Рэп ырчысы Добр татына бийкеч менен түшкөн сүрөттөрүн социалдык баракчасына байма-бай жүктөп жаткан кези. Экөөнүн сүрөттөрүнөн алардын киного чогуу барганын, бирге сейилдеп жүрүшкөнүн байкаса болот. Анан да романтик ырчы мырза селкинин кучагын гүлгө толтуруптур.
Мындан улам Добр сүйүктүүсүн таптыбы деген суроо жаралып, байланышканыбызда: «Ооба, менин жүрөгүм бош эмес. Сүйүктүүмдүн аты Жибек, 22 жашта. Экөөбүз жарым жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрөбүз. Үйлөнүү той буюрган күнү болот»,- деген жообун узатты. Эмне демекчибиз, сүйүү кемесинде сүзүп жүргөн эки жашка бакыт каалайбыз.