ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (12-октябрдан 18-октябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада иштер көп болот, андыктан күндөрдү кылдаттык менен пландооңуз зарыл. Оюңузду ачык жана так билдирүү менен, керектүү адамдардан жардам алууга жетишүүңүз керек. Акчаны үнөмдүү пайдаланып, жоготуп жиберүүдөн сак болуңуз. Апта аягында ызы-чуусу жок тынч жайда эс алуу кыялыңыз орундалат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Турак жай салып жаткандар долбоорунан ката кетпеси үчүн дагы бир сыйра карап, текшерүүлөрү керек. Иште керектүү демилгени биринчилерден болуп көтөрсөңүз, алкышка жана акчалай сыйлыкка татый турганыңызды эске алыңыз. Үйдөгү чырдуу абалдан оор басырыктуулук, акылмандык менен чыгыңыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Баары сиз ойлогондой болбой жаткандай сезимдер ээлеп алат. Себеби эмнеде экенин анализдеп көрүңүз. Жаңы идея, долбооруңуз ичтен бышмайынча баштабай туруңуз. Катачылыктар кетиши мүмкүн. Чарба ишинде улам артка жылдырып келе жаткан маселелерди бүткөрүп, эс алып каласыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жашооңузду өзгөрткүңүз келген кыялыңыз сизди жаңы кампанияга туш кылат. Алардын таасири астында жаңы хобби табууңуз да ыктымал. Апта ортосунда жаралган мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбасаңыз, чөнтөгүңүздү кампайтууга жетишесиз. Апта аягында мал, кыймылсыз мүлк, эмерек сатуу-алуу ийгиликтүү болот.


АРСТАН (23.07-23.08)
Апта маанайлардын кескин өзгөрүүсү, иштеги атаандаштык, үй-бүлө мүчөлөрүнүн майда чырлары менен башталат. Адилеттик үчүн күрөшүүңүздөн майнап чыксын десеңиз, өз оюңузду далилдей алууңуз кажет. Апта аягында чөйрөдөгүлөр сизден чечкиндүү кадамдарды күтүшөт. Эмне кылуу керектигин так ойлонуштурууңуз кажет.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Дүйшөмбү – чыңалып иштөөчү күн. Сөз көбөйбөсүн десеңиз, бирөөлөрдүн чырына аралашпаңыз. Шейшемби, шаршемби – активдүүлүктү, жаңы идеяларды сунуштоочу күндөр. Аракет кылсаңыз, жетекчилик эмгегиңизди баалайт. Эс алуу күндөрү достор менен чер жаза баарлашасыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Өнөкөт оорулар козголбошу үчүн майлуу тамактарды, таттууларды азайтуу керек дешет жылдыздар. Дүйшөмбүдө
убактыңыздын көбү жолдо өтөт. Жума күнү бирөөлөргө убада бербеңиз, аткара албай калып ишеничтен чыгууңуз ыктымал. Жекшембиде үйгө керектүү буюм сатып аласыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Саякатка же кечелерге чакыруулар болушу мүмкүн. Ойлонбой макул боло бериңиз, аягы жаман болбойт. Туугандарыңыздын кебине кулак салсаңыз пайдасын көрөсүз. Айрымдардын айлык акысы көтөрүлөт же кызмат ордунан көтөрүлүшөт. Апта соңунда жеке жашооңузга байланышкан чечим кабыл алууңуз күтүлүүдө.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Теориядан тажрыйбага өтүү кези келди. Эгер курстардан окуу тилеги болсо, тапшырыңыз. Кээ бирөөлөргө жаңы ишке которулуу сунушу түшөт, жакшылап ойлонушпаса, жаңылып калуулары ыктымал. Үй-бүлөлүүлөр күмөндүү көңүл ачуулардан баш тартышпаса, узакка уланган чырдын себепкери болуп калышат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада айрым бойдоктор сүйүктүүсү менен нике сарайынын босогосун аттоо кыялын ишке ашырышат. Апта ортосунда жакындарыңыздын бири туура эмес ишиңиз үчүн сындашы мүмкүн. Үй-бүлөлүк сырлар ачыкка чыгып кетпеши үчүн жекшембиде бирөөлөргө ички дүйнөңүздү ишенип ача көрбөңүз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Кайсы иш менен алектенбеңиз, апта бою таарынтып алган жакыныңыз оюңуздан чыкпайт. Убакыттын көп бөлүгүн үйдөн сырткары өткөзүү сунушталат. Мисалы, көргөзмөгө баруу, кечеге катышуу дегендей. Ал жактан көз карашыңыздар төп келген адамдарга жолугушуңуз ыктымал.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Жашооңуздагы катачылыктардан жыйынтык чыгарыңыз да, өткөндөрдү унутуңуз. Энергияңызды пайдалуу иштерге жумшаңыз. Бойдоктор өздөрүнө жаккан адамга ички сезимин билдирип, оң жооп ала алышат. Үй-бүлөдө балдарга көңүл буруу жана каражат жумшоо керектелет. Апта кышка камылга көрүү менен аяктайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 675, 9-октябрь-15-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан