Волонтёрлор – өз ыктыяры менен кайтарымсыз жардам көрсөткөн адамдар. Дүйнөдө коомго пайдасы зор, колун жардамга сунганга даяр мындай адамдар Кыргызстанда да аз эмес. Бүгүн биз Кыргызстанда 4 жарым жыл жашаган америкалык волонтёр Дэвид Малана менен маектешип, өлкөбүз жөнүндө ойлорун угуп көрдүк.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү – 1982-жыл, 11-январь
Туулган жери – АКШ, Калифорния штаты, Ковина шаары
Билими – Калифорниядагы мамлекеттик политехникалык университеттин философия факультетин бүтүргөн.
Барган өлкөлөрү – Индия, Түркия, Германия, Чехия, Индонезия, Малайзия, Таиланд, Мексика, Канада, Бириккен Араб Эмираттары, Кыргызстан жана башкалар.
Максаты – Жардамга муктаж адамдарга колдоо көрсөтүү.
– Саламатсызбы, Дэвид? Кыргызстанга качан волонтёр болуп келдиңиз эле?
– Саламатчылык! Кыргызстанга 2010-жылдын апрель айында баргам. Мен баргандан бир жума өтпөй Апрель окуясы башталып кетти. Тынчтык корпусунун волонтёрлору коопсуздугубуздан кабатырланып «Манас» аэропортунда жайгашкан транзиттик борборго эвакуацияландык. Ошондо бизди кайра Америкага жөнөтөт го деп капа болгон элем. Чынын айтсам, абдан коркунучтуу мезгил болду, кээ бир волонтёрлор Америкага кайтууну чечишти, бирок биз калдык.
Абал тынчыгандан кийин мени Талас облусундагы Арал айылына бөлүштү. Таласта иштеп жатканда Июнь коогалаңы башталып, бизди дагы Бишкекке көчүрүштү. Айтор, мен Кыргызстандын тарыхында калчу бир нече окуялардын күбөсү болдум. Чынын айтсам, мени Тынчтык корпусу волонтёрлукка чакырганга чейин Кыргызстан тууралуу эч жерден уккан эмесмин. Волонтёр болууга документтеримди тапшырганда океандын жанында жайгашкан жылуу өлкөгө жөнөтүүнү сурандым эле. Алар менин оюма келбеген океандан алыс, тоолуу Кыргызстанга жиберишти. Бирок кыргыз жергесине барганыма сыймыктанам. Ал жактан жүрөгү таза адамдарды, булганбаган табиятты, айыл жашоосун көрдүм. Кыргызстанда эң көп жашаган волонтёр болдум. Азыр АКШда болсом да Кыргызстанды абдан сагынам.
– Кыргызстан сизге эмнеси менен жакты, кыргыз тилин кыйналбай эле өздөштүрдүңүзбү?
– Кыргызстандын 7 облусунда тең болдум. Учурдан пайдаланып кыргызстандыктарга Бишкек, Ысык-Көлдөн башка да жерлерге баргыла деген кеңешимди айтат элем. Анткени силерде чынында кооз жерлер көп. Башында Таласта жүргөндө мени «америкалык шпион» деп кооптонуп жүрүшкөн. Таластыктарга шпион эмес экенимди айтып, көпкө ишендире албай жүрдүм. Мага кыргыздардын меймандостугу жакты. Конокко барсаң көп тамак жешиңди суранышып, курсагыңды тойгузуп коюп кечинде жылуу төшөккө жаткырып коюшат экен. Мен мектепте мугалимдерге англис тилин үйрөтүп, окуучуларга сабак берип жаттым. Кыргыз тилин үйрөнүүмө ушул адамдар жана өзүм жашаган кыргыз үй-бүлөдөгү атам, апам жана иним жардам беришти.
– Волонтёр болуп жүрүп кандай иштерди жасадыңыз?
– Алгач англис тилчи мугалимдерге жардам бердим, келишимим узартылганда окуучуларымды тарбияладым. Алардын алдыңкылары чет өлкөлөрдө жана Бишкектеги престиждүү университеттерде окуп жатышат. Талас районундагы 9 мектепке таза суу киргиздик, ала качуу тууралуу театрлаштырылган кечелерди өткөрдүк. Мектепти өнүктүрүү, этникалык бий, стипендиялык фонддорду ачтык, мугалимдерге тренинг өткөрдүк. Кыргызстанда биринчилерден болуп Сасык-Булак айылына айпад окуу классын ачтым.
– Мүмкүнчүлүк болсо Кыргызстанда биротоло калат белеңиз?
– Азыр Америкадамын, бирок кыштын суугуна карабай жаңы жылга чейин барсамбы деп жатам. Кыргызстанда биротоло жашай аларымды азырынча айта албайм. Айылда жүргөндө кыргыз атам, апам болуп отуруп алып Америкадан кафе ачып, ал жерде апам колго чоюлган лагман жасап, атам эсепчи болуп, иним Кубан идиш-аяк жууп иштесекпи деп элестеткен күндөр болгон. Балким, ошондой кафени Таластан ачып, мен Америкадан үйрөнгөн ыкмаларымды колдонуп калармын. Кыргыздардын беш бармагы анча жаккан жок, тоок эти менен басылган аш аябай жакты. Америкада коон, тандырга бышырылган самса жок. Силерде жер-жемиштердин даамы өзгөчө даамдуу. Айтмакчы, Кыргызстанда жүргөндө өмүрүмдө биринчи жолу эчки союп көрдүм. Союп жатып байкуш эчкиден кечирим сурадым.
– Өзүңүздүн ата-энеңиз тууралуу айта кетсеңиз?
– Ата-энем 20 жашында Филиппинден АКШга иштегени келип үйлөнүп калышкан. Мен өзүмдү америкалыкмын деп эсептейм. Кыргызстанда мени кыргызга окшоштурушчу, а мен силер филиппиндиктерге окшошсуңар деп тамашалап койчумун. Алгач атам Кыргызстанга барарымды укканда жактырган эмес. Бирок кийин жасаган иштеримди көрүп сыймыктанып калды.
– Ал эми Кыргызстандагы ата-энеңизчи?
– Ал жакта узак жашап калганыма кыргыз үй-бүлөм себепкер. Алар мени чын жүрөгүнөн кабыл алышты. Башында мен аларга чай менен майды жаман көргөн, суу ичип, чоң сумка көтөрүп колунан фотоаппаратын түшүрбөгөн, жумуш эле дей берген кызыктай жигит көрүнсөм керек. Кыргыз ата-энем мага болушуп, башкалар менен урушкан күндөрү да болду. Эгер ушул маекти атам менен апам окуп жатса, сагынычтуу салам жолдойм. Апоу, сизди абдан сагындым. Мен Америкага кетип жатканда коштошуп жатып жаман болдум. Апам мени кучактап ыйлап жиберди. Атам болсо «эк, болсоңчу, азыр баланы ыйлатасың» деп жубатымыш болду, бирок өзүнүн да көзүнөн жаш чыкканын көрдүм. Мен көп иш жасасам да, мага жан дүйнөсүн ачып өз баласындай мамиле кылган кыргыз ата-энеме ыраазычылыгымды билдирип бүтө албайм. Биз жөн гана окуучу-мугалим, кесиптеш, америкалык же кыргызстандык эмес, чынында бири-бирибизге күйгөн жакын адамдардан болуп калдык.
– Маегиңизге рахмат!
Лунара Бекиева
koom@super.kg