ӨНДҮРҮШҮ ЖОК ӨЛКӨ ӨЗҮН БАГА АЛБАЙТ

«Дүйнөлүк экономикалык форум» аттуу уюмдун иликтөөсүнө таянсак, 2015-2016-жылдарга карата эл аралык базарда атаандаштыкка туруштук берүү боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң начар көрсөткүчкө ээ болду. Бул тизме кайсы өлкө эмне өндүрүп, аны канча көлөмдө башка өлкөгө экспорттой аларына карап түзүлөт. Алсак, 144 өлкөнүн ичинен Казакстан 42-орунда турса, Орусия 45-орунда. Ал эми коңшу Тажикстан 80-орунда болсо, Кыргызстан тизменин 102-катарында калган. Ал эми лидерликти чет элден инвестиция тартуу менен өндүрүш тармагы өнүккөн Швейцария, Сингапур, АКШ сыяктуу өлкөлөр ээлеген.
Аталган уюмдун иликтөөсү көрсөткөндөй, эгер Кыргызстан өндүрүштү көбөйтпөсө, эл аралык базарга чыгууга аракет кылбаса, анда атаандаштыкка туруштук бере албай калат, башкача айтканда, чет өлкөгө сата турган товары жок, акчасыз өлкөгө айланып, өнүккөн өлкөлөрдөн карыз сурап жан багып калышы мүмкүн. Алсак, учурда Кыргызстан башка өлкөгө 1 долларлык товар сатса, кайра башкалардан 3 долларлык товар сатып алууга мажбур. Мындай шартта экономиканы көтөрүү абдан оор жана өлкө үчүн кооптуу. Бирок, бактыга жараша, Кыргызстанды кен өндүрүшү сактап келе жатат. Акыркы жылдары өлкөбүздө саясий туруктуулук өкүм сүрүп, алтын кен ишканалары алдына койгон пландарын ашыгы менен аткарууга шарт түзүлдү. Алсак, Кыргызстандын ички дүң өндүрүмү 250,1 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын алгачкы 8 айына салыштырмалуу быйыл 6,8%га көбөйгөнүн Экономика министрлиги билдирет. Бул көрсөткүчтүн 2,3%ын «Кумтөр» ишканасы камсыздоого жетишип, өлкө экономикасын өргө карай түрткөн. Өндүрүш тармагындагы өндүрүмдүн көлөмү акчалай эсеп менен 8 ай ичинде 114,9 миллиард сомду түзгөн. Мындан «Кумтөрдүн» үлүшүн эсепке албасак, анда Кыргызстандагы башка өндүрүүчүлөр баары биригип 61,3 миллиард сомдук гана өндүрүм өндүрүшкөн.
2015-жылдын августуна чейин чет өлкөгө жалпы суммасы 816,6 миллион долларды түзгөн товар сатылса, анын 457,6 миллион долларын алтын түзгөн. Ал эми 36,7 миллион долларга кийим-кече, 26,1 миллионго жашылчалар сатылган.
Жогоруда көрсөтүлгөндөй, Кыргызстан эгемендикти алгандан бери эл аралык базарга эң ири көлөмдө алтынды гана алып чыгууда. Ал эми бизде жок товарды сатып алуу үчүн эл аралык базарда соода акчалай түрүндө АКШ доллары менен жүргүзүлөрүн билсеңиз керек. Ошондуктан доллардын баасы да өндүрүшкө келип такалат. Башкача айтканда, өлкө канчалык көп экспорт жасаса, ал өлкөнүн капчыгына түшкөн доллар көбөйөт жана өлкөнүн валютасы күчтөнөт.
Дүйнөдө нефтинин баасы арзандап кетип, кара алтын менен жан баккан өлкөлөрдүн экономикасы оор абалда турат. Алсак, жакынкы эле Орусиянын нефтиден тапкан кирешеси дароо азайып, ал эми доллардын баасы бүгүнкү күндө 65 рублга чыкты. Мындан байлар эмес, карапайым калк кыйналууда. Себеби доллардын баасы өссө, чет өлкөдөн товар ташып келгендер бааны көтөрүүгө мажбур. Бул айланып келип эле карапайым калктын капчыгына оорчулук жаратат. Орусия экономикасынын алсызданышы кыргызстандык мигранттар которгон акчанын агымынын азайышына да алып келди. Мындан улам Кыргызстанда дагы долларга болгон суроо-талап өсүп, кыргыз сомунун куну түштү.
Мына ушул нерсени эске алсак, Кыргызстан инвестициялык климатты жакшыртып, бир гана алтынды гана карабастан, дагы башка тармактар боюнча ишканаларды ачууга аракет кылуусу керек. Жылына өлкө казынасынын дээрлик 7%ын толтуруп жаткан өлкөбүздөгү эң ири «Кумтөр» алтын кенинде 2026-жылы иш жыйынтыкталат. Андан кийин экспортко эмнени чыгарып, эмне менен оокат кылабыз?

Абай Алыкулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Wave.
2015-10-19 10:46:52
Биздин атка минердер озунун жеке кызыкчылыгынан башканы ойлобосо, эч качан алдыга жылбайбыз. Иштейин дегендерди иштете койбой эле кыса берсе, ким келмек эле Кыргызстанга?
+1
Gulya21
2015-10-19 19:39:34
Кыргызстан учун эл учун иштегендерди олтуртуп салыштыго, атка минерлер азыр оздору учун иштеп жатышат Кыргызстанды элди бирда ойлошкон жок
+1
jaazira13
2015-12-02 15:12:20
кумтордон тушкон кирешеге ушундай ишканаларды куруп алсак туура болмок
0
№ 676, 16-октябрь-22-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан