ЫСЫК ШОРПО ИЧИҢИЗ

КЕРЕКТҮҮ АЗЫКТАР:
Уй эти
– 1 килограмм (300 граммы сөөк)
Сабиз – 1 даана
Болгар калемпири – 1 даана
Пияз – 1 даана
Лавр жалбырагы – 2-3 даана
Кара тоголок мурч – 6-8 даана
Петрушка – 1 боо
Сүт – 100 грамм
Жумуртка – 1 даана
Ун – 3 аш кашык
Каймак май (сливочное масло) – 30 грамм
Татымына жараша туз

  1. Майда бөлүктөргө бөлүнгөн этти, даамы чыгышы үчүн сөөктү кошо мискейге салып, үстүн көмдүрө муздак суу куябыз.
  2. Отко коюп, шорпо тунук болушу үчүн эттин үстүндөгү көбүгүн калпып алып турабыз. Шорпо кайнап чыкканда отту жайлатабыз. 1 сааттан кийин туз, мурч, лавр жалбырагын, жуулуп-тазаланган болгар калемпирин, пиязды, петрушканы, сабизди кесек-кесек кылып туурап шорпого салабыз. Шорпо жай отто дагы бир саат кайнашы керек.
  3. Каймак майды эритип, ага сүт, жумуртка, ун, бир чымчым туз кошуп аралаштырабыз. Көмөч казанга 5-6 тамчы май куюп ысытып, жука блинчик бышыруу керек.
  4.  Блинчикти ороп, туурасынан кесебиз.
  5. Идишке бышкан шорпону жашылчалары, эти менен куюп, үстүнө блинчиктен 5-6ны салып коёбуз. «Панадель» шорпосу даяр.

БРОКОЛЛИ ШОРПОСУ

КЕРЕКТҮҮ АЗЫКТАР:
Тоок эти
– 600 грамм
Пияз – 1 даана
Сабиз – 1 даана
Картошка – 2-3 даана
Брокколи – 300-400 грамм
Консерваланган жашыл буурчак – 1 банка
Эритилген сыр – 200 грамм
Ун – 1-2 аш кашык
Каалоого жараша петрушка, көк пияз
Өсүмдүк майы –
2 аш кашык

  1. Этти мискейге салып, үстүн көмдүрө муздак суу куюп, 30 мүнөт жай отто кайнатабыз.
    Шорпо даяр болгуча жашылчаларды жууп-тазалап алабыз.
    Сабизди сүргүчтөн өткөрүп, пиязды жарым шакекче кылып туурайбыз. Көмөч казанга май куюп, алгач пиязды, андан кийин сабизди салып 5 мүнөт кууруп алабыз. 100 граммдай суу куюп, 15-20 мүнөт көмөч казандын капкагын жаап демдеп коюу керек. Андан соң унду кошуп жакшылап аралаштырабыз.
  2. Картошканы чарчы формасында туурап, эт кайнап жаткан шорпого салабыз. Көмөч казандагы куурманы да шорпого кошобуз.
  3. Картошка бышкан маалда шорпого сырды кошуу керек.
  4. Сыр толугу менен эригенде майда бөлүктөргө ажыратылган брокколи жана буурчакты кошуп аралаштырабыз.
  5. Шорпо кайнап чыкканда майдаланган көк чөптөрдү кошуп, мискейди оттон алабыз.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Boldukan86
2015-10-19 10:44:15
блинчик кошулганы жакты. жасап коройунчу
+1
Jaigz
2015-10-19 17:29:16
Жакпады блинчиги жок эле шорпо сонун болот,жакшы бышырса
+1
kobra86
2015-10-19 18:24:05
Ар кимдин табити ар башкада укканды жасап коруш керек
+3
beben
2015-10-19 19:04:32
Шорпо суйгон тамагым ...
+3
aikokul14
2015-10-19 22:04:08
Аябай шашмамында,аягына чыккыча шорпого сут кошсо тооба деп,аппетитим бузулуп атты эле.
+2
nurchik05
2015-10-19 23:09:36
aikokul14,сиз ойлогон ойду мен да ойлоп жаттым эле
0
bolsunalban
2015-10-20 03:23:23
Коруш керек экен.
+1
Ledi89
2015-10-20 19:20:04
Шорпо го аябай талгак болду го быйыл жасап коромго.
0
Jamaksana8988
2015-10-22 08:26:50
Брокколи шорпосу. Мммм
0
KASTOR KASYM
2015-10-23 01:36:46
брокколи
0
DNurgiza
2015-10-25 00:51:36
мен уйдун кабыргасынан жасалган кайнатма шорпону эле жакшы кором.
0
Maks_shop
2015-10-25 16:10:39
Блинчик эмес, Омлет ал
0
№ 676, 16-октябрь-22-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан