Эрмек Мойдунов, Кыргыз Эл артисти: «АТА-ЭНЕ МЭЭРИМИНЕ ТОЙБОЙ КАЛГАНЫМА АРМАН КЫЛАМ»

«...Асыл энем, таалайым сенсиң энем,
Жыргалым сен, бакытым сен,
Сүйүктүү менин энем...» Бул кайрыкты укканда эле Эл артисти Эрмек Мойдунов эске түшөт. Ырчы «эне мээримин көрбөсөм да «Эне жөнүндөгү балладада» апамды, бүткүл аялзатын даңктап ырдадым» деп айткан эле. Ырдаса сахнаны, сүйлөсө сөздү, күлсө күлкүнү көркүнө чыгарган Эрмек агай 17-сентябрда күтүүсүздөн жарык дүйнө менен кош айтышты. Жакындары, кесиптештери 19-сентябрь күнү ырчыны өзү көп жылдар бою иштеген филармониядан
акыркы сапарга узатышты.

МОЙДУНОВ АСЫЛ ЭНЕСИН ИЗДЕП КЕТТИ
Аны акыркы сапарга узатууга келгендер «ооба, жакшы адам эле, ак көңүл, шайыр киши болчу» деп эскерип жатышты. Табытты көтөрүп баратканда өзү аткарган «Эне жөнүндөгү баллада» жаңырып турду. «Боорум, ой» деп ыйлаган кесиптештеринин ыйын ак жамгыр коштоп, жаратылыш да муңга бөлөндү. Бул тамчылар мага качандыр бир кезде эрмегинен айрылган эненин көз жашындай туюлду. Мойдунов болсо элеси менен мээримине тойбогон апасын издеп аркы дүйнөгө кеткендей болду.

ЖЕТИЛГЕН ЖЕТИМ
Эрмек Мойдунов 1944-жылы 10-августта Кара-Суу районунун Жапалак айылында туулган. Ал 5 жашка чыкканда ата-энеси бирдей каза болуп, Куршабдагы балдар үйүндө чоңоёт. Ал балалыгы тууралуу мындайча эскерген эле: «Баладай болуп апама эркелеп, атам экөөнүн артынан конокко ээрчип, моюндарына асыла албадым. Менде бир тууган да, арка-бел тутар таяке-жээн же башка жакын тууган да болгон жок». Ырчы 12 жашында Токмоктогу кесиптик окуу жайга тапшырып билимин улантат. 1962-жылдан тартып Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда билим алып баштайт. Андан соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна өткөн.
Анын эмгек жолу Чоро Кожомжаров жетекчилик кылган эстрадалык топто ырдоодон башталып, кийин Асанкан Жумакматов жетекчилик кылган Карамолдо Орозов атындагы Эл аспаптар оркестрине чакырылат. Жалпысынан Кыргыз улуттук филармониясында 35 жыл үзүрлүү эмгектенип, Эл артисти деген наамга арзыган.
Анын аткаруусундагы «Эне жөнүндө баллада», «Сары-Челек», «Күйдүм чок», «Эжейлерим, агайым», «Сен менин жазылбаган ырларымсың», «Сары ой» жана башка эл жүрөгүндө түбөлүккө ырдалчу чыгармалары калды.

АТАН ӨЛСӨ ТАЙЛАК БАР, КОМУ ЖЕРДЕ КАЛГАН ЖОК
Ырчынын Мэлур, Эртур аттуу эки уулу бар. Асыл киши кыздуу болбогонуна ичи ачышып, «Кызым болсо кана. Кемпирим экөөбүз тең өкүнүп калабыз, айрыкча алтымыштан ашканда кыздын жогу оркоюп көрүнүп калат экен. Айрымдарга Кудай күргүштөтүп байлык берип, бала бербей коёт экен. Кээ бирөөгө уул берсе, кыз бербейт дегендей» деп айтып калчу.

Жаркын Балыкбаева, жубайы: «ООРУДУМ, КАРЫДЫМ ДЕП ДАТТАНЧУ ЭМЕС»
– Эрмек экөөбүз 42 жыл чогуу жашадык. Ортобузда 2 уулубуз, эркелетер 2 неберебиз бар. Эрмек менен Токмокто окуп жатканда таанышкам. Кийин Ташкенттен театралдык окуу жайды аяктап келсем, «Мойдунов, Мойдунов» болуп элге алынып калган экен. Кайрадан чыгармачылык жолубуз бир болуп, ал филармонияда, мен театрда иштеп калдым. Бир күнү мага «Женя (мени эркелетип ушинтип кайрылчу), конокко барып келели» деп ээрчитип алды. Бизди коноктогон досу «ушул кызды алып кал, болбосо сага катын түтпөйт» деп тамашалап калды. Көп өтпөй чын эле экөөбүз баш коштук. Дүңгүрөтүп той бериш кайдан, жолдошумдун күйүмдүү тууганы же ата-энеси болбосо. Жапалакка барып бир кой союп аксакалдардан бата алып келдик да, жатаканада жашап калдык.
Эрмектин мүнөзү башкача болчу. Ичине сыр сактай алчу эмес. Театралдык окуу жайда мугалим болуп иштеп жатканымда Казакстанга барып калдык. Окуу жайдын жетекчиси Галина Ибраева «таруу ала кел» деп дайындаган. Келгенден кийин тарууга каймак кошуп даярдап, үйдөн чыгып жатканда ага «эч кимге айтпа, Жаркында таруу бар деп айтып салчу элең» деп жакшы эле эскерткем. Окуу жайга баргандан кийин «Женя, жанагы тарууңдан мугалимдерге да ооз тийгиз» деп айтып салды. Ачуум келип «кайсы тарууну айтып жатасың?» десем, «и-ий, аны сен айтпа дебедиң беле» деп күлүп кутулган эле. Үйгө келгенде күйүп-бышып Эрмекке «сенде сыр сактоо деген болобу?» деп урушсам, «мен сыр тута албайм, ичиме батпайт» деп койчу (жашып).
Аны жоготуу мен үчүн аскар тоом кулагандан да жаман болду. Ал "оорудум, карыдым, бул жерим минтип-тигинтип жатат" деп такыр даттанчу эмес. Каза болор күнү мени эртең менен Ысык-Көлгө узатып жатып адатынча бетимден өөп ак жол каалаган. «Мени менен жок дегенде 5 күн эс алып келчи» десем, көнгөн жок. Көлгө жаңы эле жетип, кийимдерибизди алмаштырып отурсак балам телефон чалып, «атам жыгылып калды, келиңиз» деди, «жыгылса турат, эртең барам» деп койдум. Аны өлүп калат деп ким ойлоптур (үшкүрүп). Жанымдагы сиңдим телефонду алып сүйлөшүп, «эже, кетели, батыраак баралы» деп безилдеп жиберди. Шаарга келгенче жүрөгүм уйгу-туйгу болуп жеткенче шаштым. Келсем эшиктин алдында балдарым калпак кийип ыйлап турушуптур. Ошондо тирегимден, теңимден айрылганымды билдим. Көрсө, Эрмегим Спорт Ордосунда бильярд ойноп жатып мерт кетиптир. Чогуу бильярд ойноп жаткандар «байкени эс алып алыңыз десек болбой койду, бир аздан кийин столго отуруп оозунан ак көбүк чыгып жан берди» деп айтышыптыр.

Алтынбек Сапаралиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «БИР ГАНА АРМАНЫМ БАР ДЕЧҮ»
– Эрмек экөөбүз чыгармачылык жактан гана жакын болбостон, 31 жыл кошуна болуп жашадык. Кечке жуук сыртка чыгып сүйлөшүп калганыбызда «Алтынбек, турмушта бардык нерсеге жеттим. Өмүрлүк жар күтүп, эки уулдуу болдум. Баарына Кудайга шүгүр кылам. Бирок бала кезден берки бир гана арманым бар. Мен ата-эне мээримине тойбой калдым. Эне мээрими, ата камкордугуна суусап жашап келем» деп айтып калчу эле

 

Төлөгөн Сарыбаев, балдар үйүндө чогуу өскөн досу: «ЭРМЕК ЫРДАГАНДА МЕН ЫЙЛАЧУМУН»
– Эрмек «Эне тууралуу баллада» деген ырды ырдап чыкканда угуп алып ыйлаганым эсимден кетпейт. Эрмекке «менин апам тууралуу ырдайсың, сен ырдап жатканда мен дайыма ыйлайм» десем, «мен бардык энелерди даңктап ырдайм, атанын орду башка, эне мээримине эч нерсе жетпейт. Энелүү жетим болбойт» деп айтчу (жашып). Башынан кыйын күндөр өттү. Ошентсе да сынбай, ак эмгеги менен ийгиликти багындырган инсан болду.

Ырчы чыгарманы жүрөгү менен аткарчу

Султан Төрөбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
melante
2015-10-12 22:28:49
Жаткан жери жайлуу болсун!!!Агайды жакшы тааныбайт окшойм же корсом тааныймынбы?Бирок ырды окуп атып дароо ырдап кеттим го.
0
jon.as
2015-10-14 05:36:03
((( Жаткан жери жайлуу болсун!
0
Komrad
2015-10-14 16:47:58
Медиа Порталда ырлары жок экен.
0
Oke
2015-10-14 20:12:03
мин ыры менен жылдызы жанбагандар канча? Бул агай эч качан очпойт го оофф..
0
juventusmilan
2015-10-14 21:06:36
жаткан жери жайлуу болсун
0
Tynchtyk2276623
2018-01-17 21:23:32
Аллахым жайын жаннаттан кылсын
0
№ 675, 9-октябрь-15-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан