ОВЕРДРАФТ –АЙЛЫК АКЫНЫН ЭСЕБИНЕН БЕРИЛҮҮЧҮ НАСЫЯ

Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук Банктын алдыга койгон приоритеттүү тапшырмаларынын бири – өлкөбүздөгү нак эмес төлөм жүргүзүүнү жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук Банк акчанын жүгүртүлүшүн натыйжалуу уюштуруу үчүн 2012-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын нак эмес төлөм жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча иш-чаралардын мамлекеттик программасын кабыл алган. Бул ирет биз коммерциялык банктар өздөрүнүн кардарларына сунуш кылуучу жана айлык акынын алкагындагы долбоорго жараша кыска мөөнөттүү кредит алууга шарт түзүүчү овердрафт тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын ишин анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Салтанат Ибрагимова менен маектештик.

– Саламатсызбы?! Алгач овердрафт тууралуу түшүндүрө кетсеңиз. Ал эмне жана кандай учурда колдонулат?
-Cаламатчылык! Турмушта көпчүлүк эле адамдарда айлык акы же аванстын жакын арада берилерин билип, бирок акчаны бүгүн табууга муктаж болгон учурлар болсо керек. Айрыкча ыкчам акча табуу талап кылынган учурлар бар. Мына дал ушундай учурда овердрафтты колдонсо болот.
Овердрафт – бул банк кардарынын эсебиндеги суммадан ашыгыраак төлөм жүргүзүүгө мүмкүндүк берүү дегенди түшүндүрөт. Эрежеге жараша ал каражат кардардын айлык акысынан ашпоосу шарт. Мындайча айтканда, овердрафт түшүнүгүн кыска мөөнөттүү насыя катары кабыл алсак болот. Классикалык карыз акчадан анын негизги айырмасы – бул арыз жазып, толтура документтердин пакетин даярдоону жана башка аракеттерди талап кылуучу атайын берилүүчү насыя эмес. Мисалы, банктын кардарынын ай сайын айлык акысы түшүп туруучу кадимки дебеттик айлык акы картасы бар дейли. Мындай картанын ээси “өзүнүн акчасына” гана ишенет. Анткени карта кредиттик эмес, 100 пайызга дебеттик. Бирок акыркы кездерде убакыт өткөн сайын “кемитүүгө кетүү” үчүн банктар мындай карталарга өтө чоң эмес овердрафт жүргүзүүнү сунуштайт. Овердрафт өз кардарларын карыз каражатты талап кылуунун жоктугу жана ырастоонун жөнөкөйлүгү менен өзүнө тартып турат.

– Овердрафтты колдонуудан мурда кандай шарттарга көңүл буруу керек?
-Уюмдун кызматкерлерине айлык акынын алкагындагы долбоордун негизинде овердрафтты берүү үчүн коммерциялык банк ал уюм менен карта ээлеринин кредитинин параметрлери жана шарттары боюнча келишим түзөт. Параметрлер банк тарабынан ар бир кызматкерге өзүнүн айлык акысына жараша же уюмдун бардык өкүлдөрүнө бирдей аныкталышы мүмкүн.
Кардардын эсебин насыялоо банктык эсеп боюнча келишимде каралган убакта гана овердрафт жүргүзүлүшү мүмкүн. Келишимге кошумча коммерциялык банктар менен кредиттик келишим же макулдашуу түзүп, ал жерде насыя алуунун жана андан кутулуунун негизги шарттары жана алуу үчүн максималдуу көлөмү менен мөөнөтү такталат.

– Овердрафт боюнча кандай чектөөлөр жана мөөнөт каралган?
-Кардардын банктык же учурдагы эсебинде акча каражаты тартыш же жокко эсе болгон учурда, насыя берүү аныкталган лимитке же чектөөгө жараша жүргүзүлөт. Овердрафт боюнча лимит кардардын төлөм жүргүзүү үчүн акча каражатына болгон муктаждыгына жараша аныкталат. Ал үчүн карыз алуучунун жеке өзгөчөлүгү жана насыяны убагында кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү эске алынат.
Көбүнчө овердрафт дебет карталар боюнча орточо айлыктын келип түшүүчү көлөмү менен аныкталат. Мисалы, айлык акынын картасы менен берилүүчү овердрафт карта ээсинин ай сайын алган айлыгынан бир аз кем болот. Бул овердрафтты колдонуу менен кийинки айлык акынын “кемчилигин”, анын ичинде овердрафтка карата эсептелген пайыздарды дагы жабууга шарт түзүү үчүн жүргүзүлөт. Овердрафт түрүндөгү насыя кардардын акча каражатына карата кыска мөөнөттүү муктаждыктарын жабуу үчүн берилгендиктен, ар бир колдонулган насыяны колдонуунун мөөнөтү 15 күндөн 30 күнгө чейин созулат.

– Овердрафттан жана анын пайыздарынан кутулуу кандай жол менен ишке ашат?
-Эреже боюнча овердрафт жана ал үчүн топтолгон пайыздардан тийиштүү мөөнөт ичинде кутулуу картанын ээсинин кезектеги банктык эсебине келип түшкөн кирешесине жараша жүргүзүлөт. Акчаны эсептеп чыгуу автоматтык түрдө ишке ашат. Овердрафттан пайдалануу боюнча пайыздар карызга алынган сумманын негизинде ишке ашат.

– Аны колдонууда кайсы негизги эрежелерге жана өзгөчөлүктөргө көңүл буруу керек?
-Овердрафттын негизги жетишкендиги – жеке жактарга, ар кандай кыска мөөнөттүү максаттарга жетүү үчүн бир эмес, бир нече ирет “карыз” алууга мүмкүндүк берүүсүндө. Ал үчүн документтерди топтоп, каражат кандай максатка жумшалары туурасында отчёт жазуунун кажети жок. Мындан сырткары эсеп автоматтык түрдө ссуда сыяктуу толукталып, пайыздар төлөнүп, кардар ашыкча убараланбай эле кезектеги карызды алууга шарт түзүлүп турат. Насыя жана анын пайыздары төлөнүп бүтөрү менен кардар кезектеги насыяны ала алат. Башкача айтканда, овердрафт лимитиндеги сумманын чегинде банктык кредиттик каражатты колдонууга шарт түзүлөт. Ошондой эле жашыруун комиссиянын жана башка төлөмдөрдүн катышуусу жок насыяны колдонууга болорун белгилей кетүү керек. Эрежелерди туура жана кылдат колдонуу менен, “ашыкча” карыз же карыз болууну өнөкөткө айлантып албаса жана өз убагында негизги сумманы төгүп турса, овердрафт – күнүмдүк турмушта керектелүүчү жарандардын муктаждыктарын канааттандырган эң ыңгайлуу карыз алуучу инструмент болуп бере алат.

– Овердрафт айлык акы долбоорунун терс жактары барбы? Болсо кандай?
-Овердрафтты колдонуунун эң башкы кемчилиги деп ага каралган жогорку үстөк пайыздарды айтсак болот. Ошол эле учурда башка жагынан карап көрө турган болсок, овердрафт насыясын колдонуунун кымбаттыгы сизди сак болууга чакырып, башка бирөөнүн акчасын коротуп жатасың деп белги берип турат. Канткен менен кайсы бир кардарларга овердрафт жагат, дагы бирөөлөргө жакпайт. Жакшы жери бардыгыбыздын алдыбызда азыр республикабыздагы коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер тарабынан сунушталуучу насыянын жана финансылык инструменттин ар кандай түрлөрүн тандоого болот.
Дагы бир ирет овердрафт Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ыңгайлуу жана заманбап финансылык инструмент болуп саналарын белгилей кетмекчибиз. Бирок муну колдонууда дайыма овердрафт карыз алуучу тарабынан сактыкты жана кылдат мамилени талап кыларын эстен чыгарбашыбыз керек. Ошондуктан кирешени жана чыгашаны так эсептеп чыгып, өздүк бюджет менен акчалай булактарды туура пландап алуу зарыл. Анткени сиздин кийинки айга каралган айлык акыңыздын негизинде овердрафт боюнча карыз акча кармалып калат.
Овердрафт кадимки насыядан эркин тандоо сунуштоосу менен айырмаланат: аны толук, бөлүп же такыр эле колдонбой коюуга болот жана кысталыш кезде тийиштүү акчанын запасы сакталуу турарын эске салып турат. Адистердин пикирине таянсак, овердрафт кардар менен банктын ортосунда ишенимдүү байланышты бекемдейт. Ошондуктан кыска мөөнөттүн ичинде бул банктык кызмат көрсөтүүгө карата суроо-талап өсүшү күтүлүүдө.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Ago
2015-10-12 16:10:18
Керектуу маалымат берсе болмок канча пайыздан канча суммага чейин алса болмок дегендей.
0
Jaz3
2015-10-13 01:46:36
негизи карыз албоого аракет жасоо керек бул пайызы ото жогору дагы дагы жогору карыз айтарым албай эле койгула
0
№ 675, 9-октябрь-15-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан