ЭРКЕК БИР СЫНСА КАТУУ СЫНАТ ТУРБАЙБЫ

Алай-дүлөй, чыбырчык эсим менен айыл ичи дүрбөлөң эле болуп калганын сезип турдум. Мага жашоо, дүнүйө, жадакалса балдарым дагы бир тыйын болуп дүйнөм сокурлукка айланды. Эки колума кишен салып алып жөнөштү. Көчөгө чыкканымда жаалданган көздөр мени карап турганын көрүп турдум. Алардын жүзүнө караганым менен, кимдер экенин деле элес алганым жок.
– Чын эле өлтүрүп коюптурбу?
– Ооба, Салима Касымды жиликтеп салыптыр.
– Ошон үчүн кишен салып алып кетип баратпайбы.
– Кантип ушул иш аялдын колунан келсин?
– Билбейм. Салиманын да жанына баткан го...
Ушул сөздөр кулагыма даана угулуп жатты. Менин бул күндөргө туш келгеним, күйөөмдү жиликтеп өлтүргөнүмдүн учугу тээ алыстарга барып такалат.
Касымдын өзү үчүн гана эмес, эли-жери үчүн иштеп Ата Мекенине кызмат кылсам деген дымагы күч эле. Эмнегедир жолу болбой туруп алды. Кудайга жалынып, тогуз токоч жасап, кан чыгарып деле жаттык. Бир ишти баштоо үчүн долбоорлору жазылган кагаздарын көтөрүп акимге чуркайт же башка бир чоңго жөнөйт. Кечинде башын жерге салып шылкыйып келип калат. "Эмне болду?"- десем, "баланча жерге бар деди, буга булар уруксат бере алышпайт экен",- дейт. "Ушул долбоорлоруңду таштап эле, экономист кесибиң менен бир жерге кирип алсаңчы",-дейм, ал болсо "Жок, болбойт, менин өзүнчө атым чыгышы керек, бирөөгө жалданып иштебейм. Көрөсүң, акыр түбү бул иштердин аягына чыгам",- деп турар эле.
Азыр ойлосом, Касымда убагында баары болгон экен. Өң-келбет, акыл-эс, алыска ой-жүгүртө билүү, бир нерсени ойлоп табуучулук. Бирок тагдыр ага дайыма эшигин жаап туруп алды. Бул да бекеринен болгон жок го дейм. Менин ордумду тартып алып койбосун деп Касымдын дымагынан, иш-билги даанышмандыгынан алдын ала эле сестенишип, анча-мынча ичи тарлар жолун буудуруп койгонбу деп да ойлоп кетем. Болбосо бир эшик жабылса, экинчи эшик ачылат эле го. Кантип эле баары кулпуланып калсын? Ошону менен анын бир да иши жылбай, маанайын көтөрүш үчүн арак ичип коймой өнөр таап алды. Анысы бара-бара адатка айланды.
Эркек бир сынса катуу сынат окшобойбу, анда бул максатым аткарылбай калды деп башка багытка жан дүйнөсүн арноо болгон жок. Ичкиликке берилип кетишин айрымдар менден да көрүп жүрүштү. Бирок ал башынан ашкан амбицияларынын курмандыгы болгонун эч ким билбейт. Аким болом, анан депутат деген ой-максаттары биринин артынан экинчиси талкаланып, таманында тепселип калганын жакындарынан башка ким билмек эле. Арактан арачалай албай жүрүп менин да тилим узарды.
Күйөөмдүн кылыктары, сүйлөгөнү, ойлонгону канымды кайнатып турчу. Эскилиги жеткен кыялдарынын четин жүзөгө ашырып калуу үчүн болсо керек, майда балдарга өзүн бек дедиртип, ураан чакыртууну ойлоп тапты.
– Бек келатат, бек келатат, көрбөй калдым, укпай калдым дебегиле! Мен келатам,- деген анын өктөм үнү көчөдө ойноп жүргөн балдарды жардана каратса, айрымдар короосунан чуркап чыгып Касымды утурлай жүгүрүшчү. Ал чөнтөгүнөн, баштыгынан ар түрдүү таттууларды алып чыгып балдарды көздөй чачып кирер эле.
– Алып кел дейм, сен көп алдың.
– Жок, мен кечээ бирди эле алгам, бүгүн көп жешим керек.
Касым дүкөнүмдөн алып кеткен момпосуйларды балдарга ушинтип чачып калат. Анын иши момпосуй таратуу менен эле бүтүп калчу эмес. Ошол күнкү арактын планын аткаруу, анан үйгө бөтөлкөлөш досторун, үй-жайсыз көчөдө калгандарды ээрчитип келүү. Мындай көрүнүштү мас болгон сайын жасачу. Тагыраагы, күндөгү көрүнүш.
Дүкөн ачып алгам. Дүкөнүмдө азык-түлүктөн тарта кийим-кечеге чейин бардык керектүүлөр бар. Кошуналар айылдын борборуна барбай деле калышкан. Бирок тапкан-ташыганымдын баары күйөөмдүн ичкилигине, көчөдөгү балдарга чачылган момпосуйга кетчү. Бербейм десем жаңжал чыгып, аягы милиция кызматкерлеринин аралашуусу менен бүтчү.
Өзүмдүн да, анын да жашоосуна чекит койчу күнү күйөө сөрөй адаттагысындай мас болуп келди. Өзү жалгыз эмес, үй-жайсыз көчөдө калган аялдардын бирин жетелей келиптир. Баарынан да күйгөнүм, чогуу жатып алышты. Чогуу ичкендерин көрчүмүн, бирок мындайга барат деп ойлогон эмесмин. Анан өзүмдү башкара албай калдым. Колума тийген бычак менен Касымды туш келди уруп кириптирмин, ушунча жыл жыйган ызамды ушинтип чыгардым окшойт. Эсиме келсем чачтарым саксайып, жердин баары канжалап жатыптыр. Кан көргөнгөбү, көзүмдөн бир да тоголок жаш чыккан жок. Анан өзүм милиция кызматкерлерине телефон чалдым...
Эмнеге күйөөмдү жиликтегенге чейин барганымды билбейм. Мага ушул керек беле? Кудай берген өмүрдү Кудай гана алыш керек деген оюм кайда кетти? Бирөөнүн өмүрүн алганга укуктуу белем? Жок, албетте. Эми бармагымды кырча-кырча тиштеп отурам. Таң аткандан көзүм жумулгуча Касымдан да, Кудайдан да кечирим сурайм, андан башка аргам барбы?   

Салима

Сүйүн Кулматова
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
gulia90
2015-10-12 09:37:28
Бул чыгарма, куйоосун жиликтеген келин жонундо жазылгандай болуп кетти.((((
+4
Nurik.180212
2015-10-12 09:48:59
Ооба туура айтасын гуля
+1
Pantherka
2015-10-12 09:49:34
Эх аянычтуу, жеткирди да (((((((
0
Kunbeken
2015-10-12 09:53:50
Окунучтуу. Акылдуу жап жакшына аялдай(жазгандарына караганда). Арактын(атын очкур), кызуу кандуулуктун "пайдасы".
0
kanyshaikg
2015-10-12 10:06:31
Куйоосун жиликтеген аял жазган экен деп да ойлоп кетет экенсин. Чыгарма экен да
+3
rahali
2015-10-12 10:36:30
Келечекте эмне кутуп турганын эч ким билбейт
0
admin_superstan
2015-10-12 11:07:54
Chynyshka, сын-пикирлерди тиешелүү дарекке жөнөтүңүз! Эскертүү!
0
nuriyaeljan
2015-10-13 00:30:56
admin_superstan,коммент жазсам кетпей жатат го банга кирген жокмунбуу
-2
admin_superstan
2015-10-13 10:59:20
nuriyaeljan, БАНга кеткен болсоңуз, комментарий жаза албайт болчусуз. Сиздин жазып жөнөткөн билдирүүңүз - комментарий.
+1
№ 675, 9-октябрь-15-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан