 МИҢ ДОЛЛАР УУРДАП кетишти. Окуя 7-октябрда түнү Жумабек көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринин короосунда орун алган. Иликтөөнү Свердлов РИИБи жүргүзүүдө.
  • Малайзиянын ТV3 телеканалынын "Primeworks" студиясы Кыргызстандын УЛУТТУК АШКАНАСЫ тууралуу документалдуу фильм тартат. Тасманы тартуу үчүн Кыргызстанга Малайзиядан 3 ашпоз келет жана өлкөнү кыдырып жергиликтүү ашкананын, маданияттын уникалдуулугу тууралуу айтып беришет.

Мирлан Өмүралиев,
Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Rashinboy
2015-10-13 14:11:57
Чыгып кайра кирейин десен эле чыкканда чёрный списокко тыгып салып кийирбей атышса кобойот да. Мен да чыгып кирип документимди тууралап алайын деп билет алгам да октябрь айына, кайра кийирбей атат дегенинен барган жокмун, билетим куйуп кетти.
0
№ 675, 9-октябрь-15-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан