ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

ИНТЕРНЕТТЕ
Верификация
– текшерүү же далилденген дегенди түшүндүрөт. Социалдык тармактарда кандай багытта колдонуларын карап көрөлү. Интернетке атактуу адамдар да киришет. Көп учурда ошол атактуулардын бир эле социалдык тармакта бир канча аккаунттары болот. Мисалы, футболчу Криштиану Роналдунун ысымына жашырынган көп эле башка колдонуучулар бар. Кимиси чыныгы Роналду экенин аныктоодо дал ушул верификация жардамга келет. Верификациядан өткөн колдонуучулардын баракчасында аты-жөнүнүн жанына атайын белги («галочка» же жылдызча) коюлган. Өкмөт башчы Темир Сариевдин Твиттерде, экс-премьер Өмүрбек Бабановдун Фейсбукта верификациядан өткөн аккаунттары бар.

КҮНҮМДҮК ЖАШООДО
Бейби-слинг
– бул ымыркайды же 2 жашка чейинки наристени ыңгайлуу көтөрүүгө ылайыкталган жөнөкөй пайдалуу буюм. Англис тилиндеги "baby" (наристе) жана "to sling" (ийинге артуу) деген сөздөрүнөн келип чыккан. Көчөлөрдөн жаш апалардын ымыркайларын кездемеге ороп, аны ийинине артып көтөрүп алганын байкап калабыз. Жок, «кенгурунун чөнтөгү» (кенгурушка) аталган башка буюм менен алмаштырбаңыз. Бейби-слингди ымыркай жаңы төрөлгөндөн тарта пайдаланууга болот. Жумшак, кооздолгон кездеме ийинге арта салынып, ымыркай жатууга ылайыкталган боштук пайда болот. Анан калса балада атасы же апасы кол менен көтөрүп жүргөндөй сезим пайда болот.

КЕСИП ЖААТЫНДА
Фрилансер
– бул сөз эң биринчи жазуучу Вальтер Скоттун «Айвенго» деген чыгармасында колдонулуп, анда бул «жалданып иштеген аскер» деген мааниде болгон. Кыргызчага сөзмө-сөз которгондо «эркин найзакер» дегенди түшүндүрөт.
Фрилансер – өз үйүнө отуруп алып, бир эле учурда бир нече ишканага иштей алган адам. Ал кайсы бир компаниянын штатына кирип, дайыма иштебейт. Жумушту адатта интернет аркылуу табат. Фрилансерлер көбүнчө журналистикада, архитектурада, дизайн, жарнама, фото-видео тартуу тармактарында иш алып барышат. Азырынча Европа, Орусия жана Кыргызстанда деле кеңири жайылууда.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jypar.i
2015-10-15 18:13:32
Мага фрилансер болуп иштегим келетабдан жакты. Үйдөн эле тексттерди оңдоп, кээ бир учурда орусчадан кыргызчага которуп иштегим келет
0
№ 675, 9-октябрь-15-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан