ГАНАЛЫК ХАНЗААДА ДАНИЭЛ ТЕГО КЫРГЫЗ КЫЗЫНА ҮЙЛӨНДҮ
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жана «Дордой» клубунун коргоочусу Даниэл Нии Арма Тего кыргыз кызы Элнура Орозбаевага баш кошту. Даниэл Элнураны кыргыздын каада-салты менен ата-энесинин колунан алып кетти. Белгилей кетсек, 29 жаштагы Даниэл Ганадагы жергиликтүү бир уруунун падышасынын уулу. Даниэлге турмушка чыгып ханбийкеге айланган 21 жаштагы Элнура Мамлекеттик каттоо кызматында иштейт. Жаштардын заманбап үйлөнүү тоюнун датасы азырынча белгилене элек. Даниэлдин айтымында, бул тойго анын атасы, падыша Тего өзү келип катышууну каалагандыктан, аны күтүшөт экен.
– Даниэл мырза, куш бооңуздар бек болсун! Айтсаңыз, Элнура менен кантип таанышып калдыңыз эле?
– Элнура экөөбүз социалдык тармак аркылуу таанышып, 2 жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Жубайым кичи пейилдиги, жароокерлиги, сулуулугу менен жүрөгүмдү багынтты.
– Кайын журтуңуз сизди кандай кабыл алышты?
– Элнуранын ата-энеси ак көңүл жакшы адамдар экен. Мени жылуу тосуп алышты. Кээ бирөөлөр социалдык тармактар аркылуу «африкалыктан башка жигит жок бекен, кыргыз калбай калыптырбы?» деген негативдүү билдирүүлөрдү калтырып жатышат. Мен эмне, адам эмесминби? Бирөөнүн жеке жашоосуна кийлигишкенге башканын акысы жок. Элнура акылдуу кыз. Өзүнө кандай адам керектигин өзү билет. Экөөбүздү тагдыр, сүйүү бириктирди. Сүйүү улут тандабайт.
– Бири-бириңер менен кайсы тилде сүйлөшөсүңөр?
– Англис, орус тилдеринде. Акырындап кыргыз тилин өздөштүрүүдөмүн. "Кандай?", "атың ким?", "мен сени сүйөм", "жаным" деген сөздөрдү билем (күлүп). Мен Кыргызстандын жаранымын жана өзүмдү кыргызмын деп эсептейм.
– Рахмат, бактылуу болуңуздар!
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (82)
Карап корсом Эльнура анын байлыгыга кызыгып эле турмушка чыккан окшойт?
manas93kg,сиз карап коргондой анын акчасын санап койдунузбу
Суйуунун козу кор деген созго эми ынандым.
Бактылуу болгула, журогунор эмнени буюрса ошону аткаргыла.
Чынын айтсам аябай тан калдым.
ислам динин кабыл алса жакшы болмок. ошондо мусулман болот. озумду кыргыз деп эсептейм дегени жакшы экен.
Бар болгула бактылуу болгула,ыйманда болгула.
Эн негизгиси Мусулман болсунда анткени мусулмандарда улут арасында болуну жок пайгамбарыбыздында азанчысы билал кара киши болгон
Кара болсо да журогу ак болсо болгону, суйушуптур бактылуу болушсун, ишти кылгыла бала-чакалуу болгула. Бир гана маселе ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ
Damirbek-KG, башкалардын улутун мазактоого тыюу салынган! 3 күн БАН!
бироонун жеринде элинде султан болгончо оз элинде ултан бол дейт беле кыргызда...
Ичине андалек эгип туруп кетип калат Ганасына.
Кыргыз кыздарында генди сактап калалы таза нукура кыргыз бололу деген патриоттук сезим жокта туш келгенине тийип кете берет орус таджик өзбек немис кытай кытай кытай девей баарына
Маймылгада тийип алгыла эми бай экен деп не кыргыз балдар калбай калды беле
N.mira сиздей кругозоруу кучтуулор далилдеп атпайбы кыргыз балдардын калган калбаганын
Ха ха хааа калпак кийип алгангооо.ХХХ ХХХ ХХХ болуп
guzel_, кимдир бирөөнү мазактоого жол жок! 10 күн БАН!
аппак капкара болуп никеге киргени жагып жатат ох негрлердики да соонунгооо узун чачтары