Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 16-июнда Австралияга каршы оюнда орун алган эреже бузуулар үчүн Кыргызстандын Футбол федерациясын 28 миң доллар айыпка жыкты. Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын вице-президенти Асылбек Кадралиев билдиргендей, ФИФА кыргыз футболчуларынын Австралияга каршы беттешинде катталган 3 факт боюнча: стадионго кирген элдин саны чектен ашкандыгы, трибунада файердин (пиротехникалык сигнал берүүчү каражат) күйгүзүлгөнү жана күйөрмандын майданга чуркап чыгып кеткенине байланыштуу ушундай чара көргөн. Эми федерация ошол тартип бузгандар менен соттошмокчу.
«ФИФА биз үчүн катуу эскертүү берди. Эгерде кийинки оюндарда бул көрүнүштөр кайталанса, анда биздин курама командага автоматтык түрдө жеңилүү жазылат же күйөрмандары жок ойноого мажбур болобуз. Андыктан мурунку каталарыбызды эске алып, Тажикстан жана Бангладеш менен болчу оюндарга тийиштүү деңгээлде даярдандык. Футбол күйөрмандарын улуттук курама командабызды колдоо менен бирге тартипти сактоого чакырабыз»,- деди Асылбек Кадралиев.