Актриса Калипа Усенова 1-октябрда кыздуу болуп, наристеге чоң атасы менен жолдошу Элина деген ысым ыйгарышты. «Кызым 3 килограмм салмакта төрөлдү. Атасына жана байкесине окшош. Тун уулум Эркин менен кызымдын ортосундагы айырма 9 жаш. Бала менен эле алышып отурсам, жолдошум «бизди карабай калдың» деп күлүп калат»,- дейт бала жытына мас болуп турган Калипа.
Мындай сүйүнүчтүү кабар Анжеликанын үй-бүлөсүндө да орун алды. Ырчы 7-октябрда көз жарып, үчүнчү кызын жарыкка алып келди. Операция жолу менен көз жарган ырчынын наристеси 3 килограмм 300 грамм салмакта төрөлдү. Жолдошу Урмат учурда ымыркайдын жана ырчынын ден соолугу жакшы экенин билдирди.