«Кыздары кыйын кыргыздын» деп коюшат эмеспи. Жаштыгына карабай адегенде ди-джей, кийин телеалпаруучу, азыр Прагада дүйнөдөгү кыргыздарды жаңылыктар менен тааныштырып турган тың кыздарыбыздын бири бүгүн маек төрүбүздө. Ал – журналист, телерадио алып баруучу Элиза Кененбаева.
«ИШ КҮНДӨРҮ ЖУРНАЛИСТ, ДЕМ АЛЫШТА САЯКАТЧЫМЫН»
– Элиза, саламатсызбы? «Азаттык+» берүүсүндө алпаруучу болуп жүрүп Чехияга сапар алдыңыз эле. Ал жактагы тажрыйба топтооңуз карьераңыздагы пландарга кандай өзгөртүү киргизип жатат?
– «Азаттык+» берүүсүн 3 жылдай алып бардым. Жаштар берүүсүндөгү ишимди жыйынтыктап, силердин сыйлыкты алып, анан бул жактагы «Азаттык» радиосунун башкы кеңсесинде иштеп жатканыма 1 жарым жылдан ашты. Эл аралык өңүттөгү макалаларды жазам. Чет жердеги журтташтардын көйгөйлөрүн, ийгиликтерин чагылдырам. Карьералык пландарым азырынча өз нугунда. Айрым кесиптештерим саясатка аттанышты, мен ал жөнүндө ойлоно элекмин. Буюрса, тажрыйба топтоо менен чектелип калбай, башкаларга да пайда алып келе турган темаларды ачсам деген ниеттемин.
– Журналистика чөйрөсүнө кантип келип калдыңыз эле?
– Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз-Орус Славян университетинин архитектура жана дизайн факультетин артыкчылык диплому менен бүтүрдүм. Өз кесибим менен бир күн да иштеген жокмун. Университетте окуп жүргөндө кокусунан «Тумар» радиосуна келип калып, 3-курстан тарта ди-джей болуп иштеп калдым. Окуумду бүткөн соң журналистикага баш-отум менен кирип кеттим. Бул тармактын чеберчилигин үйрөнүүнү «Азаттыктан» баштадым. Берилип иштейм. Журналист болуп тапканым – аз да болсо атым бар. Кудайга шүгүр, ушул иш менен жакындарыма да жардам бере ала тургандай каражат таап жатам. Апам эле кабатыр болбосо, баары жакшы.
– Апаңыз санаачыл болсо, сизди кантип чет жерге жиберди? Дегеле, сизди тарбиялап-өстүрүүдө кимдин ролу чоң болду?
– Эне да, сарсанаа болот го. Бирок ишимди колдойт. Мен жазган макалаларды окуп, телевизордон көрүп, өз сын пикирин айтып турат. Өзү мектепте орус тили жана адабиятынан сабак берет. Мурда өз апама өтө жакын эмес болчумун. Азыр мени эң жакшы түшүнгөн адамым эле апам. Апама ойлонтуп койбоюн же санаа кылбайын деп айрым нерселерди айтпай коюшум мүмкүн. Ал болсо баарын билгиси келет. Социалдык тармактардан менин сүрөттөрүмө ким лайк басканын, ким комментарий калтырганынан бери санап, текшерип турат. Кыргызстанда жүргөндө мен үйгө келдим деп кечинде чалып, айтып коймоюн уктачу эмес. Азыр болсо саат канчада онлайн отурду экен деп интернеттен карап турат, көп убакыт онлайн болбой калсам, сарсанаа болуп чалып жиберет.
Мени таята-таенем тарбиялап чоңойтту. Оюнчугум аябай көп болчу, бир баштык оюнчук менен бир баштык момпосуйду аралаштырып туруп чачып ойночумун. 4 жашымда эле окуганды, жазганды үйрөнүп алып, мектепке барам дей баштагам. Ошентип 6 жашымда мектепке барып жаным тынды.
Атам Автандил Кеминде таанымал терапевт врач болгон. 42 жашында оорудан көз жумду. Ал кезде эжем экөөбүз студент, сиңдим мектепте окучу. Атам өтүп кеткенде ортодо 1-2 жыл кадимкидей кыйналдык. Ал күндөр да өттү. Эжем турмушка чыккан, 2 баласы бар. Сиңдим атамдын жолун жолдоп врач болду. Турмушка чыкты. Бир туугандарым менен сыймыктанам.
– Жеке жашооңузда жаңылыктар барбы?
– Жеке жашоом жөнүндө соңку мезгилде курбуларыма, тааныштарыма деле айтпай калдым. Эң негизгиси, баары сонун, өзүм кыялдангандай. Нике кайып деп коёт го, буюрса, турмушка чыга турган күн да алыс эместир. Жүрөгүмдө сүйүү бар. Ал тууралуу көп айта берүүнү каалабайм.
– Азыр элдин сүйлөшкөнү эле парламенттик шайлоонун жыйынтыгы болуп жатпайбы. Чет жерде иштеп жаткан журналист катары баам салууңуз тууралуу бөлүшө кетсеңиз. Эмне үчүн сырттагы мекендештер добуш берүүгө пассивдүү катышты?
– Мен өзүм шайлоо тынч өткөнүнө аябай сүйүндүм. Бул жактагы башка казак, тажик кызматында иштеген кесиптештер сүйлөшүп калганда "ким утат?" деп сурап жатышты. Биз «билбейбиз, эч ким билбейт, өзүбүзгө да кызык» десек аябай таң калышып, алардын өлкөлөрүндө шайлоонун аты эле болбосо, баары 5 жыл мурда эле белгилүү болорун айтып күлүштү. Биздин жарандардын тандоо эркиндиги барына кадимкидей суктанышат. Ал эми чет жердеги журтташтардын пассивдүүлүгү боюнча айтсам, биринчиден жаңы эрежелер бир аз тоскоол болду. Көбү биометрикалык маалыматын тапшырган жок, тапшыргандары өзү жашаган өлкөнүн борборунан алыс тургандыктан, атайын барып добуш берүүдөн жалкоолонушту. Басымдуу бөлүгү консулдук каттоодо турган эмес. Башкаларды айтпай эле коёлу, Орусияда жаңы эрежелерди көбү түшүнбөй калгандыктан шайлоого катыша албай калышты.
– Эл аралык жаңылыктарды чагылдырасыз да. Дүйнөдөгү өнүккөн, өнүгүп келе жаткан жана жакыр өлкөлөр менен Кыргызстанды көп салыштыра берсеңиз керек?
– Бул жакта күндө эл аралык макалаларды жазып жатып, кээде Кыргызстанда бейпил турмушта жашап жатканыбызга шүгүр кылам. Канча өлкөдө согуш жүрүп жатат, канча эл тентип, үй-жайын таштап качкын болуп кетти? Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бизде эркиндик бар. Каалаганыбызды жазабыз, Ак үйдүн алдына түрдүү талаптарды коюп чыгабыз. Ошондуктан наалып, же болбосо жакшы жашоо издеп, Сирияга бала-чакасын алып кетип жаткандарга таң калам. Жаштарга билим жетишпей жатса керек, көп окуп билим алышса, мындай жаңылыштыктар болмок эмес. Биз өнүгүп кеттик, укмушпуз деп айтуудан алысмын. Ошентсе да Кыргызстандын келечеги кең экенине ишенем.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg